Айбат » Токтогулга суу толууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Энергетика » Токтогулга суу толууда

Токтогул суу сактагычыӨткөн жылдын кургакчыл болуп, анын кесепетинен суу сактагычта суунун азтоптолушу энергетикалык көйгөйдү жаратып, кыш мезгилинде коңшулаш Казакстанданэлектр энергиясын сатып алууга мажбур кылганы жашыруун эмес. Мындай табияттынсыноосу айрым өздөрүн энергетика жаатындагы эксперт катары санашканмекендештерибиздин чырагына май тамызып, бийликти колдорунан келишинче шыбапжатып калышканын көрдүк. Алардын маал-маалы менен атайылап бул теманы козутуп,коомчулуктун көңүлүн бурдуруу үчүн, башаламандыкка үндөө максатында жасаптурган билдирүүлөрү бет пардаларын сыйрып, кимдин ким экендигин көргөзүпкойгондой болду. Ошондой кыштан калган “жомогун” кече жакында эле ЭрнестКарыбеков өңдүү эксперт чалыш билдирип “Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүкескин төмөндөп, ГЭС авариялык абалга кептелип калды” деп кыйкырып чыккан.Кудайга шүгүр, калп эле күйүмүш түр көрсөтүп атышканы менен “ГЭСте авария болупкетсе экен” дегендей эле тилекте турган мындай адамдардын тилектери таш капты.Тактап айтканда “Электр станциялар” ААКсынын расмий билдирүүсү боюнча ушулжылдын 20-апрелинде суу сактагычка агып кирип аткан суунун көлөмү секундасына410 куб метрди түзгөн. Чыгымдалып жаткан суунун көлөмү болсо 264 куб метрди түзөтэкен. Демек, чыгымдалып аткан сууга караганда агып кирип аткан суунун көлөмүэки эсеге жакындап барат. Расмий маалыматка караганда мындай агып кирип аткансуунун көбөйүшү октябрь айына чейин уланат. Андыктан келерки кыштын алдындабуйруса суу сактагыч сууга мелт-калт болуп толуп калат деген ишенимибиз бар…

Айбат гезити №125




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru