Айбат » Бир каттын курмандыгы болуп калбайлы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бир каттын курмандыгы болуп калбайлы

Жоомарт Оторбаев2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин шайланып келген Жогорку Кеңеш алгач эле “Кумтөр” маселесин чечүүнү убада кылып, бул ишке катуу киришкен. Аталган кендин айланасында бир канча комиссия түзүлүп аны иликтеп чыкканы да бар. Бирок, андан бери дээрлик беш жыл өтсө да бул маселеге чекит коюла элек.

Өткөн жумада “Кумтөр” боюнча сүйлөшүү кескин түрдө башка нукка бурулду. Буга чейин канадалык инвесторлор менен 50/50 пайыздык үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүү долбоорун жактап жүргөн өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев позициясын 180 градуска өзгөртүп, көпчүлүктүн оозун ачырды. Анын кебине ишенсек, биргелешкен ишкана боюнча келишимге кол койбой бизди Кудай сактаган экен. Ал парламентте сүйлөп жатып жана журналисттерге маалымат бергенде бул сөзүн бир нече ирет кайталады. “Бизди өткөн жылдан бери сүйлөшүп жаткан 50/50 пайыздык биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимге кол койбой Кудай сактаптыр”, – дейт ал. Бирок, Оторбаев мырза партиялаштары демилгелеген кенди улутташтыруу маселесине да макул эмес экен. Анын кебине ишенсек буга чейинки эле келишим күчүндө калтырып Центерранын директорлор кеңешине жаңы адамдарды алып келүү зарыл. Эми Жоомарт Кайыповичтин бул логикасына кенен токтололу. Оторбаевдин күтүүсүз позициясынын өзгөрүшүнө бир эле кат себеп болгон экен. Маалыматтарга караганда интернет аркылуу өкмөт башчысына тоголок кат келип түшөт. Анда бир катар чет элдик белгисиз адамдар Центерраны башкарып берүүнү сунуштайт. Алар тоодой убада берип, Кыргызстандын таламын жата калып талашууга ниеттенип жатканын айткан. Оторбаев мырзанын бир эле кургак катка мынчалык ишенип алганы табышмак болуп турган чак. Айрым маалыматтар боюнча өкмөт башчысы сунуштап жаткан чет элдиктер Максим Бакиевдин же Джордж Соростун адамдары болушу ыктымал. Мисалы Оторбаевга кат жазгандар Лорд Кланвильям (Улуу Британия), Мартин Грехэм (Улуу Британия), Боб Букан (Канада), Питер Холодный (АКШ), Павел Скитович (АКШ), Дияр Канашев (Казакстан), Мария Черновалова (Канада). Чындыгында булардын ким экенин Оторбаев өзү да билбей турганын айтты. Бул тизме кайсы күчтөр тарабынан түзүлгөнү да белгисиз. Премьер-министрдин айтымында, 30-мартта кат келген. “Биз бул катка ишенишибиз керек”, – деп көгөрүп турат ал. Дал ушул маселенин айынан Мамлекеттик мүлк министри Дүйшөн Ирсалиев кызматтан кеткени белгилүү болду. Ал аталган адамдарды кабыл алуудан баш тарткан. Оторбаев болсо заматта аны кызматтан алып Мамлекеттик мүлк министрлигине өзүнүн өкүл баласын дайындап койду. “Бизге чет элдиктердин тизмеси келип түштү. Аны менен жакындан таанышуу максатында иликтеп, юристтер менен да кеңешип көрдүм. Бул адамдарды терең изилдеп чыгыш керек. Мен бул чет элдик жарандар Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой турганына ишенген жокмун”, – дейт Ирсалиев. Ал эми “Кыргызалтын” ишканасынын мурдагы башчысы Токон Мамытов да бул адамдардын ким экенин билбей турганын айтып кызматтан кетти. Бирок, Оторбаев эптеп өзү сунуштаган чет элдиктерди Центерранын директорлор кеңешине алып келүүгө шашып жатканы көпчүлүктү таң калтырууда. Адатты мындай шылуундарды битиндей жаман көргөн Текебаевдин позициясы да кызык болуп турат. Өмүрбек Чиркешович азыркы директорлор кеңешине карагана Оторбаев сунуштаган адамдар аз жейт деп тим болду. Бул жерде Кыргызстан үчүн чоң буктурма даярдалып жаткан жокпу деп да кооптонуп кетесиң. Улутташтырууну туу туткан Текебаев болсо тескери кетти. Ушинтип отуруп бир каттын курмандыгы болуп калбасак эле…

Айбат гезити №124



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru