Айбат » Эдил Байсалов өзүнүн атынан башкаларды атай баштады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Эдил Байсалов өзүнүн атынан башкаларды атай баштады

Эдил БайсаловЕвропадан билим алып келген десе эле, көкүрөгүн койгулап, жаңыча көз карашта ой жүгүрткөн киши болуп, башкалардын бардыгын эскиче ойлонот деген тыянакка кептеп коюп сүйлөгөн Эдил Байсалов кече жакында эле тилинен катуу жаңылды. Ал биринчи кезекте 1941-жылдан 1945-жылга чейин Улуу Ата-Мекендик согушка катышып, эли-жерин, Мекенин фашисттик Германиядан, душмандардан коргогон баатырларыбызга, азыр да арабызда жүргөн согуштун ардагерлерине катуу тил тийгизди. “Бизди ал согушка күч менен айдап кетишкен. Колуна курал бербестен, жүз граммдан соктуруп коюп эле, согушка айдай беришкен” дейт Байсалов. Шумдугуң кургур! Кудум өзү ошол убакта согушта биздин аталарыбыз жүз граммдан согуп алышып, колуна курал албастан чуркап кеткендерин көрүп отургансып. Мунун өзү ошол баатыр аталарыбыздын арбагына шек келтиргендик, азыр арабызда көзү тирүү жүрүшкөн ардагерлерибизге сөз тийгизгендик эмей эмне? Анан дагы ал Кыргызстандын биринчи президенти Акаевди, андан кийинки Бакиевди, өткөөл мезгилдин президенти Отунбаеваны, учурдагы президент Атамбаевди маңкурт деп атады. Кыргызда “сөз оозуңда турганда ал сенин кулуң, чыгып кеткенден кийин сен сөздүн кулусуң” деп коет. Эмоциясын тыя албай, эмнени сүйлөп атканын дагы анчейин аңдабаган Байсалов эми ушул “аныктамасы” үчүн жооп берүүгө тийиш. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине экономикалык карым-катнашты жакшыртуу, өнүктүрүү максатында кирип жатканын эң сонун түшүнүп туруп, “биз орустарга жагынып атабыз” деп жулкунат. Эгерде орустар бизге ГЭСтерди куруп берип жатса, аскердик күчтөррүбүзгө курал-жарак берип жатышса, карыздарыбызды кечип жатса, айтор толтура жардамдарын берип жатса, анда орустар бизге жагалданып жатат деп айта берсек болобу? Андай эмес. Бул жерде эч ким эч кимге жагалданып жаткан жок. Болгону эзелтеден келаткан стратегиялык өнөктөштүктү дагы да бекемдеп жатабыз. Анан Америкадан окуп келсе эле айдан түшүп келгенсип мактанып, мен англис тилинде эл аралык басылмаларды окуй алам деп төш кага берген билимдүү адамдын сөзүбү? Азыр ар бир үчүнчү кыргызстандык англисче сүйлөй алат. Аны менен мактануу азыр “мода” эмес. Айтор, мына ушул маалымат булагына жайгашкан видеодогу Эдил Байсаловдун Клара Ажыбековага сөз бербей ажылдап, актерлонуп оозун каалагандай чоюп атканы эле анын деңгээлинин пас, билиминин тайкылыгы көрсөттү. Тил билсе эле ал билимдүү болуп эсептелбейт. Тарыхты терең казып окуп, үстүртөн эмес, ар тарабынан түшүнүктү мол алып, анан дебатка чыгуу зарыл. Болбосо Эдил Байсаловдой болуп, деңгээлинин ээрден жапыс экендигин тастыктайт.

Айбат гезити №124




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru