Айбат » Кыргызстандын бүтүндүгү, тынчтыгы   башкы орунда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кыргызстандын бүтүндүгү, тынчтыгы   башкы орунда

Эрнст СооронбаевБул күндөрдө республиканын аймактарында партиялардын шайлоочулар менен болгон жолугушуулары, ар түрдүү маанайдагы жүрүштөрү кызуу ыргакта өтүп жатат.  Өткөн бешинчи чакырылышта парламенттен адилетсиздиктин негизинде мандат ала албай калган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын күжүрмөн мүчөлөрү жер-жерлерди түрө кыдырып, өз программаларындагы өзгөчөлүктөрдү кеңири түшүндүрүп жаткан кези. Бир бөлүгү түштүктү түрө кыдырып жүрсө, экинчи бөлүгү Балыкчыдан ишин баштады. Айтор буркан-шаркан кайнаган учурду көрүп жатабыз.

Башында Эрнст Сооронбаев турган партиянын өкүлдөрү Балыкчы шаарынын чок ортосунан өз үгүт иштерин жүргүзүүчү очогун ачып, салтанаттуу кырдаалда маанилүү иш чарасын белгилешти. Албетте шайлоо өнөктүгүнө айрыкча жаштар активдүү катыша турганы айтпаса да белгилүү. Чогулгандардын басымдуу бөлүгүн жаштар түзгөндүктөн ошол багыттын тегерегинде сөздөр айтылды. Биринчи кезекте жумушчу орундарды даярдоого, спорт иштерин жандандырууга, клубдарды аракетке келтирүүгө маани берилди. Мындан сырткары бала бакчалардын, мектептердин бүгүнкү абалына саресеп салынды. Бул иштерде көптөгөн жетишпегендиктер бар экендигин  жашырса да оркойуп чыга берет. Ошондуктан андай кемчиликтерди жеринде чечүү ылайыктуу. Ансыз келечек ээлерин татыктуу тарбиялоого жол ачылбайт.

01Кандай орчундуу маселелерди чечүү керектигин Эрнст мырза жакшы билет. Анткени ал Балыкчы шаарындагы мектептердин биринде окуган. Андан кийин курулуш мекемесинде ширетүүчү болуп эмгектенип, жашоонун кадырын билген. Билим алууга ниетин бурган жигит азыр эки дипломдун ээси. Юрист катары ири ишканаларда эмгектенип, такшалды. Арийне бийик жерде отуруп алып магдыраганга эмес мамлекет үчүн иштеп берүүгө ниетин бурду. Жаштын тилегин берет дегендей эми анын аракети кырдан ашмакчы.

Масилеттешип бүткөн соң, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү кырктан ашык жеңил унаага кызыл желектерди илип алышып акцияларын башташты. Өлкөнүн бүтүндүгү, тынчтыгы, бакубатчылыгы үчүн болгон жүрүштү колдогондор арбын болду.  Эч кандай ызы-чуу болбостугуна көзү жеткен “из кубарлар” дагы көкүрөгүн басышты. Анткени айрым учурларда тескери жосундар башталып кетээри деле болуп жүргөн. Каркыра-турнадай тизилген унаалардан бейпилчиликтин, жаздын, бүтүндүктүн мээри төгүлүп турду. Жүрүшкө катышкан жаштардын көңүлдүү маанайынан тынчтыктын, жаштыктын деми сезилгенин туйдук. Албетте, бул жакшы жышаан. Бирөөлөргө залалы тийбеген жакшылыктын желаргысын тараткан мындай жүрүштөн эч ким кооптонбойт. Тескерисинче алардын бул демилгеси көпчүлүктү суктандырды.

02Балыкчы шаарына жакын жайгашкан Чырпыкты, Тамчы, Кош-Көл, Чоң-Сары-Ой, Кара -Ой айылдарын жай аралап жолдо сызган жеңил унаалардан өлкөнүн желектери, партиянын ураандары теребелге тарады. Кечке маал гана ишти жыйынтыкташып, келечектүү иш-чаралар тууралуу сөз болду. Анан маңдай-тескей отуруп алышып чай үстүндө баарлашышты. Жылкы союлуп, арак куюлуп бул жүрүш үлпөткө айланган жок. Анткени “Бүтүн Кыргызстан” партиясы дайыма таза шайлоо үчүн талыкпай күрөшүп келаткандардын туу башында.

Айбат гезити №124




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru