Айбат » Келдибековдун электораты Райкан Төлөгөновго,  тактап айтса “Ата-Мекенге” керек болуп турубу?..

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Келдибековдун электораты Райкан Төлөгөновго,  тактап айтса “Ата-Мекенге” керек болуп турубу?..

Акматбек КелдибековЗалкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун уулу, Жогорку Кеңештин “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Райкан Төлөгөнов 24 сааттын ичинде эки башкача сүйлөй ала тургандыгын тастыктоонун үстүндө. Маселен, кечээ жакында эле коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголгон Акматбек Келдибековдун иши боюнча сот отурумунда “Акматбек Келдибековдун учурунда Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгү мыйзамдуу эле ачылган. Ошол учурда маселе саясатташып кетти окшойт” деп “каңырыгы” түтөгөнсүп, Акматбек мырзаны колдоп чыккан эле. Эске сала кетсек, Келдибековдун спикерлик ишмердүүлүгүн иликтөө максатында ошол учурда атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын курамында Райкан Төлөгөнов өзү дагы бар болчу. Ошол учурда Келдибековго тагылып аткан 12 айып бар болсо, ошонун оноо тастыкталды деп чыккан аталган комиссия.

Анын ичинде дал ушул ЖКнын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн мыйзамсыздыгы да айтылган эле. Анан эле минтип арадан 3 жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин Төлөгөнов мырзанын тескери сүйлөп турганы коомчулукту, анын ичинде өзүнүн фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди да таң калтырган. Тактап айтканда мына ушул маселе боюнча Текебаев интернет сайттардын бирине “Дүйнөдөгү башка өлкөлөрдүн парламентинин биринин дагы Москвада өзүнүн өкүлчүлүгү жок. Жогорку Кеңеш өз өкүлчүлүгүн ачкандай мамлекет эмес. Ал эми Райкан Төлөгөнов эмнеге антип айтканын билбейт экенмин. Уккан да жокмун” деп билдирген. Кыязы лидеринин ушундай билдирүүсү Төлөгөновго ошол замат жеткен окшойт, 16-апрелдин экинчи жарымында маалымат сайттарынын бирине “Мен Келдибековду коргоюн деген эмесмин” дегендей айтып чыкты.

Анын айтымында ал сот отурумунда “Келдибеков Жогорку Кеңештин Москвадагы атайын өкүлчүлүгүн ачкандыгы үчүн моралдык жана саясый жоопкерчилик тартат” деп айткан имиш. Анда эмне журналисттер аны тескери түшүнүп алыштыбы? Же ал орусча ойлонуп, анан кыргызча айтканда “техникалык ката” кеттиби? Кандай болгон күндө дагы Төлөгөнов мырза баары бир Келдибековду кыйытып колдоп атканын байкабай кое албайбыз. Ал “парламенттин Москвадагы атайын өкүлчүлүгүн ачуу бул кылмыш иши эмес. Мен бул туурасында сотто да билдирдим.

Эгерде Келдибековду соттосок, анда болгону моралдык жана этикалык жагынан карашыбыз керек. Мен Акматбек Келдибеков ансыз деле кызматын жоготуп, жазаланды деп эсептейм” дейт ал. Демек анын ою боюнча мамлекеттин казынасынан ири суммадагы акча каражатын коротуп, мыйзамсыз түрдө өкүлчүлүк ачуу кылмыш эмес экен да? Анда ар бир чиновник эле өзүм билемдик менен мамлекеттин казынасынан ар нерсе ача коюп, ага тууган-туушкандарын, жакын санаалаштарын жумушка орноштуруп койсо боло береби? Анан ал туура эмес экени далилденсе, жөн гана кызматынан бошотуп, “биз муну жазалап койдук” деп көкүрөк кагып отура бериш керекпи? А коротулган акча каражаттарын ким кайра ордуна коет. Ал Төлөгөновдун батиринин балконуна өзү эле “келип” калган велосипедди кайра кайтарып берип койгондой маселе эмес да, туурабы? Эгерде ар бир чиновник ушундай ири суммада акча каражаттарын мамлекеттин бюджетинен өзүм билемдик менен сарптай берсе, анан ага жөн гана моралдык жана саясый жактан жоопкерчилик тартып жүрө берсе оңолобузбу? Логика деген кайда?

Эгерде бул логикага таянсак анда Келдибековдун Салык кызматын, Соцфондду жетектеп тургандагы мамлекетке келтирген зыяндары үчүн деле моралдык жана саясый жоопкерчилик тарттырып, эркиндикке чыгарып жиберелиби? Биз анте берсек, анда мамчиновниктер эч кандай бизнес жасабай эле мультимиллионер боло беришет го?.. Эгерде эсибизден чыга элек болсо, Келдибековдун катар-катар кымбат балуу автомашинелери, катар-катар хансарайлары, сауналары, гектарлаган жер тилкелери, Ысык-Көлдөгү 14 коттеджи, борбор шаарыбыздагы ондогон батирлери кайсыл акчага сатылып алынган деп ойлосок болот? Эгерде анын кандайдыр бир ири бизнеси болгон болсо дагы актанганга шылтоо табышса жарашмак. Бирок, андай болбой жатпайбы? Аялы Токтоматова экөөнө гана катталган ондон ашуун автомашинелер оңой акча турабы? Мамлекеттик кызматкердин айлыгы ага түтөбү? Айтор суроолор арбын. Жооп жок. Тагыраагы Келдибеков жактан жооп жок. Эл тарабынан, коомчулук тарабынан ага жооп бар. Коррупция!!! Айтор, кызык.

Акматбек мырза чет өлкөлөрдү түрө кыдырып “дарыланып” келгенден кийин соттун чечими менен үй камагында калгандан бери күбөлөр биринин артынан бири мурдагы көрсөтмөлөрүнөн баш тарта башташты. Ушундай болорун Баш прокуратура башында эле эскерткен. Катардагы күбөлөр баш тартып атканын коркутуулар, акча берүүлөр себеп болду деп түшүнөлү. Ал эми килейген эле депутаттын бүгүн тескери сүйлөп турганын кандай түшүнөбүз? Же кошунасынын велосипедине деле кызыга берген депутат Келдибековдун кандайдыр бир “сунушуна” кызыгып турабы? Же шайлоо жакындаганда Келдибековдун тарапташтарынын добушун алуу үчүн Өмүрбек Чиркешович фракциялаштары аркылуу аларга жагынып турубу?..

Айбат гезити №124




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru