Айбат » Ж.Оторбаев сунуштаган чет элдиктердин калбыры барбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ж.Оторбаев сунуштаган чет элдиктердин калбыры барбы?

Токон МамытовӨткөн жумада  «Кумтөр» боюнча сүйлөшүү кызык жагдайга келип такалаган. Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев парламентте отчёт берип жатып, буга чейин өзү колдоп келген 50/50 пайыздык үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүүдөн баш тартып, Центерранын директорлор кеңешин алмаштырууну сунуштаган. Ал бул кызматка чет элдик бир топ жарандарды да таап койгонун айтканы бар. Бирок, алардын эч кимисин тааныбай турганын айтууда.

Бул масенин айынан эки чиновник кызматтан кетүүгө да аргасыз болду. Эмнеге? Анткени, Мамлекеттик мүлк министри Дүйшөнбөк Ирсалиев менен “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов дал ушул Оторбаев сунуштаган адамдардан шекшип, аларга ишенбей турганын айтып кызматын тапшырып берди. Бирок, Оторбаев бул адамдарга ишениш керек деп азырга чейин көгөрүп турат.

Ал эми Оторбаев сунуштаган белгисиз талапкерлер боюнча кызык жагдайлар ачыкка чыга башталды. 16-апрелде маалымат каражаттарынын бирине «DLA Paper» компаниясынын жетекчиси Мэтью Сондерс  «Центеррага» сунуштаган адамдардын соттолгону же кылмыш кылганы тууралуу маалыматты текшербегенин билдирди. Ал  «Кыргызалтын» ААКсынын директорунун милдетин аткаруучу Кылычбек Шакировго жолдогон катында  да муну баса белгилеген экен. «Биз «Центерра» компаниясынын директорлор кеңешине сунушталган талапкерлер тууралуу кенен маалымат берүү боюнча «Кыргызалтын» ААКсынын директорунун милдетин аткаруучу К.Шакировдун катын алганбыз. Өз ишибиздин жыйынтыгын 2-апрелде жөнөткөнбүз. Бирок анда кайсы бир талапкердин репутациясы же мурда-кийин соттолгону тууралуу оюбузду айткан эмеспиз» дейт Сондерс  мырза.

Ошентип Жоомарт Оторбаевдин алгачкы калпы ачыкка чыкты. Анткени ал парламенте дал ушул маселе боюнча сүйлөп жатып «DLA Paper» компаниясы бул талапкерлердин таза экенин, эч кандай соттолбогонун жана жогорку даражадагы адистер экенин тастыктады деп эл өкүлдөрүн алдаган. Эми болсо “түз жүргө” Оторбаевдин жалганы чыгып отурат. Өкмөт башчысынын бул маселени өтө ашыгып, жана тез арада чечүүгө шашып жатканында бир мандем болуп жүрбөсүн. Алдоо жолу менен баштаган бул аракет жакшылык менен бүтпөйт го…

Айбат гезити №124




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru