Айбат » Байсереков Кубатбек, элдик дарыгер: “Кыргызстанда 150 дары чөптүн түрү бар”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук, Маек » Байсереков Кубатбек, элдик дарыгер: “Кыргызстанда 150 дары чөптүн түрү бар”

Байсереков Кубатбек, элдик дарыгерИлгери ата-бабыз оооруп сыркоолоп калганда ар кандай дарылык касиети бар чөптөрдүн таасири аркылуу эле айыктырып келген экен. Азыркы учурда да мындай чө.п менен дарылаган адамдар чанда гана кездешет. Мына ушундай дары чөптөр менен адамды дарылаган касиетке ээ болгон Кубат байкебиз биз менен өзүнүн чакан дүйнөсү менен бөлүшө кетти.

- Ассалоому алейкум Кубат байке?

– Алейкум ассалоом.

- Кубат мырза, алгач сөздү өзүңүздөн баштасак. Сиз өзүңүз кайсыл жердин кулуну болосуз?

– Мен 1968-жылы Ысык- Көл облусуна караштуу Жети- Өгүз районунун Дархан айылында төрөлгөм. Онунчу классты аяктагандан кийин Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келип, 1989- 1993-жылдары Фрунзедеги Айыл чарба институтунун экономика факультетинде билим алып, экономист адистигине ээ болуп чыктым.  Тилекке каршы айыл чарбасы жоюлуп кеткендиктен  адистик боюнча иш алып барууга  мүмкүндүк болбоду.

- Демек сиз адистигиңиз башка болсо да  учурда элдик дарыгерлик менен алектенип колуңуздан адамдар шыпаа таап жаткан экен. Бул жолго кандайча келип калдыңыз, буга эмне түрткү болду?

– Жогоруда айтпадымбы  союздун кулашы менен бир эле мен эмес көптөгөн мага окшогон жаштардын иш табышы кыйын болуп калды.  Кийинчерээк массаждык курсту аяктадым. Ошол мезгилде өзүм да бир аз ден-соолуктун айынан элдик дарыгерликке кайрылууга туура келип калды. Мына ошол учурдан баштап чөп менен дарылоого кызыгып, ынтызарланып калдым. Алгач бир жигитти дарыладым. Анда мен укалоо менен иштеп жүргөн элем. Бизге кайрылган жигиттин бел оорусунун жөн эле укалоо менен айыкпасына көзүм жетип, ага дары чөптөрдү коштум. Дарылоо жакшы натыйжасын берип, жигит сакайып басып кетти. Ошондон баштап дары чөптөрдүн касиеттерин толук изилдеп үйрөнүүгө белсенип кириштим.

- Дары чөптөр тууралуу маалыматтарды кайдан алдыңыз, кимден үйрөндүңүз?            

– Чөптөрдүн дарылык касиеттери тууралуу ар кыл адабияттарды көп окуп чыктым. Көпчүлүгү орустардан чыккан ар кандай адабияттар. Биздин адабияттардан болсо Алтымышевдин, Алымбаеванын эмгектери. Мага өзгөчө баалуу табылга – Абу Али ибн Синанын 10- томдугу болду. Бул эмгекти окуп чыккандан кийин мен мурда колдонуп жүргөн ыкмалардын тууралыгына көзүм жетип, билимимди андан ары тереңдетип, тамыр кармоо жолу менен бир канча чөптөрдүн жыйындысынын дарылык касиеттерин колдонуп  жакшы натыйжаларга жетише алдым.

- Сизге кайрылган адамдын оорусун кантип  аныктайсыз жана тигил же бул чөптү кайсы бир ооруга колдонууда эмнеге таянасыз?

–  Негизинен мен ооруну тамыр кармоо жолу менен аныктайм. Адамды денесинин 70 суу түзүп турат. Ал эми өзүңүздөр билесиздер суу маалымат алып жүрүү касиетине ээ. Тамыр кармаган мезгилде тиешелүү маалыматты туюм аркылуу алып андан кийин тиешелүү чөптөрдү жазам. Тамырчылык бул жеңил-желпи эле жете коюучу нерсе эмес экен. Дартты аныктоо да өтө кыйын. Бул өзгөчө бир табият тарабынан берилүүчү, өзгөчө  даярдыкты талап кылуучу нерсе. Албетте бул туюмду ар дайым өнүктүрүп, байытып туруу зарыл. Алсак, кыргыздын өзүнүн тамырчылык өнөрүндө негизинен тамырдын согушун ысык жана суук деп карап келет, ал эми Авицена боюнча тамырдын согушун төрткө бөлүп карайт: ысык, суук, кургак, нымдуу. Мисалы бөйрөккө , табарсыкка суук тийгенде бөйрөк канды көп тазалай албайт экен да денеге суу көп жайыла баштаганда шишиктерди пайда кылат , ал эми кургагы болсо адам арыктап эти качып кеткени кургак деп айтылат экен.

- Кыргызстанда дарылык касиетке ээ болгон канча чөптүн түрү бар?

– Кыргызстанда 150  дары чөптүн түрү бар экен . Анын 60-70 даана колдонулуп жүрөт. Ал чөптөрдүн  ысыгы бар суугу бар, жел кетирүүчүсү, уйкуну тынчтандырып нервди эс алдыруучусу жана башка ушул сыяктуу бир канча  касиеттери бар. Эми ушуну менен катар эле ооруну айыктыруунун дагы бир жолу бул- кол менен укалоо жолу башкача айтканда массаж жасоо. Бул ыкманы дагы адамдарды дарылоодо кеңири колдоном.

- Менин түшүнүгүмдө сиз чөп менен дарылоону укалоо ыкмасы менен бирге колдонот экенсиз. Көпчүлүк жерлерде же чөп менен же укалоо ыкмасын гана колдонушат. Экөөнү чогуу колдонуунун максаты эмнеде?

-Мисалы чөптүн жыйындысы ичтеги желди кетире баштайт, заараны бөлүп чыгара баштайт, укалоонун аркасында кысылып калган кан тамырларды жибитип бересиң да  чөп аркылуу канды тазалап алып адамды батыраак сергитип алууга мүмкүндүк түзүлөт. Укалоо жолу адамды тынчтандырып денени жибитип берсе, а чөп болсо адамды эс алдырат да аппетитин ачат. Негизинен эле ооруну айыктырууну ичегини тазалоодон баштаса андан кийин тамак сиңип , кандын составы башка курамга өтө баштайт да дарттан арылууга шарт түзүлөт.

-  Дары чөптүн дарыканада сатылып жаткан дарылардан кандай айырмасы бар?

– Эми аптекадагы дарылардын курамын, эмнеден жасалат анын касиеттери тууралуу тигиндей же мындай деп айталбайм. Ал эми чөп менен дарылоо мезгилинде алардын касиеттерине жараша денеге тийгизип жаткан таасири көз алдымда болуп турат. “Адамды айыктыруунун канча жолу бар деген” суроого  Авицена: ”Үч жолу бар: 1-сөз. Канчалык адамдын ичине сөз менен ишенич жарата аласың -ал адам айыгат. 2- чөп дары. Чөп дары  менен адамды ичиндеги дарттан арылтасың,  ал эми 3- бул бычак”,- деп жооп берген экен.

- Бул чөп дары менен каалаган бардык эле кишилер иштей берсе болобу же буга кандайдыр бир шык керекпи?

– Бул жашоодо ар бир адамга ар башка өнөр берилет экен. Бирөө устачылык кылса, бирөө багбанчылык кылат, бирөө сүрөтчү, бирөө жазуучу жана башка.  Эми менин кылып жаткан жумушумду мен өнөр деп эсептейм.  Өнөр да эки жол менен берилет . Биринчиси табигый жол, экинчиси табылга жол. Табигый жол – ички дүйнөңдө болуп жаткан нерсе, табылга жол – жанагы китептерден алган билимдериң. Ушул эки жолду айкалыштыра билсең көп нерселерге жетүүгө болот экен. Муну менен тигил же бул адамды өз алдыңча чөп ичпе деп айтуудан алысмын. Эгерде адам кандайдыр бир чөптүн касиетин иликтеп, мага дары болот деген ишенич менен ичсе албетте оң таасирин тийгизет . Бирок,  уу чөптөрдү колдонууда этият болуу зарыл. Мен уу чөптөр менен өтө зарыл учурда гана дыкаттык  мамиле жасап иштейм.

- Чөптөрдүн ар кандай организмге тийгизген таасири кандай? Бир эле касиеттеги чөп ар бир адамга бирдей эле таасир тийгизеби?

– Чөптүн касиети бир эле. Маселе организмдин өзгөчөлүгүндө. Тигил же бул чөп кээ бирөөгө жагымдуу таасир тийгизсе кээ бирөөнү тескерисинче шалдыратып коюшу мүмкүн. Бул ошол мезгилдеги адамдын ал- акыбалына жараша болот. Жогоруда биз сөз кылгандай анын ысык- суугуна жана башка нерселерге байланыштуу болот.  Мисалы: арпа өзү ысык болот, буудай- жел болот, ак нан ич көптүрөт, кара буудайдыкы болсо кычкылды жоготуп, майлуу тамакты сиңирип берет жана башка.  Ошондуктан эгер мүмкүнчүлүк болсо тамыр аркылуу аныктап алып андан кийин дарыланууга киришсе деп ойлойм.  Мен өзүмдүн практикамда ар бир адамдын өзгөчөлүгүнө жараша ар кандай чөптөрдүн жыйындысын жасайм . Бир нече чөптүн жыйындысынын жалгыз бир чөптү ичкенден айырмасы бар. Бир эле түрдүү чөп ичкенде бөйрөгүңө жаккан нерсе ашказанга жакпай калышы мүмкүн, ал эми чөптөрдүн жыйындысы болгондо чөптөр бири –бирине жардамчы болуп кетет. Алсак, ашказандын кычкылын жоюу менен зыгырдын уругун колдонсоң бөйрөктү тазалап коет. Азыркы учурда 18, 21 чөптөн турган жыйындыны жасап жүрөм. Муну менен мен бир эле учурда баштан тартып бутка чейин таасир эткенди көздөп жатам.

- Сиздин ушундай элди дарылап калганыңызга эмне себеп болду жана бул туюм сизге каяктан келе жатат ?

– Бир себебин мен бая жогоруда айтып кетпедимби. Заманга жараша адистикти алмаштырууга туура келди. Балким  менин азыркы кылып жаткан ишиме себепкер болгонбу билбейм. Ал эми сиз айтып жаткан туюмду мен жараткан тарабынан берилген ырыскы деп кабылдайм. Ушуну менен элиңе жардам бер деген ырыскы катары баалайм. Адам канчалык адамга жардам берем десең ички дүйнөңдү тазалап чыгышын керек экен. Мисалы үчүн эң биринчи коркууну алып ташташың керек, экинчи күмөн саноону, үчүнчүсү кызганычты анан эң эле оор нерсе таарынычты алып салуу керек экен. Канчалык көкүрөгүң таза турса, сен ошончолук таза энергияга ээ боло алат экенсиң да адамдарга жардамдаша алат экенсиң. Башкача түшүндүрмө айта албайм.

- Ушул өнөр сизге укум-тукумдан берилгенби. Балким жогору жакта өтүп кеткен ата- бабаларда ушундай өнөр болгондур?

– Мен билгенден чоң ата чоң энелерибиз андай деле дарыгерлик кылганын уккан эмесмин. Бирок намазын окуп молдочулук кылып жүргөн адамдар болгон экен.

- Адам баласы жазында чарчап, шалдырап маанайы чарчаңкы болуп калат эмеспи буга кандай сунуштарыңыз бар?

– Кышында адамдын денеси ички ысыктыкты сыртка чыгарбаганга аракет кылып, ички запастарды өзүнө кармап, сууктан сактануунун жолдорун кыла башташат. Жаз келер менен бүт дене жазыла баштайт да ички энергия тарай баштайт. Жерге көк чыккан мезгилден тартып башкача айтканда күн жылыгандан баштап адамдын кан айлануусу төмөн болуп, дене алсырап баштайт. Ушундай мезгилде кан басымы төмөн адамдар алтын тамырды коньякка 50 грамм чылап коюп жатарда 30-50 граммга чейин ичип жатса, түнү менен жүрөк иштеп чыгат да эртең менен сергек ойгонот. Мындан сырткары жаздын күнү итмурунду, долонону, зверобойду, өрүктүн кагын компот кылып жасап ичип турса бул дагы күч -кубат берет.

Рахатбек РысалиЕВ

Айбат гезити №124



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru