Айбат » Тынчтык проспектиси менен Түштүк магистралы кесилишкен тарапта жайгашкан парктык зонадагы аянтты өкмөт аукционго коюп сатып жиберген, – И.Өмүркулов

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Тынчтык проспектиси менен Түштүк магистралы кесилишкен тарапта жайгашкан парктык зонадагы аянтты өкмөт аукционго коюп сатып жиберген, – И.Өмүркулов

магистраль

Тынчтык проспектиси менен Түштүк магистралы кесилишкен тарапта жайгашкан парктык зонадагы аянт өкмөткө карайт, аны аукционго коюп сатып жиберген. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов бүгүн, 14-июнда билдирди.

Ал билдиргендей, бул аймак боюнча азыр өзүнчө комиссия иштеп жатат «Тилекке каршы, 2010-жылдагы окуялардан кийин ал жер улутташтырылып кеткен. Кийин өкмөт аны аукционго коюп сатып жиберген. Ошон үчүн бул жер азыр биздин юрисдикцияда эмес. Ал өкмөттүн карамагында», – деди шаар башчысы.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, азыр ал жактагы курулушка уруксат бериле элек. «Курулушту баштоого уруксат бербей жатабыз, ал эми менчик ээлери болсо бизди сотко берип жатат», – деп кошумчалады ал.

Булак : Баракелде


Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru