Айбат » БШК парламенттик шайлоону 4-октябрга белгилөөнү сунуштады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » БШК парламенттик шайлоону 4-октябрга белгилөөнү сунуштады

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү ыңгайлуу боло тургандыгын билдирген катты өлкө башчысына жолдоду. Катта Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча конституциялык мөөнөт шайлоо өткөн убактан баштап эсептелери жана шайланып келген айда мөөнөтү бүтөөрү белгиленген. Мындан улам, шайлоону өткөрүү 4-октябрда ыңгайлуу болоорун Т.Абдраимов баса белгилейт.

Шайлоо

Кандай гана шайлоо болбосун компроматтар «согушу» менен коштолору белгилүү. Мунусуна караганда накта маалыматтык кармаш эми башталчудай. Депутат болчумун деген саясатчылар бири биринин абийирин чукуп, маалымат каражаттарына «заказ» материалдарды жайгаштырары күтүлчү нерсе.

Шайлоо – шайлоосу менен. Эң башкысы, «оюндан от чыгарып» албасак болгону. Шайлоо да өтөт. Бизге эң башкысы – Кыргызстаныбыздын бүтүндүгү, элибиздин ынтымагы маанилүү.

Айбат гезити №124




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru