Айбат » Орусия Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөрдөн барган мигранттарга максималдуу түрдө преференция карайт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Орусия Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөрдөн барган мигранттарга максималдуу түрдө преференция карайт

ЕвроАзиялык Экономикалык Союз, ЕАЭС, флагОрусия Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөрдөн барган мигранттарга максималдуу түрдө преференция карайт. Бул тууралуу Орусиянын Федералдык мигарциялык кызматынын башчысы Константин Ромодановский шейшемби күнү “Миграция тармагындагы кызматташтык. Заманбап тенденция” деген тегерек столдо билдирди. “Учурда Евразия экономикалык биримдигинде кирген өлкөлөрдөн келип иштеп жаткан мигранттар жана алдын үй-бүлөсү үчүн Орусияда максималдуу түрдө преференция каралган. Бирок, КМШ жана Орусиянын алыскы шериктерине мынчалык жеңилдик каралган эмес”, – дейт ал.

Ромодановскийдин айтымында Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгон мамлекеттердин эмгек мигранттарына бардык тармактарда жеңилдик каралган. Ал белгилегендей, аларга жумушка уруксат берүү кагазы керектелбейт, медициналык жана техникалык жардам алууга Орусиянын жарандарындай эле укуктуу болот. Ошондой эле ал уюмга кирген өлкөлөрдүн жарандары эмгектенип гана тим болбостон өз укуктарын да кеңири коргой ала турганын билдирди.

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдиги 2015-жылдын январь айынан тарта иштеп баштаган. Анын курамында Орусия, Армения, Белоруссия жана Казакстан кирген. Келишим боюнча Кыргызстан ушул жылдын май айында мүчөлүккө кабыл алынат.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №124




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru