Айбат » “Кумтөрдү” улутташтырсак техниканы кайдан табабыз?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » “Кумтөрдү” улутташтырсак техниканы кайдан табабыз?

Акыркы кездери, айрыкча шайлоо жакындаган сайын өлкөдөгү ири алтын өндүргөн “Кумтөр” компаниясын улутташтыруу демилгеси көтөрүлүүдө. Бирок, адистер аталган кенди улутташтыруу Кыргызстан үчүн кесепети жаман болорун айтып, өлкө эл аралык соттордо миллиарддаган доллар төлөп калууга аргасыз болорун айтып келет. Бул көрүнүш улутташтырууда келип чыга турган негизги маселе. Эгер айрым саясатчылардын кебине ишенип кенди тартып алууга барсак Кыргызстанды андан башка да көйгөйлөр күтүп турат.

Кумтөр, Caterpillar

Учурда “Кумтөрдө” АКШнын Катерпиллер (Caterpillar Inc.) жана Германиянын Либхерр (Liebherr) компаниясына таандык ири техникалар иштеп жатат. Бул компанияга тиешелүү техникалар канадалык инвесторлордун ишениминин негизинде Кыргызстанга кызмат кылууда. Мисалы, аталган эл аралык мекемелерге тиешелүү бир жүк ташуучу унаа эле 200 тоннага чейин топурак же шагыл ылайыкталган. Мындай унаанын бирөөсү эле кадимки жүк ташуучу КАМАЗдардын 20-30унун кызматын кылат. “Кумтөрдө” иштин ийгиликтүү уланып жатышына мына ушул унаалардын салымы чоң десек жаңылбайбыз. Мисалы, Кыргызстан өзү иштетип жаткан “Макмал” алтын кенин алалы. Ал жакта мындай техникалар колдонулбайт. Аталган кендеги өндүрүштүн аксап жатышы да ушуга байланыштуу экенин айтсак болот.

Ал эми эгер “Кумтөрдү” улутташтыра турган болсок жогорудагы АКШ менен Германиянын фирмалары автоматтык түрдө “Кумтөр” менен кызматташууну токтотот. Муну компаниянын өкүлдөрү да айткан экен. Албетте, аларды деле түшүнсө болот. Анткени, сөзүндө турбаган, кол койгон келишимин аткарбаган Кыргызстан үчүн кантип иштешсин? Айрым маалыматтарга караганда буга чейин “Кыргызалтын” ишканасынын өкүлдөрү Катерпиллер, Либхерр компанияларына кайрылып жогорудагы ири техникаларды “Макмал” кенине иштетүүнү сунуштаган экен. Ал эми чет элдик компаниялар Кыргызстандын сунушунан сылык баш тарткан дейт.

Саясатчылар арасында башаламандык, ар кимиси өз көмөчүнө күл тартып турган Кыргызстанда кимге ишенерин билбесе керек. Жыйынтыктап айтканда Кыргызстандык жарандар жана шайлоочулар “Кумтөрдү” улутташтыруу же мамлекетке кайтарып алуу кандай кесепеттерге алып келерин билиш зарыл. Жарандар да кооз сөздөргө ишенбей, реалдуу турмушта эмне болуп жатканын билип, саясатчылардын популисттик кадамдары өлкөнү кандай кесепеттерге түртүп жатканын аңдап жүргөн оң. Биз жогоруда “Кумтөрдү” улутташтырууга барсак техника жагынан кандай аксай турганыбыз жөнүндө гана кеп кылдык.

Бул жараяндын мындан өткөн кесепеттери толтура. Ошондуктан, ар бирибиз татыктуу жашоого, балдардын жаркын келечегине салым кошолу. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Араб өлкөлөрүнө жана Европага чуркап инвестор тартып келүү камында жүрсө айрым популист саясатчылар келген инвесторлорду качыра албай убара. Инвестор жана акча болгон жерде сөзсүз түрдө өнүгүү болот. Ал эми тартып алуу, рейдерлик, морадёрство сыяктуу көрүнүштөр мамлекетти артка гана тартат. Ушуну унутпайлы окурман.

Айбат гезити №123




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru