Айбат » А.Калматов ЕКПАнын Миграция иштери жана качкындар боюнча баяндама жасады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » А.Калматов ЕКПАнын Миграция иштери жана качкындар боюнча баяндама жасады

Анарбек КалматовКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Анарбек Калматов бүгүн, 23-апрелде Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) Миграция иштери жана качкындар боюнча комитетинин төрагасы Т.Мариани менен жолугушуп, аталган комитеттин жыйынында баяндама жасады.

Жогорку Кеңеш депутаты А.Калматов жасаган баяндамасында Кыргызстанда демократияны өнүктүрүүгө жана экономикалык кырдаалга, улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө, жумушсуздук менен миграцияны кыскартууга багытталып жүргүзүлгөн мамлекеттик саясаттын натыйжаларын белгиледи.

Ошону менен катар А.Калматов аталган комитеттин мүчөлөрүнүн Кыргызстандагы парламентаризмди өнүктүрүү келечегине, жалпы саясый абалга жана миграция маселелерине кызыгып узаткан суроолоруна жооп берди.

ЕКПАнын Миграция иштери жана качкындар боюнча комитетинин төрагасы Т.Мариани Кыргызстан демократиялык баалуулуктарды бөлүшкөн маанилүү өнөктөш болуп саналаарын баса белгиледи.

Айбат гезити №125




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru