Айбат » Чыныбай Турсунбеков: “Парламенттик көпчүлүктүн тагдыры “Ата мекен” фракциясынын “Кумтөр” боюнча чечиминен көзкаранды”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Чыныбай Турсунбеков: “Парламенттик көпчүлүктүн тагдыры “Ата мекен” фракциясынын “Кумтөр” боюнча чечиминен көзкаранды”

Чыныбай Турсунбеков“Парламенттик көпчүлүктүн тагдыры “Ата мекен” фракциясынын “Кумтөр” боюнча чечиминен көзкаранды” деп билдирди КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков 24.kg агенттигине курган маегинде.
Анын айтымында, парламенттик көпчүлүктүн кеңеши “Кумтөр” боюнча бирдиктүү чечим кабыл алган. Ал эми алтын кенин улутташтыруу талабын койгон “Ата мекен” фракциясына коалициянын чечими менен макул болууга убакыт берилген. “Эгер социалисттер биз менен макул болсо, мындан ары кызматташабыз жана коалиция ушул түзүмүндө калат. Эгер “Ата мекен” алтын кенин улутташтыруу талабынан кайтпаса, коалициянын бузулуу коркунучу жаралат. Ага чейин премьер-министрге талапкер тандоо маселесин талкуулап турабыз. КСДП фракциясынын 24-апрелдеги жыйынында бул маселе каралбайт”, – деген Чыныбай Турсунбеков азырынча конкреттүү талапкер жок экенин белгиледи.

Айбат гезити №125



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru