Айбат » “Вечерний Бишкектин” президентке жана коомчулукка жасаган кайрылууларында Конституциялык түзүлүштү бузуу чакырыктары барбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » “Вечерний Бишкектин” президентке жана коомчулукка жасаган кайрылууларында Конституциялык түзүлүштү бузуу чакырыктары барбы?

Вечерний БишкекОн чакты жылдан ашуун убакыт мурун Акаевдин күйөө баласына тарттырып жиберген «Рубикон» компаниясындагы 50 пайыз үлүшүн Бакиевдин убагында да кайтара албай, тескерисинче бир убактагы өнөктөшү Александр Кимге алдырып жиберген Рябушкин мыйзам чегинде өзүнүн үлүшүн сот аркылуу алгандан бери «Вечерний Бишкек» басма үйү тынч эмес. Аталган компаниянын жетекчиси Александр Ким жана анын командасы адегенде президентке, андан соң жалпы коомчулукка кайрылуу жасады. Анда ачык эле президенттин айлданасындагы айрым адамдарга айып тагып, андан сырткары коомчулукка «бир ууч топтогу адамдардан мамлекетибизди сактайлы» деген чакырыктар дагы жасалды. Кайрылуунун жалпы маанисинен алып караганда бүгүнкү күндө сөз эркиндигине кысым болуп жатыптыр. Анан дагы бир ууч топ гана бизди башкарып, каалаганын кылып жатат экен. Албетте, мындай көз караш менен учурда калкыбыздын бери эле дегенде 80 пайызы макул эмес. Эч кандай сөз эркиндиги кысылган жок. Мурдагыдай кимдир-бирөөнүн бизнесин күчкө салып тартып алуу деген нерсе токтогон. Ал эми «Вечерканын» айланасындагы талаш – булл жөн гана эки адамдын үлүш талашы, чарбалык маселе. Андыктан жогоруда аталган эки кайрылууда конституциялык түзүлүштү бузуу чакырыктары бар, же жок экендигин Улуттук коопсуздук комитети текшере тургандыгы малым болду. Бул туурасында аталган комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов маалымат булактарына билдирген. Кайрылуудагы чакырыктарга экспертиза жүргүзүлүп, андан соң укуктук баа берилет. Албетте ага чейин бир беткей пикир айтуудан алыс болуп туралы. Ошентсе да «Вечерканын» жамааты учурда эптеп эле элдин толкундоосун жарата албай жатышкандыгы байкалууда…

Айбат гезити №125




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru