Айбат » Асылбек Жээнбеков, ЖК спикери: “Оторбаев Кумтөр боюнча отставкага кетти”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Асылбек Жээнбеков, ЖК спикери: “Оторбаев Кумтөр боюнча отставкага кетти”

жээнбековЖогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Жоомарт Оторбаевдин отставкасын Кумтөр маселеси менен байланыштырды. Бул тууралуу төрага парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, Оторбаев өкмөт башчысы катары Кумтөр маселесин чече алган жок:

- Сизди отставкага кетирген негизги маселенин бири Кумтөр маселеси болду. Эки жыл бул маселени өкмөт чече алган жок. Сизге чейин Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү да аягына чыгара алган эмес, – деп Оторбаевге кайрылды.

Асылбек Жээнбеков Оторбаевдин отставкасын Кыргызстандагы жаңы саясий маданиятты түптөдү деп кошумчалады.

Бүгүн Жогорку Кеңеште премьер-министр Оторбаев отставкага кетерин жарыялаган. Оторбаев былтыр апрелде “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө” парламенттик коалициясы тарабынан көрсөтүлүп, дайындалган. Бул коалиция КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциясы кирет. Эми мыйзам боюнча өкмөт курамы толугу менен отставкага кетет.

Булак: “Азаттык” радиосу

Айбат гезити №125




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru