Айбат » Бакыт Бакетаев: “Парламенттин өкүлчүлүгүн ачып жатканда элдин акчасын ойлош керек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Бакыт Бакетаев: “Парламенттин өкүлчүлүгүн ачып жатканда элдин акчасын ойлош керек”

Бакыт Бакетаев- Парламенттеги Республика фракциясынын депутаты Нурбек Мурашов агенттиктердин бирине курган маегинде Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу учурдун талабы деп айтыптыр. Экс-спикер Акматбек Келдибеков да убагында парламенттин Москвада өкүлчүлүк ачып, анысы мыйзамсыз экени кабарланган. Негизи эле парламенттин башка өлкөлөрдө өз өкүлчүлүктөрүн ачууга кандай карайсыз?

– Биринчи кезекте ар бир жылдын бюджети каралып жатканда анын чыгашалары бекитилет. Ал эми аны бузуп пландалбаган иштерди жасаган мыйзамды бузуу болуп саналат. Бирок, мен билгенден дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн да мындай өкүлчүлүктөрү жок болсо керек. Ошондуктан бул маселени башка мамлекеттердин тажрыйбасына карап көрүш керек. Докем (Дооронбек Садырбаев) туура айткан экен, ал: Биз Европага чейин миң жыл мурда парламенттик системада жашаганбыз деп. Кантсе да мыйзам чегинде иштеш керек. Элдин акчасын жумшап жатканда керектүү нерселерге гана короткон оң.

- Негизи Москва шаарында Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачууга кандай көз караштасыз?

– Дүйнөдө бир канча парламенттик уюмдар бар. Мисалы ТүрПАны алалы. Анын курамына бүтүндөй түрк өлкөлөрү мүчө болгон. Ушул уюмдун өкүлчүлүгүнө биздин өкүл да барып отурат. Андан сырткары КМШнын Парламенттик Ассамблеясы иштеп жатат. Менин оюмча азырынча ушулар эле жетиштүү го. Мен жеке өзүм 12 жыл эл аралык мамиле боюнча парламентте иштегем. Бизде андай өкүлчүлүк жок болчу. Демек азыр андай зарылчылык жок.

Айбат гезити №124




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru