Айбат » Коомчулук «Вечерний Бишкектин» жетекчилигине нааразы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Коомчулук «Вечерний Бишкектин» жетекчилигине нааразы

Рысбай СарногоевАкыркы кездеги “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн айланасындагы чуулгандуу окуянын кайра күчөп баштагандыгынан улам коомчулукта ар кандай көз караштар күч алды. Бул сапар“Вечерний Бишкектин” башчысы Александр Кимдин президенттин айланасындагылардын дарегине карата ар кандай сөздөрдү айтуусу коомчулуктун кыжырын кайнатты. Натыйжада элдин жалпы биримдигин сактоо үчүн “Элдик Сакчы”, “Патриот”, “Мекен үчүн” жана “Таза Коом үчүн” коомдук бирикмелери АКИпресс маалымат агенттигинде “Вечерний Бишкектин” жетекчиси Александр Кимдин акыркы кездердеги ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришти.

Маалымат жыйынында коомдук бирикмелер жана орус тилдүү журналисттердин кайым айтышуусунун курчуп кетиши атайын “Вечерний Бишкек” гезитинин кызматкерлери тарабынан Александр Кимдин кызыкчылыгында даярдалган суроолору себеп болду. Ал эми “Элдик Сакчы” коомдук бирикмесинин төрагасы Алга Кылычевдин көз карашында Александр Ким качкын президент Курманбек Бакиевдин жана анын уулу Максимдин кызыкчылыгын коргоп жаткандыгынан шеги жок экенин айтат. Төмөндө маалымат жыйынында айтылган пикирлердин маанилүүлөрүн беребиз.

 

Алга Кылычев, “Элдик Сакчы” коомдук бирикмесинин төрагасы:

“Александр Ким эч кандай биздин мамлекеттик кызыкчылыкты ойлобой коммерциялык жолду көздөп, Президенттин оброюна шек келтирип жатат”

- Акыркы кездердеги Вечерний Бишкек газетасынын ишмердүүлүгү, анын тегерегиндеги талаш тартыштар тууралуу эмес, Александр Кимдин өзүнө кайрылуу жасайбыз. “Урматтуу Александр Ким сиз жеке кызыкчылыгыңызды ойлоп, сырткы басма сөз кызматтары аркылуу Белорусиянын президентине жана Россиянын президентине кайрылуу кылууңуз президентти жана Кыргызстандыктарды сыйлабагандык гана болбостон, мыйзам бузуу да болуп саналат. Ал эми президенттин айланасындагы адамдарды президенттин кооптуулугун жаратып жатат деп айтуу сиздин жеке кызыкчылыгын коргоп жатат деп түшүнсөк болот. Ким мырза Максим Бакиевдин кеңешчиси болуп турган учурда “Вечерний Бишкек” газетасынын көп акциясын өзү тарабына оодуруп алганын билебиз. Ушундан улам Александр Кимдин жеке ишмердүүлүгүн, канча салык төлөп жаткандыгын Башкы Прокротура текшерип чыгуусун талап кылабыз. Андан тышкары “Вечерний Бишкектин” имараты жайгашкан мурдагы балдар бакчасын мамлекетке өткөрүп берүүнү сурайбыз.  Биз эч кандай кызыкчылыктын негизинде эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлоп кайдыгер карап турбай маалымат берүүнү чечтик.

 

Рысбай Сарногоев, “Таза коому үчүн” коомдук бирикмесинин жетекчиси:

“Биз ким Бакиевди колдосо ошолорго каршы чыгабыз”

- Биз эч кандай журналисттерди экиге бөлүп жаткан жокбуз. Бул жердеги Кыргызстандагы журналисттер шылдыңдагандын ордуна кыргызча сүйлөгөндү өзү үчүн да билиши керек. Эгер мындай сөзгө түшүнгүсү келбеген журналисттер болсо Россияга кетип, ошол жакта иштесин. Биз ким Бакиевди колдосо ошолорго каршы чыгабыз

 

“Бул жерде Александр Ким эч кандай элдин кызыкчылыгын ойлогон жок”

- Александр Ким жалпы кыргыз журналистикасын орус тилдүү жана кыргыз тилдүү деп бөлүп жатат. Анын мындай бөлүүгө эч кандай акысы жок. Биз “Вечерний Бишкек” газетасын, маалымат порталын эч кандай жаман деп жаткан жерибиз жок. Ал жакта мыкты журналисттер коомдук пикир жаратып жаткандыгын билебиз. Анткени, акыркы кезде ал жактын кызыкчылыгы батыштын кызыкчылыгын коргогону байкалып калбадыбы. Ошондуктан биз, Бакиевди ким колдоп жатса аларга каршы чыгабыз. Америкадан жүк келгенде деле биринчилерден болуп “Вечерний Бишкек” жазып чыкты, алардын кызыкчылыгын коргоду. Эгер ошонун жыйынтыгында кыргызстанда чоң баш аламандык башталып кетсе Александр Кимге окшогондор качып кетет. Бул жерде Александр Ким эч кандай элдин кызыкчылыгын ойлогон жок. Ойлосо мындай иштерге барбайт эле.

Айбат гезити №125




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru