Айбат » Дүйшөн Ирсалиев: “Элдин алдында күнөөлүү болгондон көрө иштен кетүүнү чечтим”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Дүйшөн Ирсалиев: “Элдин алдында күнөөлүү болгондон көрө иштен кетүүнү чечтим”

Дүйшөн Ирсалиев“Дело №…” гезити парламенттин Кумтөргө байланыштуу өткөн жыйындагы талкуусунан баяндаманы жарыялады. Гезит ошондой эле “Центерранын” директорлор кеңешине сунуш кылган Жоомарт Оторбаевдин чет өлкөлүк лорддордун интернеттен таап чыккан сүрөттөрүн жана алардын ким экендигин тастыктаган кыскача маалыматты кошо басты.

Ушунун эле жанына Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы башчысы Дүйшөн Ирсалиевдин “Элдин алдында күнөөлүү болгондон көрө иштен кетүүнү чечтим” деген маеги  тартууланды.

- Эмнеден улам Жоомарт Оторбаев сунуш кылган чет өлкөлүк жарандардын артында Жорж Сорос менен Максим Бакиев турушу мүмкүн деп шектендиңиз?

– Дал ушулар турат деп так кесе айталбайм, бирок шектенгеним чын, анткени Максим Бакиевдин кайнатасы Болот Кененбаев – Оторбаевдин кеңешчиси болуп саналат. Анан булардын байланышы жок дегенге, “жок андай эмес” деп ким кепилдик бере алат? Анан мен, “Келгиле, адегенде алардын ким экенин  шашпай иликтеп чыгалы?” десем, өкмөт унчукпай койду, анын үстүнө бирин да тааныбагандыгына карабастан Оторбаевдин аларды күйүп-бышып коргоп чыкканы мени шектентти.

- Оторбаев сизди тизмеге кол коюуга макул кылыш үчүн канча күн жумшады?

– Үч күн. Күн сайын чакырып, коркутуп да, кыстап да, айтып да, телефондон чалып да жатты. Айлам кеткенде СМС жөнөттүм: “Жоомарт Кайыпович, мен сизди сыйлайм. Бирок мен кол кое албайм” деп. “Анда орунбасарың кол койсун?” деп чыкты. “Жаш балдардын тагдырына балта чаап эмне кыласыз?” дедим. Ошондон кийин жолуна каскак болбош үчүн менден арылууну туура көрдү окшойт, иштен бошотуп салды.

- Сиз эмне үчүн Жогорку Кеңеш жыйынга чакырса келген жоксуз?

– Мени эч ким чакырган жок. Баарын радиодон угуп отурдум. Чакырса барып айтып бермекмин.

- Иштен жөндөн жөн эле бошогонуңуз боюнча кайра арыз бересизби?

– Жок, арыз бербейм. Бир аз эс алам, андан кийин көрө жатарбыз, – деп жооп берди.

Булак: Азаттык

Айбат гезити №124



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru