Айбат » Непадам Туубуз өрттөнүп кетсе не болмок?!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Непадам Туубуз өрттөнүп кетсе не болмок?!

7-апрелде ар бир ак ниет атуул революцияга өз салымын кошууга аракеттеништи. Революциячыл духу бар адам зордук-зомбулукка каршы чыдап тура албайт болчу. Карысы дебей, жашы дебей, кызы дебей, уулу дебей Ак үйгө аттанышып, көкүрөктөрүн окко тосуп, революциянын жеңишин камсыз кылышты. Өз элин душмандарындай аткан бийликке наалат айтып келем, өз баштарын өлүмгө байлаган замандаш эр-азамат маркумдарга таазим кылып келем. 7-апрель Кыргызстан мамлекетинин жаңы фундаментин курууга жол ачканына сыймыктанам.

Борбордук аянт

Себеби мен катуу жарадар алып, эки-үч айдан кийин эс-учумду жыйып, анан ошол мезгилде өз башыман өткөргөн окуяларды эстеп, теле-радиодогу көрсөтүүлөрдү көрүп , уктурууларды угуп, гезит беттериндеги макалаларды  окуп чыктым. Улам жазайын деген оюмду башка иштер алагды кылып жатып бир топ мезгил да өтүп кетиптир. Көпчүлүк байкабай калган бир окуя жөнүндө айтуунун  эми кезеги келип тургандай.

Кыргыз Республикасынын Туусу – улуттук символубуз, аны көзүбүздүн карегиндей сакташыбыз керек эмеспи. Тууну алдыруу – бул жеңилиш, ошондуктан ата-бабабыз Тууну сактаганга, коргогонго керек болсо өз жандарын беришкен. Ошондуктан каршылашкан жактар эң биринчи Тууну алууга, керек болсо уурдоого кызыкдар болчу. Туу – элге, аскерлерге моралдык күч берип турган. Алыс барбай эле мына Улуу Ата Мекендик согушта нечендеген аскерлер Туу менен алга ураалап чыгышып, өлүп баратса да Тууну таштабай бири-бирине өткөрүп беришкен. Рейстахка Туу саюу өтө маанилүү болгонун да тарыхтан билебиз. Бул фашисттик Германиянын жеңилиши болчу. Кийин фашисттердин туулары Кызыл аянтта Жеңиш парадында өрттөлгөн.

Биздин Туубузду 7-апрель революциясы учурунда кандай болду, ким ойлоду десеңиз – кыргыздын академиги Абдылдажан Акматалиев жана анын шакирттери болуп чыга келет.

Мен “Фабула” газетасынан  “Эркиндикке жетүү оной, аны кармап калуу кыйын…”  (2010-жылы 22-июнда) деген аталыштагы белгилүү журналист Баратбай Аракеевдин материалын окуп калдым. Үзүндү келтирейин:

“- 7-апрель өлкөбүзгө чыныгы эркиндик алып келди. Баарыбыз жетине албай кубанып турабыз. Өткөн жылдардын митингисинде күн-түн жүрдүңөр эле. Бут кийимиңдин жыртылып кеткени да эсимде. Деги 7-апрелде карааныңарды көрө албадык го?!.

– Биз, 2006, 2007-жылдардагы митингдердин катышуучуларыбыз. Анан кантип, бул 7-апрелдеги окуяга катышпай коёлу. Элдин адилетсиз бийликтен жадап, эркиндикти самап, күтүп келгенин 7-апрелдеги тарыхый окуя даана көрсөтүп койду. Бул күнү түшкө маал ишибизден чыгып, мен, Мукасов, Исмаилов Сокулуктун жаштары менен Ак үйгө чейин бардык. Балдардын революциялык духу бизди да шыктандырды, жан дүйнөбүз аларды көрүп кубанды, келечекке үмүт бар экендигине ишендик. Жаш жигиттердин деми менен Ак үйгө жетип барсак, ал жактан тарсылдактар угулуп, ок жаай баштады. Ошондо балдардын акыйкаттык, адилеттик, чындык үчүн баштарын сайып койгон эрдигине, баатырдыгына, кайраттуулугуна, өжөрлүгүнө баа бердик. Бизге болсо “байкелер аягына чейин туралы, кетпегиле, бирге бололу” деп жатышты. Эки-үч жолу сүрүлүп барып токтодук… Жеңиш оңой-олтоң келген жок, жада калса Баткендеги террористтерден да мындай көп кан аккан эмес болчу. Арман, кайгы, капа жан дүйнөбүздү бүлүнтүп, кан менен ый аралаш болуп турса да, Чыңгыз Айтматов “Саманчынын жолу” повестинде Жеңишти сүрөттөгөндөй Жеңишти биз ат чабыштан озуп келе жаткан атты тосуп алгандай, сүрөп кеттик. Антпеске айлабыз да жок болчу.

Алиясбек Алымкулов, Рух ОрдоЭртеси күнү Мукасов экөөбүз Ак үй тарапка эрте бардык. Ак үйдүн айланасы кан, түтүн жыттанат. Менин көз алдыма сүрөттөн көрүп жүргөн экинчи дүйнөлүк согуштагы Сталинград келе түштү. Ысык-Көлдөн, Нарындан келген Койлубаев Келдибек, Абилешов Турус сыяктуу шакирттерибизге жолуктук. Акыйкат, адилет, чындык үчүн күрөшкөн баатырларга таазим этебиз!

– Ошондой эле деп ойлогом да! Жеңишибизди сактап калсак деген ниет жалпы баарыбызда болду. Сен да менчилеп түйшөлүп чыксаң керек.

– 8-апрель өтө коогалуу болду, анткени провакациялар уюштурулуп жатты. “Эмне кылуу керек?!” деген суроо ар бирибиздин көңүлүбүздө турду. Кечинде белгилүү журналист Каныбек Абдыкадыровго жолугуп калып (манастаануучу Самар Мусаевдин үйүндө, ал киши ошол күнү дүйнөдөн өтүп кеткен эле) революциянын ийгилиги жана кемчиликтери жөнүндө пикир алыша кеттик. Чоң портфель бөлүштүрүү жүрүп жатат деген сыяктуу чын-төгүнү аралаш сөз желдей тарап, кыжырданууларды да пайда кылды. Мындай учурда улуттук трагедия болду деп теле-радиодон, басма сөздөрдөн аза күтүүнү жарыялап, туулар түшүрүлүшү керек, ошондо эл тынчый түшмөк. Ушул оюбузду Убактылуу өкмөткө билдирип коюу үчүн шаардын коменданты Турат Мадылбековго телефон чалып билдирдик, ал оюбузду кубаттады. Ал эми Каныбек Абдыкадыров теле көрсөтүүдөн улуттук аза күтүү жарыяланат деп айтканы кетти.

Мурат Мукасов экөөбүз кийинки күндөрү да аянтка барып жүрдүк, куран окуттук, бирок бийлик күсөп тынчый албаган айрым жаштарды, балдарды көрүп, жан дүйнөбүз муздай түштү. Алар эптеп эле чыр чыгарууну көздөп, 300–400дөй бала Убактылуу өкмөт отурган жерди басып алалы дешип да барышты. Эки жаат болуп уруша да кетишти, эптеп убактылуу өкмөт жетекчилеринин бири чыксын деп Эмил Каптагаевге телефон чалдым, дежур болуп турган балдардан суранып, Өмүрбек Текебаевди издедим. Текебаев чыгып он-он беш минут сүйлөп жаштарды тынчытты. Мукасов экөөбүз аянтка келсек,  туубуз түшүрүлгөн бойдон жерге тийип турат, ар кимиси келип анын чекесинен айрып, повязка кылып жатышыптыр, “балким Тууну  провакация кылып өрттөп жиберишсе дүйнөгө эмне болот” деген ой менен дароо Турат Мадылбековго телефон чалып, элдик күзөттөн киши жиберүүсүн, аза күтүүдө түшүрүлгөн тууну кайра көтөрүүнү унутуп калышканын кабарладым, төрт-беш саат Тууну кайтарып турдук, анан кирип-чыгууга тыюу салынган лентаны таап, тарттырып койдук. Жаштардын лидерлери Чыңгыз менен Дайырга тууну кайтарып турууну өтүнүп, ушул эле оюбузду эң жакын мекеме маданият агенттигинин директору Рыскелди Момбековго кирип айттым, жанында бир афганчы жигит отурган экен.”

А чынында ошол учурда аянттагы мамлекеттик Туубуз душмандар тарабынан өрттөлүп жиберилсе, айрылып бөлүнсө, же уурдалып кетсе дүйнөлүк аренага “дүң” дей түшмөкпүз. Мына ушул кичинекей эле көрүнүш чоң саясий мааниге ээ экендигин түшүнүшүбүз керек. Абдылдажан ага Тууга кылган камкордугу менен Ата Мекенге атуулдук кызмат кылып жатат. Мен Абдылдажан аганы Апрель революциясынын Баатырларынын катарына кошом. Туубуз эми жаңыртылып тагылып, азыр көздүн жоосун алып, эркин желбиреп турат. Абдылдажан Акматалиев ошону менен бирге өз элинин  чыныгы патриот уулдарынын бири, анын жасаган коомдук, маданий, адабий эмгектери жаштарды билим, илимге сугарып, тарбиялап, өзүнүн жөнөкөй, карапайым, эмгекчил жүрүм-туруму, мүнөзү менен жаштарга үлгү болуп келе жатат. Абдылдажан ага менен сыймыктанса болот. Бекеринен улуу агабыз Чыңгыз Айтматов “чаң жукпаган” деп мүнөздөмө бербесе керек. Апрель революциясынын белгисиз Баатырларын мезгил улам тактай берет.

Улуу Жеңишибиздин 70 жылдыгында Жеңиш Туусу жөнүндө көптөгөн жакшы сөздөр айтылып жаткан учурда жана ушул мааниден алганда биз да Туубуздун ыйыктыгы тууралуу ар дайым ойлошубуз керек экен.

Алиясбек Алымкулов Кыргыз Республикасынын Баатыры

Айбат гезити №125




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru