Айбат » Ош мэри жаңы кызматтык унаадан баш тартты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ош мэри жаңы кызматтык унаадан баш тартты

Айтмамат КадырбаевОш шаардык мэриясы мэрдин азыркы кызматтык унаасы эскирди деген жүйөө менен «Тойота Лэнд Крузер Прадо» үлгүсүндөгү жолтандабас сатып алууга 2 млн 750 миң сомдук тендер жарыялаган болчу. Бирок шаар мэри бул ниетинен кайтып, жаңы жолтандабастын акчасын калаа көчөлөрүн жарыктандырууга жумшоо чечимине келди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош мэри Айтмамат Кадырбаев кызматтык унаа алуудан баш тартып, анын каражатын шаардын сырткы көрүнүшүн оңдоого, көрктөндүрүү иштерин жандандырууга, көчөлөрдү жарыктандырууга жумшоону чечкен.

Мэриянын азыркы Митсубиси Паджеро үлгүсүндөгү кызматтык жолтандабасы 2009-жылдан бери колдонулуп келет.

Булак: «Азаттык» радиосу

Айбат гезити №124




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru