Айбат » Фашисттик душмандарга ыры менен ок жаадырган акын

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Фашисттик душмандарга ыры менен ок жаадырган акын

Сооронбай ЖусуевКыргыз эл акыны Сооронбай Жусуев деген ысымды кулагы чалбаган адам жоктур. Өзгөчө поэзия жанрына кызыккандар үчүн бул кишинин эмгектери – ырлары, поэмалары чоң таасир калтыра алат. Жаш акындарга же акын болом деп тилек кылгандарга С. Жусуевдин калеминен жаралган чыгармалар дем, күч берип, таттуу уйкуда жаткан «илхомдорун» ойготуп, акындык өнөрдүн суурулуп чыгышына көмөкчү болот десек жаңылышпайбыз.

Калкыбыздын кадырман калемгери Сооронбай Жусуевич Жусуев 1925-жылы, 15-майда Ош областынын Кара-Кулжа районуна караштуу Алай-Куу өрөөнүндө жайгашкан Кызыл-Жар кыштагында төрөлгөн. Атасы – Жусу, өзү жашаган райондун чоң абройлуу, таасири күч адамдарынын бири – казысы болгон.  Жусу казы коомдо жаралган ар кандай кыйчалыш маселелерди чечип, адамдар ортосундагы конфликттерди жоюп, баарына адилеттүү карай турган. Апасы – Кумар Каракенже кызы, Сооронбай жана төрт кызды чоңойтуп, энелик мээримин төккөн жүрөгү ак, пейили таза адам болгон.

Сооронбай ЖусуевС. Жусуев айыл мектебин аяктаган соң армияга чакырылып, кандуу 1943-жылдан 1945-жылга чейин айтылуу И. В. Панфилов атындагы гвардиялык дивизияда байланышчы болуп жоокердик кызматын өтөгөн. Душман менен болгон салгылашууда эки жолу жарадар болуп, ошого карабастан патриоттук сезими күч алып, артка чегинип келген эмес. Арадан көңүл ооруткан мезгилдер өтүп, калк күткөн жеңиш да колго тийет. Акын согуштан кайтып келип, райондук «Коммунизм үчүн» газетасынын редакциясында жооптуу катчы болуп эмгек жолун баштаган.

С. Жусуевдин акындык дараметин чагылдырган алгачкы ыры майданда жүргөн мезгилинде, «Советтик Кыргызстан» журналынын беттеринин бирине «Алдыга жүргүн, кыргыздар» деген аталышта басылып чыккан. Андан соң буга удаалаш «Биз жеңишчил», «Жаркынга» өңдүү курч саптардан куралган эмгектери окурмандардын алдына сунушталган. Ошентип 1950-жылы акындын «Эмгек күүсү» аттуу биринчи ырлар жыйнагы жарык көрөт. Бул жыйнактагы ырлардын көпчүлүгү түрлүү кесиптер, колхоз, совхоз, элдин жаркын жашоосу туурасындагы темаларга арналып, окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, адабий казынабыз дагы бир мыкты китеп менен толукталган.

1957–1959-жылдар аралыгында Сооронбай агай «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналында башкы редактор, андан соң «Чалкан» сатиралык журналында жооптуу катчы милдеттерин чоң чеберчилик менен аткарып келген. Ал эми 1960-жылдан тарта 26 жыл бою Кыргызстан жазуучулар Союзунун аппаратында адабий кеңешчи болуп, кыргыз адабиятынын, өзгөчө поэзиясынын жакшырышына, ырлардын сапатын жогорулатып, курч саптардын жаралышына, таланттуу жаш акындардын тапталып, такшалышына чоң салымын кошкон.

Акындын кең калеминен жаралган ырлар окурмандардын гана жүрөгүнөн түнөк таап тим болбостон, аларга обондор жаралып, өзүнүн угармандарын топтой алды. Статистикага таяна турган болсок, С. Жусуевдин 70тен ашык ырларына музыка жазылган экен. Алар эстрада, радио жана телекөрсөтүүдө өзүлөрүнүн популярдуулугун жоготпой, көпчүлүктүн уккулуктуу ырларына айланганы чындык.

Сооронбай Жусуев, Алмазбек Атамбаев

1960–80-жылдар акындын чыгармачылыгындагы эң жемиштүү мезгилдерден болгондугуна, бул убакыт аралыгында жазылган «Үмүт», «Тирүүлөргө», «Сагыныч», «Кызыл дептер», «Чагылган» сыяктуу көлөмдүү дастандары, «Жылдыздуу тоолор», «Түрмөк булуттар», «Алтын чынар», «Бийик асман», «Керемет» жана башка жыйнактары күбө.

Сооронбай Жусуев кыргыз элине кеменгер жана тажрыйбалуу котормочу катары да белгилүү. Анын калеминен П. Тычинанын «Элдердин достугу», А. Бартонун «Балдар  үчүн ырлар», «Түркмөн акындары» эмгектери, ошондой эле У. Шекспирдин, А. С. Пушкиндин, М. В. Лермонтовдун, Р. Гамзатовдун, О. Хайямдын, Абайдын, М. В. Маяковскийдин, С. Есениндин, М. Басёнун, И. Такубокунун жана көптөгөн дүйнөлүк классиктердин чыгармалары кыргыз тилине которулган. Акындын бул эмгектери поэзиянын антологиясы болгон «Орус ырлары», «Казак ырлары», «Европа жана Азия ырлары» китептеринде басылып чыккан. С. Жусуев дүйнөлүк адабияттын каймактарынын чыгармаларын бизге жеткирген сыяктуу эле, акындын ырларын дагы мыкты котормочулар өз тилдеринде сүйлөтүшкөн. Анын ырлары жакынкы жана ыраакы өлкөлөрдүн 30дан ашык, өзгөчө казак, өзбек, тажик, азербайжан, украина элдеринин эне тилдерине которулган.

Сооронбай Жусуев, Алмазбек Атамбаев

Сооронбай Жусуевичтин чыгармачылыгындагы көзгө басар орунду анын ыр менен жазылган «Курманжан датка» романы жана «Канат менен Зарина» дастаны ээлеп турары адабият өкүлдөрү гана эмес, жөнөкөй окурмандарга да маалым.  «Курманжан датка» романы, орустун «Евгений Онегин» чыгармасындай эле кыргыз адабиятына өзгөчө бир из калтырып, адабияттын жаңы нугун, жаңы багытын ачып берди. Чыгарма кайраттуу эне, коомдук жана мамлекеттик ишмер, Алай ханышасы Курманжан датканын өмүр жолун, жеке адамдык касиетин  жаштарга сабак, үлгү катары чагылдырып берүүчү бирден-бир шедевр эмгек. Китеп 1994-жылы басылып чыгып, жалпы калайык калктын сынына коюлган. Кийин окурмандардын кайрадан суранычтары менен 2004-жылы 2-ирет басылып чыккан. Бул роман акынга Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты алып келген.

2003-жылы жарык көргөн «Канат менен Зарина» дастаны аруу сезим – сүйүүнү даңазалаган мыкты чыгармалардын катарынан орун алды. Дастан окурмандардын колуна тиери менен чоң ийгиликтерди жаратып, өзгөчө жаштардын арасында колдон колго өтүп окулган китепке айланып, кыска убакыттын ичинде өзүнчө китеп түрүндө орус, тажик, түрк, өзбек, кытай жана башка тилдеринде жарык көргөн. Чыгарманын өзөгүн Канат аттуу жигит менен Зарина өңдүү сулуунун аруу, тунук, чексиз махабаты, шум ажалга алгачкы махабатын алдырган кыздын ачуу күйүтүнө чыдабай, өз өмүрүн кыйып, түбөлүк жашоого чогу аттанган жаштардын сүйүүсү түзөт.

Күндөн жарык, айдан тунук акыныбыз өмүрүндөгү эң алгачкы сыйлыгын согуш мезгилинде, фронтто кызмат өтөп жүргөнүндө алган. СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун Жарлыгы менен 1944-жылы «Каармандыгы үчүн» медалы ыйгарылган. Ал эми согуштан кийинки мезгилде эки жолу «Эмгектеги өзгөчөлүгү үчүн» медалы,  Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин бир нече ирет, Якут АССРинин Жогорку Кеңешинин, Украина ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталарына тактыктуу болгон. 1990-жылы Москвада орус тилинде жарык көргөн «Моя жизнь» деген ыр китеби үчүн акынга А. Фадеев атындагы Бүткүл союздук адабий сыйлык, 2005-жылы Интеллектуалдык жеке менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ВОИС) алтын медалы тапшырылат. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары менен 1997-жылы «Даңк» медалы, 2000-жылы III даражадагы «Манас» ордени, 2007-жылы «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси менен ыйгарылган. Мындан тышкары С. Жусуев Бишкек жана Ош шаарларынын ардактуу атуулу, Ош мамлекеттик жана Кыргыз-Өзбек университеттеринин ардактуу профессору наамынын ээси. Ысымы кыштактардагы орто мектептерге сыймыктануу менен коюлган.

Бүгүнкү күндө дагы С. Жусуев кыргыз адабиятынын гүлдөп өнүгүшүнө баа жеткис салымдарды кошуп жатат. Анын жазган макалалары биринен бири аша баалуу кеңештерге бай болуп, келечек жаштарга тарбия берип, туура жолго түшүшүнө көмөк көрсөтүп келет. Мына ушундай карылыктын кучагында олтурган акын бир уул, төрт кыздын балдарын дагы тарбиялап, алардын кубанычында бактылуу жашап жаткан убагы.

ЭМИЛБЕК уулу Айбек,
УКГнын илимий иштер боюнча директорунун орун басары

Айбат гезити №124




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru