Айбат » Кыргызстандын парламент өкүлдөрү Бакиевдерди экстрадициялоо боюнча ЕКПАга кайрылышууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кыргызстандын парламент өкүлдөрү Бакиевдерди экстрадициялоо боюнча ЕКПАга кайрылышууда

Каныбек ИманалиевКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев жетектеген делегация Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) жазгы сессиясына катышууда. Делегациянын курамында ЖКнын Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Анарбек Калматов жана Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү Бахадыр Сулайманов бар.

ЕКПАнын пленардык жыйынынын алгачкы күнү Кыргызстандын парламенттик делегациясынын башчысы К. Иманалиев чыгып сөз сүйлөдү.

Ал 2010-жылы Кыргызстан өлкөнүн өнүгүү багытын аныктаган бир канча окуяларды баштан өткөргөнүн айтып берип, 2015-жылдын 7-апрелинде Элдик революциядан бери туура беш жыл өткөнүн эске салды.

«Бакиевдер тынч митингге чыккан адамдарды атууга жекече буйрук беришкен. Бул окуя алардын кандуу режиминин жеткен чеги болчу. Ал күнү тынч жүргөн жарандар атып өлтүрүлгөн. 120 киши окко учуп, 1 миңден ашуун адам жарадар болгон. Президент Бакиев, Мамлекеттик сакчылык кызматын жетектеген анын бир тууганы Жаныш, улуу уулу Марат өлкөдөн качып чыгышкан. Өз мекенинде алар кызматынан ашыра пайдалануу менен коштолгон массалык киши өлтүрүү боюнча айыпталып, эл аралык издөөгө берилген», – деди К.Иманалиев. Ал авторитардык башкаруу учурунда бакиевдерге жакпаган адамдар опузага кабылып, майып болуп, өлкөдө бир топ депутаттар, ишкерлер жана журналисттер киши колдуу болгонуна көңүл бурду.

«Бакиевдер жана алардын коштоочулары бир катар Европа мамлекеттеринде баш паанек тапкан. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен кошо Беларуста жашайт, анын айрым жакындары Улуу Британияда турат», – деп, К.Иманалиев Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына бакиевдерди экстрадициялоодо Кыргызстанды колдоого үндөдү.

«Кыргызстандын тынч жүргөн жарандарынын канына забын болгон Бакиев жана анын жан-жөкөрлөрү кылмыш жообуна тартылып, жазасын алышы керек. Тилекке каршы, курман болгондорду биз кайра кайтарып келе албайбыз, бирок силердин жигердүү жекече көмөгүңөр менен адилеттикти калыбына келтирүү колубуздан келет. Кыргызстандын эли Сиздерге чексиз ыраазы болот», – деди К. Иманалиев.

«Саламаттык сактоого, билим берүүгө жана инфраструктурага жумшалмак болгон жүз миллиондогон доллар жок болду. Элден уурдалган бул акчаны өлкөдөн К. Бакиевдин үй-бүлөсү мыйзамсыз чыгарып кеткен», – деп кошумчалады парламенттик делегациянын башчысы.

Акыркы убакта байкалгандай, ар кайсы өлкөлөрдүн жетекчилери мыйзамсыз топтогон каражаттар дүйнөлүк коомчулуктун, Евробиримдиктин жардамы менен өз мекенине кайтарылууда. К.Иманалиев бул боюнча Африка жана Азия өлкөлөрүн мисал келтирди. Европа Биримдиги Украинанын мурунку жетекчилигинин активдерин тоңдуруп салган да жайы бар.

Сессияда төрагалык кылган ЕКПАнын вице-төрагасы Р.Руке кыргыз делегациясын Кыргызстанга жакында ыйгарылган «Демократия боюнча өнөктөш» статусунун алкагында ЕКПАнын пленардык сессиясында сүйлөнгөн алгачкы сөз менен өз атынан куттуктады. Ошондой эле Р.Руке жакын арада ЕКПАнын делегациясынын курамында Кыргызстанга келип кетүүгө убада берди.

21-апрелде КР Жогорку Кеңешинин делегациясы ЕКПАнын Миграция, качкындар жана калктын жайгашуусу боюнча комиссиясынын катчылыгынын жетекчиси А.Ноллингер менен жолугушмакчы.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасы 2014-жылдын 8-апрелинде ЕКПАнын «Демократия боюнча өнөктөш» статусун алган. Бул статустун ыйгарылышы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ЕКПА менен чогуу жүргүзгөн ырааттуу ишинин натыйжасы болду.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Айбат гезити №125



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru