Айбат » Кыргызстанда сөз эркиндиги жыл санап жакшырып атканын эл аралык уюмдар белгилөөдө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кыргызстанда сөз эркиндиги жыл санап жакшырып атканын эл аралык уюмдар белгилөөдө

ММККонкреттүү факты менен иштегенден жаа бою качып, үйүндө жатып алып, же кабинетинен алыс чыкпастан «өрдөк» багып, анысын өзүнүн фантазиясы менен алеки саатта «семиртип» туруп маалымат айдыңына айдап көнүп калган кесиптештерибиз «Кыргызстанда сөз эркиндиги муунтулууда» деп кыйкырып калмайлары бар. Кечээ эле чогуу ээрчишип жүрүп, «пийвонун» атасын чогуу тааныткандар деле бири-бирине пистолет такап коркутуп калышса, экөөнүн бирөөсү сөзсүз бийликти сындап «сөз эркиндигине кол салуу болуп атат» деп чыгат. Бул жерде бийликтин кандай тиешеси бар экендигин уруп да ойношпойт. Урушкан өздөрү, бири пистолет такап, экинчиси милицияга арыз жазгандары деле өздөрү. Бирок эмнегедир күнөөлүү – бийлик болуп чыга келет. Таң калбай кое албайсың. Айрым «өрдөкчүлдөр» заправкадан кезек талашып урушуп кетип, мурдуна «мөөр» бастырып алса деле бийликти күнөөлөйт. Жакында басып баратып чалынып кетсе дагы, бийлик сөз эркиндигин «чалып» атат деп сындап чыгышса таң калбай деле калабыз. Айтор, бул жагы «ушунака». Биздин өрдөкчүлдөр ушинтип кыйкырып атышса, эл аралык уюмдар Кыргызстанда сөз эркиндиги жыл санап жакшырып баратканын иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен чыгарышууда. Мисалы, эл аралык Чек арасыз кабарчылар уюму жыл сайын дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдүн ичиндеги сөз эркиндигин анализдеп, жыйынтыгын чыгарып келишет. Алардын үстүбүздөгү жылга карата чыгарган жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 180 мамлекеттин ичинен 88-сапка илинди. Ал эми коңшулаш Казакстан 160-сапта, Өзбекстан 166-сапта, Түркмөнстан 178-сапта турат. Демек, биз аларга салыштырмалуу алдканча , өтө жакшы көрсөткүчтөбүз. Эске сала кетсек аталган уюмдун өткөн жылдагы жыйынтыгы боюнча биз 97-орунда элек. 2012-2013-жылдары 106-орунга отурганбыз. Демек, бул көрсөткүчтөргө ылайык бизде сөз эркиндиги жыл сайын жакшырып баратат. Ал көрсөткүчтөргө таянбасак деле биз сөз эркиндигине океанга сүзгөндөй сүзүп калганыбызды жергиликтүү эксперттер айтып келишет. Өзүбүз деле көрүп атабыз. Ага сүзгөндү билбегендер тумчугуп, какап-чакап алышып, анан бийликти күнөөлөп атышат да…

Айбат гезити №124




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru