Айбат » Кыргыз ашканасы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Кыргыз ашканасы

Кыргыз ашканасы

Калкалоочу тамактар

Калкалоочу тамактар ачкачылыктан куткаруучу же кара курсакты кампайтуучу тамак эле эмес, дене жана руханий башталыштардын симбиозу. Дене башталышы катары бул жерде тамактын өзү жана анын ингредиенттери, ал эми руханий катары– адаттар, салттар жана жалпысынан кыргыздардын маданияты эсепке алынат. Ушул эки фактордун биргелешкен таасири гана илдеттерден укмуштуу айыгууга алып келген, жоокерлерге күч жана кубат берген, аялдарды жана балдарды оорулардан сактаган. Бул тамак адамга жакшы маанай жана руханий баюу берет.

 

Ума чачы

 Бул тамактын аталышы аялдар менен балдардын коргоочусу болгон Умай эненин атынан келип чыккан. Ал атайын балдар үчүн даярдалган. Көбүнчөсү аны алсыраган, суук жеген балдарга, ошондой эле кандайдыр-бир себептерден улам эмчек эмүүдөн калган балдарга беришкен. Бул тамакты балага берип жатканда энеси: “Бул тамакты сага мен эмес, сенин дартыңды айыктыруучу Умай эне берип жатат, Бул менин колум эмес, бул Умай энеңдин колу ”, – деп баланын ооруган жерин колу менен сылаган, анан чынында эле бир аз убакыттан кийин бала жакшы болуп калган. Ума чачы энелер үчүн абалдан чыгуу болгон. Көч убагында аны кичине балдарга беришчү. Ума чачыны даярдоо үчүн унду кол менен күрүчтөн кичирээк өлчөмдөгү тоголокчолор кылып ушалашкан. Андан соң ушаланган тоголокчолорду таза кездемеге жайып, камырды бир азга тыныктырышкан. Анан аны казанга салып, сары майга куурушкан. Айрымдар койдун майына куурушат. Адатта койдун майын балага суук тийгенде колдонушат. Кээде эмчектеги балдар үчүн ума чачыны куурушпайт, кайнап жаткан сүткө салышат да 10-15 мүнөт кайнатышат. Эгер кимдир бирөөнө коюудай туюлса, суу кошуп алса болот. Эгер ымыркайга кайсы бир себептерден улам эмчек эмизишпесе, аны сүткө бышырылып, суу менен суюлтулган 9 ума чачы берип тойгузушкан. Мындай ума чачы куурулбай даярдалган, аны балдарга суюк ботко катары беришкен.

Курамы:

сүт, 0,5 литр

сары май 30-50 г

туз, кант татымына жараша Умач үчүн: буудай уну 200 г суу 50 г

Даярдоо. Кайнап жаткан сүткө умачтарды кошушкан жана 10-15 мүнөт кайнатышкан. Берердин алдында сары май куюшкан Ханазарова Бурул, Баткен областы

 

Майга көөлөнгөн буудай

Аксакалдардын айткандарына караганда, ар бир уруу жоокерлерди даярдоону жашыруун сакташкан, мунун ичинде ар бир урууда жоокерлер үчүн тамак-аштын өздүк рецепттери болгон. Баатырларга күч-кубат берүүчү эң мыкты тамак-аш болуп майга көөлөнгөн буудай эсептелинген. Бул үчүн буудайды куурушкан, майга кууруп, жоокерлерге беришкен. Мындай тамакты жөн адамдар сиңире алышпайт деп айтышчу. Ошол эзелки күндөрдөн “майга көөлөнгөн буудай менен багышкан” деген учкул сөздөр айтылып калган.

Курамы:

Буудай 700-800 г

Сары май 300 г

Даярдоо Бул үчүн буудайды куурушкан, андан кийин куурулган буудайды сары майга чалышкан. Баатырларга бул тамакты берүүдөн мурда, аны жылытып беришкен дешет. Сүйүнбаева Кайры, Алай району

 

Yлбүрчөк

Салттуу ашканада акыл менен иштелген, башкача айтканда, сүйлөп туруучу тамак-аштар да болгон. Ал жөнөкөй эмес, адамга аны көпкө коштоп жүрүүчү намыстуулукту, өзүнө ур- маттоону, жакшы маанай- ды берген тамак болгон. Бул сүйлөөчү тамактын рецептин биз Кытайдын Шаты айылында жашоо- чу кыргыздардан таптык. Ал ата-энесинен алыста жашаган балдарын то- сушканда жасалган. Адатта бул – кызы жана күйөө баласы, бирок аны менен катар эле жакын достору, ошондой эле жөн гана жакшы көргөн адамдары да болушу ыктымал.

Курамдык бөлүктөрү:

койдун жүрөк баштыгы 1 даана

майда тууралган эт 250-300 гр

куйрук май 50-100 гр туз, калемпир

Даярдалышы. Чоң койдун же музоонун жүрөгүн алып, анын сырткы кабыгын өзүнчө сыйрып алышат, анан аны абайлап үйлөп туруп, бир аз кургатышат. Эттен фарш өзүнчө даярдалган. Ага куйрук май кошуп, ченеми менен туз, калемпир-мурчтан салып аралаштырышат. Андан соң бул фарш менен жүрөк баштыгын толтурушат. Yлбүрчөктү жай күйгөн отко коюп, бир жарым-эки саат кайнатышат. Анан бир аз муздатып, өзүнчө идишке салып, жүрөк түрүндө ал багышталган адамга сый тамак катары тартышат. Бул жүрөктү алган мейманга үлбүрчөк аны баары жакшы көрүп, сыйлай турганын, аны менен жүрөктөрү жана ой-санаалары бирге экенин, ага жакшылыктарды жана кубанычтарды кааларын сүйлөп тургандай таасир берет.

 

Өзгөчө сорпо

Бул тамак Бертик суроо ырымы менен кошо даярдалып берилген. Ингредиенттерине карабастан бул өзгөчө сорпо оорулууга бутуна туруусуна жардам берген, ошондой эле бул тамакты жана бертик суроо ырымы коштогон сөздөрдүн, ырымдын күчүнө ишенүү жардам берген. Бул үрп-адат бизге ата-бабаларыбыздын алыскы жашоосунан келген. Бертик – арка-белди сыздатып ооруткан бертинип (мертинип) калуудан келип чыккан сөз. Yрп-адат боюнча мындай сыркоонун жакын тууганы үзүн сабы бар бош чөмүчтү алат да кошуна боз үйлөрдү кыдырып чыккан. Ал босогого туруп алып, анын ичине кирбестен жана көрүнбөстөн туруп, үртүктүн капталынан чөмүчтү сунган. Боз үйдөгүлөр да эч нерсе жөнүндө сурабастан үйүндө болгон азык-түлүктөрдүн жакшыларынан – эт, сүт, май ж.б. беришкен. Ошол эле учурда оорулуунун тезинен сакайып кетүүсүнө дуба кылышкан. Мына ушинтип чогултулган азык-түлүктөрдөн оорулууга өзгөчө сорпо бышырып, аны ысык бойдон бир күндөө бир нече жолу беришкен. Оорулуу жакшылап тердеши керек болгон. Туугандарынын сүйүүсүн, камкордугун жана өзүнүн тезирээк айыгып кетүүсү боюнча алардын тилектерин сезүү менен сыркоо тез аранын ичинде бутуна туруп кеткен.

Курамы:

эт 500-600 г

ун 300-400 г акшак же картошка 300-400 г

суу 2,5-3 л туз татымына жараша

Даярдоо:  Этти сууга салышат, кайнагандан кийин чий көбүгүн алышат да отту азайтышат. Бир жарым саат жай кайнагандан кийин акшак же картошка (эгер бар болсо) салышат. Ундан ичке кесме кесилет же ал аз болсо, анда аны сууга чалышат да өзгөчө сорпого кошушат. Өзгөчө сорпону бир гана адамга – сыркоого беришет.

 

Сүмөлөк

Сүмөлөк Нооруз майрамында бардык үмүт-тилектердин аткарылышын күтүп жана жакшылыктардан үмүттөнүп жатканда бышырылган. Бул тамакты жаштар менен кошо улгайган адамдар да биргелешип даярдашкан. Сүмөлөктү даярдоого тиешеси бар, ал кайнатылып жатканда бир жолу аралаштырган адам да ичинен өз каалоо-тилектерин айтып турган. Ишеним боюнча, ички каалоолордун аткарылышы үчүн сүмөлөктү үч, жети же тогуз жыл катары менен жасоо керек. Так мына ушундайча баласыз үй-бүлөлөр балалуу болууга карата каалоолорун билдиришкен. Ишеним боюнча, сүмөлөктү таратканда ар бир үйгө жыргалчылык келет, ал эми ким аны жесе, бүт жыл бою курсагы ток жүрөт. Сүмөлөктү жазгы күн менен түн теңелген күнгө карата Нооруз майрамына даярдашкан. Ал бул күнү дасторкондогу башкы тамак болгон. Нооруз – башкача бир, татынакай майрам. Кар туткунунан бошонгон жер гүлдөп баштайт, ал эми суу баарына өмүр берет. Жазды адамдар узак кыш айлары бою күтүшкөн, андыктан аны менен жолугууга өзгөчө маанай менен даярданышкан. Батма эненин айткандары 13 Сүмөлөктүн даярдалыш рецепти улуу муундан кийинкисине өткөн, энелер кыздарын, кайненелер келиндерин үйрөтүшкөн. Жашы улуу аялдар келиндер арасында тапшырмаларды эртелеп бөлүштүрүшкөн: бири чоң жыгач челекте данды өндүрүп, башкасы калган курамдык бөлүктөрдү даярдашы керек болгон. Эркектердин кимдир бирөөсү отун даярдаган: сүмөлөк үчүн көп отун талап кылынган. Жаш балдар үчүн сүмөлөк кайнатуу түнү сырга жана кызыктарга толо, бирок алар таң атканча жүргөнгө чыдабай, түн ортосу ченде уктап калышчу. Алгач аялдар өнгөн данды сокуга жанчышкан. Бул иш ыр, баяндар, аялдар ортосундагы ички сырларын айтуулар менен коштолгон. Адатта мындай отурууларда көптөгөн сырлар ачылган, аялдар өздөрүнүн уруусунун, үй-бүлөсүнүн тарыхын баяндап беришкен. Бул баяндар жаш келиндерге же уруудагы жакын арада күйөөгө чыкканы турган кыздарга багышталган. Ошол эле учурда улгайган курактагы аялдар унду электен өткөрүшүп, өсүмдүк майын чыпкалап, бүт кыш бою койдун карынында сакталган сары майдан эритишкен. Сүмөлөктү даярдоонун чоң тажрыйбасына ээ аялдардын эң улуусу бардык курамдык бөлүктөр: жанчылган өндүрүлгөн дан, ун, туз, май рецепт боюнча даярдалышына көз салып турган. Калган курамдык бөлөктөрдү каалаганындай кошумчалоого мүмкүн эле, айрымдары бал, таттууларды кошушкан. Сүмөлөктү жасоону таң эрте башташкан. Суюк атала куюлгандан кийин 12 саат өтүшү керек. Идишке өнгөн данды салып, үстүнө суу куюп, узакка аралаштырышат, андан соң суюктукту куюп алышат да, ун чалып (5 кг буудайдын данына 25 кг ун), көпкө аралаштырышат, мына ушундан кийин аралашма даяр болот. Адатта сүмөлөктү түн ичинде даярдашат, андыктан сүмөлөктү даярдоого тартылгандын баары очоктун жанында таттуу-паттуулардан жеп, чай ичишет. Эми кайнатып бышыруу башталат. Кызытылган казанга аралашманы куюп, өсүмдүк майын кошумчалашат, атайын сүмөлөккө деп жасалган чоң жыгач кашык менен аралаштырышат. Кайнагандан кийин 12 саат бою бышырышат, арасында жаңгак, мейиз кошулат. Даяр болгонун даамынан билип, отту өчүрүшөт да, өзүнүн буусунда акырына чыксын деп калтырышат, бул үчүн казанды жыгач капкак менен тыгыз жаап, буу чыккан жерлерин калың кездемеден жасалган ашкана суулуктары менен тыгындап бекитишет. 14 Сүмөлөктү жасап бүтүп, аялдар дуба кылышат, андан соң улуу аялдар үй-үйүнө тарап, ал эми жаштар көңүл ачып башташат. 12 сааттан кийин аялдардын ичинен улуусу казандын капкагын ачат. Бардыгы сүмөлөктүн үстүн кызыгуу менен карашат, анда тартып койгон сүрөттөй сызыктар пайда болуп баштайт, сызыктардын мүнөзүнө карай алдыдагы жылга төлгө тартышат.

Сүмөлөк Курамдык бөлүктөрү:

буудай угуту500 гр

ун 2 кг чигит

май 1 кг

жаңгак 1 кг

мейиз 700-800 гр

суу 8-10 л

Даярдалышы:  Угут мурдатан даярдалат. Угутту даярдоо үчүн 3-4 кг буудайды алышат да бир сутка жылуу сууга чылап коюшат, анан суусун төгүп, буудайды нымдуу чүпөрөк менен орошуп, 3-4 күнгө жылуу жерге коюп 36 коюшат. Аны күн сайын нымдап турушат. 4-5 күндөн кийин, өнүмү 3–4 см жеткенде, аларды эт туурагычтан өткөрөт, үстүнө 3–4 литр суу куюп, аралаштырышат, марли аркылуу чыпкалашат. Анан буга суу куюп, жакшылап аралаштырат жана чыпкадан өткөрүшөт. Угуттун калдыктарын дагы бир жолу эт туурагычтан өткөрүп, суу куюп, сыгышат. Казанга чигит майды кызытып, анан бир аз муздатып, ундан салып, жакшылап аралаштырышат жана даярдалган суюктуктун порциясын куюшат. Отко коюлуп, кайнатылат, ал учурда токтоосуз аралаштырып туруу керек, андан соң, сыгылып алынган суунун калдыгын куюп, жаңгак кошушат. Даяр болгонго чейин улам аралаштырып, жай күйгөн отко бышырышат. Бышырып бүткөндөн соң сүмөлөктү демделсин деп 10–12 саатка (түнү бою) калтырышат. Сүмөлөктү таң эрте ачышат. Даяр сүмөлөк коюу жана чоюлчаак болушу керек.

«РУРАЛ ДЕВЕЛОПМЕНТ ФАНД» КООМДУК ФОНДУ

Айбат гезити №123



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru