Айбат » Байыганга, турмушка чыгууга, үйлөнүүгө, бактылуу болууга эмне бут тосуп жатат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Байыганга, турмушка чыгууга, үйлөнүүгө, бактылуу болууга эмне бут тосуп жатат?

Gen Schere 1Гендик психология жомокпу же чындыкпы?

“Кээ бир кардарлар “жашоодо жакшы эле иштерди жасап жүрөм, бирок турмушумда кыйналдым, атам же агам арак ичкенин токтотпой койду, жумушум жок, канча аракет кылсам да жеке жашоодо жолум болбой жатат”,- деп келишет. Мен аларга айрым учурда ата-тегинен бери ген аркылуу берилген терс программалардан тазалангыла деп кеңеш берем”,-дейт  “Триум-инфо” борборунун психологу Нурзада Маямерова.

Психологдун айтымында, адамдын тагдырына, Кудай Таала маңдайга жазган тагдыры менен катар ата-тегинен келе жаткан тескери же оң программалар таасир берет экен. Ата-тектин программасын илимде гендик психология деп да атап жүрүшөт.

Гендик психология бул илимдеги жаңы багыттардын бири. Ал “адам өзүнүн ата-энесинен, чоң ата, чоң энесинен, таята, таянесинен, баба-бубасынан тышкы келбетинин окшоштугун, мүнөзүн жана ата-энеси ооруган бир катар оорулар менен ооруп калуу коркунучунан башка алардын тагдырын дагы мурастап калат деген теорияга негизделген. Аталган илим боюнча, биздин тагдырыбызды жөнгө салып турган мыйзамдар адамдын ДНКсынын молекуласында жазылган жана бизге ата-тегибизден “мурасталып” калат. Башкача айтканда биз ата-энебиз, чоң ата, чоң энебиз же алардын ата-энеси чече албаган маселелерди, же тескерисинче жакшы нерселерди мурастап калат экенбиз. Учурда ата-тектен, ата-бабадан келе жаткан программалар жана алардын ар бир кишинин жашоосунда берилиши тууралуу мыйзам ченемдүүлүк принциби табылып жана далилденген. Ага таянсак биз буга чейинки жашап өткөн муундардын катасын оңдоого тийиш экенбиз. Генетиктердин тили менен бул – тагдырдын мыйзамы.

Адамдын молекуласынын ДНКсы тууралуу илимий ачылыш үчүн 1963-жылы америкалык илимпоздор Нобель сыйлыгын алышкан. Окумуштуулар адамдын гени үч гана жол менен: химиялык, нурландыруу аркылуу жана психология аркылуу өзгөрөрүн аныкташкан. Психологиялык ыкма менен адамдын бейаңсезимине (подсознание) таасир бергенден кийин анын ДНКсында өзгөрүү болот жана бул кийин анын бала-чакасына мураска берилет.

Дагы бир жолу баса белгилеп кетүүчү жагдай, бул тигил же бул диний көз караш, түшүнүк жана ынанымдар менен байланышы болбогон өз алдынча өнүгүп келе жаткан илим жана аны кандай кабыл алуу ар бир адамдын өз эркинде.

 

Ичимдик ичүү, турмушка чыкпай калуу жана башкалар жөнүндө

Психолог Нурзада Маямерованын айтымында, ага келип дарыланып жаткан кардарларынын бири ичимдик ичүүгө катуу берилип кеткен. “Арак ичкен адамдын атын жашырып Исабек деп коелу. Чындыгында ал өзү үйү, короо-жайы,мал-тегесинен бери сатып, арактын артынан аябай түшүп ичип кеткен. Эмнеге ичип жатканын түшүндүрө алган эмес. Кийин психологго кайрылган кезде, анын ата-энесинен келе жаткан тескери программасы бар экени белгилүү болду. Көрсө анын тукуму үзүлсүн деген каргышка калган экен. Бул тууралуу ал улуу муундагы айылдагы аксакал кишилерден угат. Ал кишинин чоң атасы убагында Байтик баатырдын оң колу болуп жүргөн адам болуптур. Бир жолу ошол чоң атасы жигиттерин ээрчитип алып шатыра-шатман кетип бара жатып беш баласы бар жесир аялдын жалгыз семиз уюн көрүп калат. Анан жигиттерине буюруп ошол уйду карматып союп жеп алышкан экен. Ошондо аял каргаптыр. Исабек бул жөнүндө улуулардан угат. Кийин ал турмуштан өз ордун таппай, табиятынан берилген кара күчүн кайсы жерге жумшаарын билбей, акыркы арак ичип кетет. Ичкенде да аябай ичип, арак үчүн уурулук кылып сатып ичип, жатып алып ичип дегендей эле болот. Акыры ал адам түшүнүп учурда бул терс программа менен каргышты алып салыш үчүн иштеп жатат. Арагын таштады. Башка бир кыз 10 жыл бою жигити менен сүйлөшүп жүрүп бирок турмушка чыгар жолу психологиялык жактан жабык болгондуктан турмушка чыга албай жүргөн экен. Анын ата-тегинен калган туура эмес программаларды тазалагандан соң Нооруз майрамында 10 жыл бою сүйлөшүп жүргөн жигитине турмушка чыкты”,-дейт Маямерова.

 

“Аккан арыктан суу агат” же жакшы программалар да бар

Психологдун айтымында, Батыштын мектебиндеги гендик психологиянын белгилүү өкүлдөрүнүн бири доктор Чампион Курт Тойч болуп саналат. Анын концепциясы боюнча алдамдын генетикалык коду анын болочок жашоосунун көп бөлүгүн аныктайт. Бул концепция акырындап илимий чөйрөдө өз ордун таап жатат. Доктор Тойчтун концепциясы боюнча адам көп учурда өзүнүн ата-бабасынын генетикалык кодунун жана маселелеринин курмандыгы болуп калат, ал кааласа да каалабаса дагы алардын чечилбеген маселелерин жана каталарын кайталайт.

“Чындыгында кээ бир адамдар дүйнөлүк диндерде айтылып келген ууру кылба, ушак сүйлөбө, киши өлтүрбө деген мыйзамдарды аткарып жүрсө деле жолу татаал болуп, иши жүрүшпөйт. Айрымдар болсо кол оорутуп, бел жоорутуп аракеттенбесе деле жашоосу май-көл, сүт көл болуп дегендей жакшы жашайт. Кыргыздарда “аккан арыктан суу агат” деп да коюшат. Жакшы тукумдун баласы болгон, ата-бабасы бай жашаган адамдардын балдары кийин дагы жакшы жашоодо жашап жатканына турмушта көп учурда күбө болуп жүрөбүз. Демек терс программалар менен катар жакшы, оң программаларды дагы мурастап калабыз. Кээ бир адамдар тескерисинче бир документин бүтүрүш үчүн бир эшикти он жолу жыртат, ишкердик кылса иши жүрүшпөйт. Айрым адамдар жашоосуна ата-энесин күнөөлөйт, “жашоосу ушундай болуп калып, ошондуктан мен минтип жатам антип жатам” дейт. Бирок ата-энелерге дагы бул туура эмес программа алардын ата-энесинен берилген, аларга болсо алардын ата-энесинен дегендей. Ата-бабанын терс программасын чыгарыш үчүн алардын кимиси кандай маселе менен жашаганын билүү абдан маанилүү, муну улуу муундагы кишилерден сурап билсе болот. Ата-энеси жок жетим болсочу, же балдар үйүндө тарбияланган болсочу деген суроо келип чыгат. Анда эмне үчүн жетим болуп калды, бул эмне деген терс программа мунун себептерин карап чыгыш керек. Буга атайын бул багыт менен иштеген психолог адистер жардамга келет. Эгер сиз менен биз бул маселени чечпесек, мындай кыйынчылыктарды балдарыбызга өткөрүп беребиз. Ошондуктан мен гендик психологияны учурда жашообузда кеңири колдонушубуз керек жана өзүбүздүн ата-тегибизден келе жаткан курмандык орусча айтканда “жертва” болгон программаларыбыздан тазаланышыбыз керек”,-деп сөзүн жыйынтыктады Маямерова.

 

Маалымат үчүн

1919-жылы атактуу австриялык психолог жана психиатр Зигмунд Фрейд өзүнүн эмгегинде “адам жакшынакай жашоодо жашап туруп эле бир маалда “аябай, өлүп кала турганчалык ачка болгон” учурда, катуу коркууга кабылганда же жана башка күчтүү эмоцияларда согушту, кырсыкты же башка трагедияларды башынан өткөргөн алардын ата-бабасынын сезимдерин башынан өткөрүп жаткан болушу да ыктымал” деп жазган. Анын шакирти Юнг өзүнүн устатынын бул эмгегине кошумча кылып адамдын ата-бабасы трагедиялык окуяга кайсы куракта кабылса анын небере-чөбөрөлөрү дагы дал ошол куракта ушундай түшүнүксүз сезимдерди башынан өткөрөрү тууралуу кандайдыр бир мыйзам ченемдүүлүктү илимий практикасынын учурунда байкаган. Гендик психологияга ылайык мурасталган маселелер бир же эки муун өткөндөн кийин кайталанат. Мисалы, небереси чоң атасы же чоң энеси чече албаган, же ишке ашыра албаган умтулууларын ишке ашырууга аракет кылат. Бул багыттагы окумуштуулардын берген статистикасы боюнча 30 пайыз кыйынчылыктар биздин жеке ынанымдарыбыздан, турмуштан алган туура эмес тажрыйбабыздан улам келип чыгат. Ал эми калган 70 пайызын ата-тегибизден “мурастап” алабыз.

Булак: Кабар ордого

Айбат гезити №124



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru