Айбат » Жумакадыр Акенеев, талдоочу: “АКШ элчилигине келген жүктө акча болушу да мүмкүн”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жумакадыр Акенеев, талдоочу: “АКШ элчилигине келген жүктө акча болушу да мүмкүн”

Жумакадыр Акенеев- Кече жакында эле Кыргызстандагы АКШ элчилигине «дипломатиялык жүк» деген статус менен 152 тонна жашыруун жүк Украина учагыменен келгендиги маалым болду. Аны эч ким текшерүүгө алган эмес. Эске сала кетсек, ушундай эле жашыруун жүктөр Украинадагы майдан болордун алдында да келип, кийин алардын бардыгы оппозицияны колдооого алган АКШ долларлары болуп чыккан. Бизге келген жашыруун жүк дагы ошондой болуп калбайбы?

– Болушу толук мүмкүн. Анда акча болушу да мүмкүн бейөкмөт уюмдары менен бийликке каршыларды колдоо максатында. Анткени, аталган жүктүн ичинде эмне бар экенин эч кимбилбейт. Буга чейин мындай окуялар Бакиевдердин маалында да болгон. Анда Бишкектин тегерегинде Транзиттик борборго тиешеси жок эле ири өлчөмдөгү курал-жарактар табылган. Мурдагы Ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев да жашыруун жүктү текреип жардыргыч заттарды тапканы да эсибизде. Ошондуктан бул маселеге дыккатык менен мамиле кылуу зарыл.

- Жергиликтүү басылмалар бул жүк тууралуу маалымат алуу үчүн АКШ элчилигине кайрылышса, анынмаалымат кызматы маалымат бергенден баш тартты. Бул дагы кооптонууну туудурбайбы?

– Албетте, кооптонууну туудурат. Эгер АКШнын Бишкектеги элчилигине керектүү буюмдарды алып келсе эмне үчүн жашырат. Биздин тиешелүү кызмттар деле текшерсе болмок. Мындай сырдуу көрүнүштөрдөн бардык нерсени күтсө болот.

Айбат гезити №124




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru