Айбат » Жора Сулайманов: “Керимбаевдин обондору эми жандана баштайт”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жора Сулайманов: “Керимбаевдин обондору эми жандана баштайт”

Жора СулаймановДене бойду дүркүрөткөн таамай обондору менен өз жүзүн тапкан Асанкалый Керимбаев жок болгону менен анын ырлары хит болуп жүргөнү талашсыз. Өткөндө белгилүү журналист Жора Сулаймановдун “Асакемдин жандуу ырлары жашай берет” деген макаласын окуп, А.Керимбаевди эстеген киши бар турбайбы деп, автору менен баарлашууну туура көрдүм.

- Асанкалый агабызга кайрылганыңызга эмне себеп болду? Же мурда тааныштыгыңыз бар беле?

– Мезгил деген билинбей өтө берет экен. Асакемдин арабыздан кеткенине он жылдан ашып кетиптир. Тилекке каршы, аны эстеген киши болбоду. Эгерде анын чыгармачылыгынын артынан түшүп чындап күйгөн киши болгондо жок дегенде жылына бир жолу республикалык деңгээлде ыр-сынак өткөрүлүп турмак. Же анын мындай баага татыктуу обондору жок беле? Бекеринен анын ырларын Майрам Дүйшекеева, Гүлнур Сатылганова, Нурзат Садыкова аткарган жок да. “Ак булуттар” деген татаал ырды колунан келген таланттуулар дуэт болуп аткарып жүргөнү чындык эмеспи?

Эмнеге мен бул обончуга кайрылганымды билгиң келсе, төмөндөгүдөй. Биринчиден, ал экөөбүздүн жердешчилигибиз бар, Кетмен-Төбө өрөөнүнөнбүз. Экинчиден, замандашы катары анын бейнесин жакшы билем. Эгерде бул жарыктыктан эрте кетпегенде дагы канча жагымдуу обондорду жаратмак. Аттиң анын жүрөк опкоолжуткан талант экенин билип туруп эскерип койгонго жарабадык. Кайдыгерлигибизден ал унутулуп калды. Анан мен кеч болсо да эскерип коюуну жердешчилик парзым деп эсептеп, чиймелеп койдум. Ошондон кийин мага көптөгөн адамдар туура маселе көтөрүпсүң дешти.

- Дегеле бирөө жарым бар бекем  анын чыгармачылыгын изилдеген? Кандай болгон күндө да ал жөнөкөй обончу эмес да?

– Мен сүрөтүн таба албай кыйналдым. Дагы жакшы, Жаныбек (Шорпо) тирүү кезинде анын сүрөт альбомунда, илгери бир түшкөн сүрөтү бар экен. Аны кырк ирет сурамжылап, анан өзүм үйүнө барып миллион сүрөттүн ичинен издеп, колго илештирдим. Билбейм, эгерде үй-бүлөсүнүн ичинен түшүнгөн бирөөсүнө жолуксам, сүрөтүн алып калаттырмын. Болгону Бөкөнбай Боркеев бир сүрөтү анда бар экенин айтты. Баса, ал Асакем тууралуу китеп жазсамбы деген ойдо жүрүптүр.

- Обончунун өзгөчө касиетинен да айта кетпейсизби?

– Анын керемет ырлары эмне үчүн жугумдуу экендигинин сыры мында. Ал дайыма сөздүн гүлдөрү менен алектенди. Какен Алмазбеков, Анатай Өмүрканов, Алыкул Осмон сыяктуу адабияттын дөө-шааларынын ырларына көңүл салды. Ошон үчүн обон менен ыр саптары шайкеш келип, угармандын көңүлүнөн түнөк тапты. Чыгарма эл ичинде жашабаса, анын өмүрү кыска болот. Эгерде жан дүйнөнү козгоп, мукам кайрыктарына өзүңдөн өзүң кошулуп турсаң ал ырдын жашоосу узун болорун көрүп жүрбөйлүбү же калппы? Асакемдин обондору да башкалардыкына түк окшобойт. Негедир улуттук ширин даамды сезип турасың.

Ал өтө күчтүү агымга туш болду. Рыспай Абдыкадыров, Түгөлбай Казаков, Мукан Рыскулбеков, Токон Эшпаев, Жолдошбек Мамажанов деген обончуларга атаандаш болуунун өзү не деген керемет талантты талап кылат. Керимбаев көл үстүндө айдаган кайыгын толкунга алдырбай, жээкке жемиштүү чыгарганына өзүбүз күбө болдук. “Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат”, “Сендей мага”, “Сулууга”, “Кайдасың?”, “Бактылуу болгум келет махабаттан”, “Муңдашым Мунар кайдасың?”, “Ак булуттар”, “Кара-Көлдүн кыздары” сыяктуу ырлары биздин сүйүктүү ырларыбыздан болуп калганын кантип танабыз. Кыялындагы дагы далай сонун ырлары өзү менен кошо жарык көрбөй кете бергени абдан өкүнүчтүү.

- Кереметтүү обондору менен кыргыз элинин кыйырына таанылган обончунун алтымыш беш жылдык мааракесин кантип элестүү белгилесек болот деп ойлойсуз?

– Калайык журтка көңүл кубантарлык бир жаңылыкты айта кеткибиз келип турат. Жакында Асакалый Керимбаев атындагы коомдук фонд Адилет министрлигинен каттоодон өттү. Азыркы күндө  банкта анын эсебин ачуу иштери жүрүп жатат. Буйруса, эки-үч күндө бул милдетти жүзөгө ашырабыз. Ошондон кийин көптөн бери көкүрөктү өйүп жүргөн көйгөйлөрдү чечүүгө багыт алабыз. Маселен, Токтогул районундагы маданият үйүнө Асанкалый Керимбаевдин аты ыйгарылган. Тилекке каршы, уюшулган музейинин үстүнөн жамгыр жааганда суу тамчылап турат. Муну күзгө чейин ремонттон өткөрүп, жалпы эле маданият борборун калыбына келтирүү планы алдыбызга коюлду. Ошону менен катар келишимдүү жерге обончунун айкели тургузулмакчы. Арийне, буга чоң каражат керектелет. Өкмөт башчысынын биринчи орун басары Тайырбек Сарпашев комиссиянын төрагасы болууга макулдугун берди. Демек, каражатты өкмөт тараптан алууга шарт түзүлөт деп айтууга негиз бар. Анткени А.Керимбаев кыргыз маданиятына өз чыйырын салган обончулардын бири.

Мындан сырткары жер-жерлерде ыр-сынактарын өткөрүүнү колго алабыз. Чынында сөз гүлдөрүнөн терилген касиеттүү обондорду аткаргысы келген таланттуу өнөрпоздор толтура. Ал эмес ушул күндө да Асакемин ырлары хит болуп аткарылууда. Алтургай жаш аткаруучулар анын ырына ашык болуп, кереметтүү кайрыктарын созуп жатканы өтө кубанычтуу. Колдон келсе, документалдуу кыска метраждуу тасманы тартууну да жолго коебуз. Кыскасын айтканда Керимбаевдин Ала-Тоодой бийик, каухар таштай тунук обондору эми жандана баштайт десек ашыкча болбойт. Ал эми жалпы угармандар кулак төшөп, кандай жаңылыктар болоруна кызыгып турушсун.

Перизат Жумаева

Айбат гезити №123




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru