Айбат » Асылбек Жээнбеков: “Кыргызстаныбыз, мамлекеттүүлүк жана элдин биримдиги – депутаттык, премьер-министрлик, спикерлик креслодон жогору турат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Асылбек Жээнбеков: “Кыргызстаныбыз, мамлекеттүүлүк жана элдин биримдиги – депутаттык, премьер-министрлик, спикерлик креслодон жогору турат”

Асылбек ЖээнбековПарламенттин кечээги жыйыны өтө кызык өттү. Эркин депутат Равшан Жээнбеков Ошто оппозиция өкүлдөрү ур-токмокко алынганын, өзбек лидерлерине кысым көрсөтүлүп жатканын билдирди. Бирок конкреттүү факты келтирген жок. Сөз арасында спикер Асылбек Жээнбековго асылып, полковник Абдылда Капаровдун сөзүн мисалдап, ошого жооп берүүсүн талап кылды. Буга карата парламент жетекчиси аргумент менен бекемделген жообун узатып, элди ынтымакка чакырды. Ошондой эле Равшан Бабырбековичтин өткөн былык иштерин эске салды. Төмөндө төраганын сөзүнүн орчуңдуу моменттерин тизмектейбиз.

– Кыргызстаныбыз, мамлекеттүүлүк жана элдин биримдиги  – депутаттык, премьер-министрлик, спикерлик креслодон жогору турат. Депутат болоюн, премьер-министр болоюн деген ой менен чагымчылдык кылган болбойт.

Жалганчынын сөзүн кайталап жалган сүйлөгөн адам – өзү дагы жалганчы. Келесоонун сөзүн кайталап сүйлөгөн адам – өзү дагы келесоо болуп эсептелет. Бир нерсени сүйлөөрдөн мурда кичине анализ кылсак. Оппозициянын Жалал-Абаддагы митингине түшкө чейин  эч ким келбей коюп, түштөн кийин туугандарын алып келип митинг өткөзкөнүн көрдүңүздөр. Ошол жерде А.Капаров деген сүйлөптүр. Эми ага көңүл бурбай эле коелук дедик эле. Спикер болгондон кийин ар ким менен соттошо берсең дагы болбойт экен. Калп көп жазылап, ушак көп кетет, бирок ушундай саясый кызматта болгондон кийин айрымдарына көңүл бурбай кете бериш керек. «Ит үрө берет, кербен жүрө берет» деген позиция менен. Бирок андай кылайын десең болбой эле ушундай нерселер чыгат да. Мына ошол А.Капаров сүйлөгөн сөзү үчүн, жалган маалымат таратканы үчүн сотто  утулган. Сотто андан сурашса, эмне деп кайжерде сүйлөгөнүн, кайсы ММКга интервью бергенин билбейм деп жооп бериптир. Соттун чечими менен ал кишиге  100 миң сом айып пул салынган.  Ал акчанын кереги жок бизге. Бизге намыс керек, абийир керек. Ошон үчүн ал 100 миң сомду Мырзакедеги мектеп-интернатына которулсун дегенбиз. Азыркыга чейин которо элек, А.Капаров намысы болсо төлөйт эле.  Эми ал калпычы экенин далилденгенден кийин башка нерселерди сүйлөп жатат. Ага көңүл бурбайын десек, келип депутат сүйлөп жатат. Эми Башкы прокуратурага кайрылам жана сот дагы териштирет. Депутат Р.Жээнбековду күбө кылыш керек.

Улуттар аралык мамиле абдан назик нерсе, кылдат мамиле жасаш керек. Анан эртең шайлоодо добуш алам деп эле бүгүн ушундай кыйкырып чыккан болбойт. Факт болсо айтыңыздар, биз териштирип беребиз бардыгын. Мен убагында Өзгөндө, Кара-Сууда иштегем. Өзбек туугандар менен жакшы мамилем бар. Эч качан бөлүнүү деген маселе жаралган эмес. Ушул силерге окшогон чагымчылар үчүн, Равшан Бабырбекович, 2010-жылы жаңжал чыкты. Элибиз акылдуу, элибиз ыймандуу, түшүнүп турат кимдин ким экенин. Бизге 2010-жылдагыдай окуянын кайрадан орун алышынын кереги жок.

Равшан Жээнбеков баскан жерде чөп өспөйт деп айтканымды факты менен далилдеп берейин. Мамлекеттик мүлктү, объектилерди саткан, элдин байлыгын саткандардын бири – Р.Жээнбеков. Ондогон пансионаттарды сатып, өзү эң килейген пансионатка ээлик кылып калган. Таза адам ушундай кылабы? Кылмыш мөөнөтү эскиргени үчүн кутулуп кетти. Ооруканалардын аймагындагы мекемелер Р.Жээнбековдун убагында сатылган. Курулушу аяктай элек төрөт үйлөрү сатылган. Бала бакчалар сатылган. Жөнөкөй мисал. Талас шаарында курулушу бүтө элек бала бакча сатылган сиздин убакытта. Кантип  Таласка барып жатасыз, мен аны дагы бүгүн ойлонуп жатам. Элге рахмат, ошол жерге сизди батырган.

Урматтуу депутаттар, ар ким ким экенин коркпой эле айтып жүрсөңүздөр. Ошентип мамлекет оңолот, анан каяктагы чагымчыларды, жалган сүйлөгөндөрдү аяй берсек каякка барабыз?  Р.Жээнбековдун убагында сатылган бала бакча, ооруканаларды кайра мамлекетке кайтарып атабыз. Кайрадан куруп атабыз.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №124




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru