Айбат » БОКтун лидерлигине жарабаган Равшанчик күчүн асылмайдан чыгарабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » БОКтун лидерлигине жарабаган Равшанчик күчүн асылмайдан чыгарабы?

Равшан ЖээнбековБОКтун (Бириккен оппозициялык кыймыл) төрагалыгын тарта албай, акыры ээрден шыпырылган Равшан Жээнбековго айла эле жок экен деп калдык. Мамлекеттик мүлк фондун жетектеген кезинде мамлекетке караштуу 342 объектини жеке колго өткөрүп берүүнүн башында туруп, баштан ашкан байлык жыйнаган Равшан Бабырбекович эми акылдуусунуп, элге күйгөн саясатчы болуп чыга келгени анын көп жүздүүлүгүнөн кабар берет. «Кой аксагы менен миң» дебестен, мындай «сасыткы саясатчылардан» арылчу мезгил да келээр

Жада калса БОКтун лидерлигине жарабаган Равшанчик бийликке опсуз асылгандан бөлөк колунан пок келбеси белгилүү болуп калды. Бирок элдин арасына бүлүк салып, жеке кызыкчылыгы үчүн мамлекетти «садагага» чаап коюудан кайра тартпаган Р.Жээнбековго окшогон оппозиция сөрөйлөр элден чыгып калары шексиз. Анда көнгөн адатынча «Кайдасын, Америкалап?!» океандын ары жагын көздөй сызабы?

Айбат гезити №124



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru