Айбат » Туризм багытында Кыргызстан россиялыктар үчүн Европанын ордун басат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Туризм багытында Кыргызстан россиялыктар үчүн Европанын ордун басат

Кыргызстан, туризм

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанга туристтердин агымы көбөйүшү күтүлүүдө. Мындай пикирлерди россиялык туристтик агенттиктер бир ооздон айта башташты. Бул жолкусунда Урал туризм ассоциациясынын аткаруучу директору Михаил Мальцев ушундай пикирин маалымат булактарынын бирине билдирди. «Анализдөөдөн кийин биз алыскы чет өлкөлөргө эс алууну каалаган россиялыктар 30 пайызка чейин төмөндөп, а агым болсо Кыргызстан жана Белорусия тарапка көбөйөөрүн көрдүк. Россиялык туристтер Кыргыз Республикасында эс алуу үчүн оптималдуу шарттардын бар экендигине басым жасап атышат. Анын ичинде РФ туристтерин Кыргызстанда эс алуунун бааларынын өтө жогору эместиги да тартууда. Анткени азыркы тапта көпчүлүк россиялыктар Европа өлкөлөрүндө, Түштүк-Чыгыш Азия жана Латын Америка өлкөлөрүндө эс алууга шарттары туура келбейт» дейт ал. Анан дагы “Негизи эле Кыргызстан, анын ичинде Ысык-Көл уралдыктар ичинде кеңири таанымал, себеби бизде Екатеринбургдагы кыргыз консулдугу менен иштешүү өтө жакшы жөнгө салынган. Кичинекей мүмкүнчүлүк болсо дагы, алар туристтерди тартуу багытында чоң иштерди өткөрүшөт” деп баса белгилейт. Мальцевдин айтканы боюнча, бул жылы Кыргызстанга келип эс алууну көздөгөн туристтердин ар бири биздин өлкөгө 34 миң рублга чейин каражат калтырып кетиши күтүлөт. Туристтердин агымынын көбөйүшүнө Ысык-Көлдү Тамчысындагы аэропорттун реконструкциялоо иштеринин аяктап, ишке киргени дагы себеп болууда. Себеби туристтер мурдагыдай адегенде Бишкекке келип, анан машине аркылуу Көлгө жол тартышпай, түз эле эс алуучу жайга жетип барышат. Демек, бул жылы биз туризм аркылуу өлкөбүзгө бир топ киреше алып келе алабыз. Жыл бою ушул сезонду күтүп отурушкан Ысык-Көлдүк мекендештерибиздин дагы капчыгы кампаяры турган иш. Ал үчүн биз тараптан болгону өлкөдөгү стабилдүүлүктү өз калыбында сактоо милдети турат…

Айбат гезити №124




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru