Айбат » Элден колдоо таппаган оппозиция экинчи ирет “позор” болду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Элден колдоо таппаган оппозиция экинчи ирет “позор” болду

“Позор” болушту. Кыргыз оппозициясы экинчи ирет “позор” болду. Бириккен оппозициялык кыймылдын (БОК) 11-апрелде Жалал-Абадда өткөн курултайын айтып атабыз. 1-2 ай мурун жар салышып, Көкөтөйдүн ашын өткөрчүдөй чамынышкан БОКчулардын курултайы чогулуштун деңгээлинде да боло алган жок.

БОК

БОКтун кагаз ташыгычтары Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов болжол менен жок дегенде 5000 адам топтойбуз деп чамынып отурушкан. Иш жүзүндө болгону 150гү жетпеген адам чогулду. Анда дагы Кадыров менен Асановдун сөздөрүн уккулары келбей отургандар басымдуу болгонун айта кетели. Эл аларды ачык эле колдобой тургандыгын көргөздү. Ал гана эмес, бул эки эренди өздөрүнүн үзөңгүлөштөрү Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов, Адил Турдукуловдо да колдоого алышпады. Бул албетте, кыймылдын кагаз ташыгычтыгы үчүн болуп аткан күрөштүн натыйжасы деп туралы. Бирок ич ара ынтымагы жок, өлкөнү өнүктүрүү багытында конкреттүү программасы жок, эл арасында кадыр-баркы жок оппозиция “жыйналыш кылат элем, курултай өткөрөт элем” деп чамынып, дагы канча жолу уят болот болду экен?  Себеби “жыгылган күрөшкө тойбогон” сыңарындай, буга чейин оппозиция эл чогулта албай, өтө уятка калганы белгилүү.

Убагында “жыгач генерал” Өмүрбек Суваналиев 2012-жылы “Каршылык Көрсөтүү Кыймылы” аттуу кыймылды түзө коюп, кимге, эмнеге, эмне себептен каршылык көрсөтөрүн билбей, бир топ кыйналган. Анан айтор кыймылдап туруш керек экенин билип, “Жер-жерлерде Каршылык көрсөтүү кыймылынын чогулушун өткөрөм” деп катуу чамынган. Бийликти эптеп сынга алып туруш керек экенин, ичтеги бир адамга болгон кегин алуу зарылчылыгы болуп атканын элибиз деле түшүнүп турган. Себеби Суваналиев 2010-жылдагы түштүк коогалаңында убактылуу өкмөттүн буйругу менен Ош шаарына коммендант болуп барып, кайра 2 күндөн кийин качып келгенин жакшы билет эмеспизби. Ошентип анын жер-жерлерде өткөрө турган чогулушу Таластан баштала турган болуп, Өмүкебиз катуу чамынып барган эле, тилекке каршы эл аны колдоого албай, чогулушуна эч ким басып барбай койгон эле. Элге катуу “таарынган” генерал ошол окуядан кийин көп убакытка чейин коомчулукка чыкпай, тоо аралап, мергенчи болуп кеткенин укканбыз.

Эми БОКчулар Суваналиевчесинен тоо-ташты аралап “дербиш” болуп кетишеби же уят болсок да кыймылдап туралы деп жүрө беришеби? Бу кейпине караганда ошентишет го.

Айбат гезити №124



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru