Айбат » Бишкек шаарынын мэри жаңы алынып келген троллейбустардын техникалык абалы менен таанышты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бишкек шаарынын мэри жаңы алынып келген троллейбустардын техникалык абалы менен таанышты

тралик

Мен буга чейин жаңы келген троллейбустардын техникалык абалдарына визуалдык кароо жүргүзгөм, эми болсо өзүм атайын унааны кароочу чуңкурга кирип, тетиктерин карап чыктым. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов бүгүн, 14-июнда билдирди.

«Мен өзүм кесибим инженер, өзүмдүн эмгек жолумду ушундай кароо чуңкурчасынан баштагам, бул троллейбустардын тетиктеринин баары жаңы экенин көрүп жатам. Мындай кароо өзүм үчүн керек болчу, ал эми эксперттер өздөрү толугу менен карап чыгып, анан баа беришет, корутунду чыгарышат», – деди мэр.

Мен троллейбус ишканасынын жетекчисине жана шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисине тапшырма бердим, бул жерге көз карандысыз эксперттер да чакырылышы керек, ошондой эле Орусиянын соода өкүлдөрүнүн катышуусу менен толук түрдө бир-эки жуманын ичинде бизге корутунду беришет. Себеби бул коомчулукта чоң резонансты жаратты. Ар кандай пикирлер айтылып жатат. Бул нерсеге же өндүрүүчү завод, же айткан киши жоопкерчиликти тартышы керек, деп кошумчалады ал.

Ал билдиргендей, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынан жалпысы 15 млн доллар каражаты, анын 5 млн доллар грант катары алынган.

Ал эми Орусия соода өкүлчүлүгүнүн орун басары Мария Афанасьева билдиргендей, бул иш ушул бойдон калбашы керек, баары иликтенет. «Ишкерчилик репутацияга таасирин тийгизүүдө», -дейт ал.

Жаңы алынган троллейбустардын техникалык абалдары заводдон чыккан жаңы абалда болгондугун ДЕПО жетекчиси да тастыктады.

Эске салсак, «Республика» партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эрнис Докенов жаңы алынган троллейбустар мурда пайдаланылган, техникалык эски абалда экен деп билдирген.

IMG_0005IMG_0007

IMG_0010

IMG_0016

IMG_0023

IMG_0028

IMG_0029

IMG_0032

IMG_0035

Булак : Баракелде



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru