Айбат » Токтогул Какчекеев, саясат таануучу: “АКШ элчилигине келген жүк боюнча биздин коопсуздук кызматы менен ТИМ өз көрөрмандыгын көрсөтө алса жакшы”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Токтогул Какчекеев, саясат таануучу: “АКШ элчилигине келген жүк боюнча биздин коопсуздук кызматы менен ТИМ өз көрөрмандыгын көрсөтө алса жакшы”

Какчекеев Токтогул- Токтогул мырза, кече жакында эле Кыргызстандагы АКШ элчилигине «дипломатиялык жүк» деген статус менен 152 тонна жашыруун жүк Украина учагы менен келгендиги маалым болду. Аны эч ким текшерүүгө алган эмес. Эске сала кетсек, ушундай эле жашыруун жүктөр Украинадагы майдан болордун алдында да келип, кийин алардын бардыгы оппозицияны колдооого алган АКШ долларлары болуп чыккан. Бизге келген жашыруун жүк дагы ошондой болуп калбайбы?

– Бул маселеде бизге коркунуч барбы, же жокпу анны бир гана Кудай билет. Анан дагы айтып кое турган нерсе Кудай дагы сактансаң сактайм дейт. Алкым бузукулуктун айынан «Кумтөр» эмне болуп атканын көрүп атабыз. «Канадалыктар экен, анан укмуш экен» деп атып өзүбүздүн байлыгыбыздын үзүрүн өзүбүз көрө албай жатабыз. Ошол эле сыяктуу бүгүнкү күндө Кыргызстандагы АКШ элчилигине полковник, мурда көңтөрүштөрдү, төңкөрүштөрдү, атайын операцияларды жасап жүргөн адам келди. Ал пенсияга чыгып кеткен болсо дагы кайра алып келишти. Экинчи жагынан биз парламенттик республика түзүп, күрөө баасын 5 миллион сомго чыгардык. Бул деген жалаң акчалуулар бийликке келет дегенди түшүндүрүп калып атабы? Ошол эле учурда Кыргызстан көптөгөн мамлекеттердин кызыгуусун туудуруп турган жерде жайгашкан. Бир тарабыбыздан Кытай, бир жагынан Россия, бир жагынан Америка кызыгып турат. Өткөн жылы Кыргызстандан Америка авибазасын кыргыз бийлиги чыгаргандан кийин Америка түңүлгөндөй болгон. Бирок, биздин ичибиздеги АКШнын кызыкчылыгын көздөгөн кутумдарды пайдаланып, өздөрүнүн кызыкчылыгын жасап келишет. Мисалы, кече жакында эле оппозиция Америкага барды, анан Түркияга барды. Ал жакта эмнелерди сүйлөштү, эмне убада беришти биз албетте билбейбиз. Бирок, бийликке келем деген күчтөр толтура убадаларды беришет. «Биз бийликке келсек, либералдык-демократиялык системаны орнотобуз. Силер азыр жардам бергиле» деп айтуулары да толук мүмкүн. Биз жогоруда бүгүнкү күндө бийликке жалаң акчалуулар келе тургандай кырдаал түзүлгөнүн айттык. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин айрым депутаттар 300-400 миң доллар коротуп парламентке келишкендерин ачык эле айтып да чыгышты. Эгерде жанагы жашыруун жүк болуп келген контейнерлерде 1 миллиард доллар бар болсо, ар бир депутаттык мандаты 500 миңден 1 миллион долларга чейин эсептесек, канча мандат сатып алса болот? Эсептей бериңиз. Анан алар парламентке келип, Американын кызыкчылыгын жасай берет. Эми бул биздин боолгоолообуз. Балким алар жөн гана аппаратураларды алып келиши мүмкүн. Бирок, биз алардын башка өлкөлөргө кандайча таасир кылышаарын, кан төгүп, башаламандык жасап, таасир кылаарын жакшы билебиз. Андыктан биз азыр көздү тостойтуп ачып, кулакты түрүп сак болушубуз кажет.

- Жергиликтүү басылмалар бул жүк тууралуу маалымат алуу үчүн АКШ элчилигине кайрылышса, анын маалымат кызматы маалымат бергенден баш тартты. Бул дагы кооптонууну туудурбайбы?

– АКШ элчилиги кечээ расмий түрдй ал жүктү жөн эле жабдуулар болчу деп айтып чыкты. Эми карай бериңиз, арадан 20чакты күн өткөндөн кийин гана расмий айтып атат. Неге ага чейин айтышкан жок. Журналисттер сураганда эле айтып койсо не болот эле? Алардын укугу өтө катуу сакталган. Дипломатиялык жүк деп алып келе алышат. Алар замбирек алып келсе деле дипломатиялык жүк боло берет. Андыктан эми биздин коопсуздук кызматы менен ТИМ өз көрөрмандыгын көрсөтүүлөрү керек.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №124



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru