Айбат » Самара Каримова, ырчы, актриса: “Атты болсо минмек түгүл чаптырып да кете алам”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Самара Каримова, ырчы, актриса: “Атты болсо минмек түгүл чаптырып да кете алам”

Самара Каримова“Мен дүйнөнү апам менен таанысам, мен апамды көйнөгүнөн тааныгам” деген ыры менен белгилүү Самара Каримова бизде конок болду.

- Өзүңүз тууралуу айтып, таныштыра кетсеңиз.

– Алыскы Баткен облусундагы Лейлек районунун Өзгөрүш айылында туулгам. Атам чыгармачылык инсан – Эрмек Каримов, апам Разия Шарипова, кесиби медик. Сегиз бир тууганбыз, менден кийин бир иним. Үй-бүлөөлүмүн, эки уул, бир кызым бар. Учурда Оштогу Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрнда актриса болуп эмгектенем.

- Башка маалымат каражаттарында Сизди Айкөл айылынан деп жазып жүрүшөт го?

– Атам мугалим болуп иштеп жүргөндө Өзгөрүш айлынына жиберишиптир. Ошол жактан мен төрөлгөм, а бирок кийин кайра Айкөлгө келип, Айкөлдө өстүм.

Самара Каримова- Ырчы болуп калам деп кайсы моментте чечтиңиз, эмне себеп болду?

– Негизги эле себеп атам чыгармачылык инсан болгону болду. Аны көрүп мен да чыгармачылыкка жакындап, кичинемден бери эле райондук, областык деңгээлдеги кароо-сынактарга катышып, аралашып жүрдүм. Кээде сахна түшүмө да кирчү. Мектепти бүтүп, Манас университетинин консерваториясынын актердук бөлүмүнө тапшырдым. Актрисалык устатым кыргыз эл артисти Гүлайым Каниметова. Негизи кичинеңде эмнени тилек кылсан, ошону максат кылып койсоң, ал акырындык менен орундалат экен.

- Ырларыңыз көп жана ар бири маанилүү, өзүңүз жазасызбы?

– Кээде жазып калам, бирок чоң сахнага ырдап, аткарып чыга элекмин. Мүмкүн келечекте өзүмдүн ырларыма да обон чыгарылаттыр, бирок азырынча улуу акын, обончу инсандардын жазып берген ырларын аткарып келе жатам.

- Комуздан башка аспаптарда ойной аласызбы?

– Азырынча комузду эле чертем, бирок ооз комузга кызыгып жүрөм. Келечекте өздөштүрөм деген пландарым бар.

- Концертти элден өзгөчө беш-алты күндөн кем эмес бересиз, 19 күн берген концертиңиз да болду, бир-эки күн эле чоң стадиондо берип койсо болбойт беле?

– Албетте болсо керек, бирок мен үчүн стадион спорт аренасы. Менимче стадиондо концерттик залдыкындай, театрдын сахнасындагыдай аура эмес, башкача. Өз өнөрүңдү, талантыңды көргөзгөнгө шарт – ыйык сахна деп айтат элем.

19 күндүк концертим чындап эле элге жаңылык болду окшойт. Бирок мен башында “эл келбей калса, токтотобуз” деп айткам. Кудайга шүгүр, 19 күн бою эл келди. Себеби 19 күн бою бир эле концерт эмес, программа өзгөрүп турду. Концерттин алып баруучуларынан баштап, келген ырчы, куудул конокторума чейин ар бир күнү ар башка болду. Саламат Садыкова, Керим Турапов, Салима Балтаева, Алтынай Нарбаева, Гульнара Кахарова, Алина Жетигенова ага-эжелерим кадырлуу конокторум болуп келишти. Жаштардан Гүлжигит Калыков, Гүлжигит Сатыбеков, Данияр Эрматов, Гүлнур Асанова конок болушту. Айторр 19 күн элди бир концерт менен тажатпай, кызыктуу болду.

- Максаты эмне болду?

– Акча табуу эмес. Эң негизки максатым “Бул нерсени жазап көрсө болобу?” деп, өзүбүздү сынап көрдүк. Болот экен.

Иним Сагынбек аккордион чертет, анын коштоосунда кайрымдуулук концерттерди берчибиз. Бул жолу да балдар үйүнөн, карылар үйүнөн күйөрмандарга, майыптарга, ардагерлерге жана баатыр энелерге материалдык толук жардам бере албасам дагы, моралдык дил азык болсун, гүл азык болсун, көңүл ачып кетишсин деп концертиме чакыруу билеттерин берип, руханий жактан эс алып кетишсин дедим.

- Дүйнөлүк деңгээлде кумир сымал туткан инсаныңыз барбы?

– Узака кетпейин, орустардын ырчысы София Ротаруну кичинемден бери эле абдан жакшы көрүп, сыйлайм.

- Өзүңүз да чет элдиктерге таанылып, чет жактарга чыгып ырдайм деген пландарыңыз барбы?

– Албетте “солдаттардан генерал болот” деген сыяктуу эле менин да жакшы ой-тилектерим бар. Кыргыз эл журтум колдосо келечекте бул ой-тилектерим ишке ашат деп ишенем. Кыргыздын музыкасын, кийимин, образын дүйнөгө дагы да таанытып, жеткирүүкө аракет кылам.

Мекендештерибиздин суроолору боюнча май айында буйруса Москвага барып концерт берем. “Кичинекей балам бар, бир эле күнгө бара алам” десем болбой, эки күндүк концертке көндүрүштү.

- Дүйнөлүк деңгээлге чыгыш үчүн англисче ырдаш да керек болсо керек, репертуарыңызда барбы англис тилинде ырлар?

– Азырынча жок, бирок англис тилин өздөштүрүп жатам, келечекте ырларым болот буйруса. Технологиялык жактан дагы талапка жооп бергидей жогорку деңгээлдеги ырлары жаратуута ойлорум бар.

- Элдин бары сурап тажатса керек, бирок бизде да бир кичинекей суроо бар – жолдошуңуздун биринчи аялын тааныйсызбы, мамилеңиз кандай?

– Жеке тааныбайм, бирок ал дагы жолдошумдан мурда башка адамга турмушка чыгып, өзүнчө үй-бүлөөсү менен бактылуу экенин уккам.

- Актриса экенсиз, киного сунуш түшүп жатабы? Рольдо ат миниш керек болсо, мине аласызбы?

– Ооба, сунуштар болуп жатат. Бирок жаш балдарым болгондуктан убактым таар, азырынча киного жетишпей жатам.

Атты болсо минмек түгүл чаптырып да кете алам. Айылда, кең жайлоодо кой кайтарып, койлорго концерт берип өскөн кызмын.

- Маегиңизге чоң рахмат Самара айым, чыгармачылыгыңызга ийгилик!

– Сиздерге да рахмат. Айбат – коомдук-саясий гезитинин жалпы жамаатына жана жалпы кыргыз элиме тынчтык, бейпилдик, бакубаттуулук жана молчулук каалайм. Балдарыбыз жана төөрдө ата-энелерибиз, карыяларыбыз аман болсун, ден соолукта болсун!

Жаш балдарга болгон зордук-зомбулуктарды көрүп эне катары, адам катары жүрөгүм ооруп жатат. Элибизде, жерибизде ушундай көрүнүштөр болбосо экен деп тиленем!

- Рахмат, бар болуңуз!

 

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №124



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru