Айбат » Биз бардыгыбыз өлкөдө эмне болуп атса жоопкербиз

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Биз бардыгыбыз өлкөдө эмне болуп атса жоопкербиз

Ишеним болуш керек. Ар бирибизден көптөгөн нерселер көз каранды экендигине ишенишибиз зарыл. Эгерде каалоо болсо эмненидир өзгөртсө боло тургандыгына ишеним болсун. Кимдир-бирөөгө ар дайым жардам берсе боло тургандыгына ишенүү керек. Бул эң башкы нерсе. Жадагалса айлана-тегеректе эч ким эч нерсеге ишенбей турганда, пессимисттик маанай бүтүндөй көкүрөктү ээлеп алган кырдаал болсо дагы ишенимди өлтүрбөө керек. Азыр деле өтө көп адамдар бири-бирине көмөктөшөт. Себеби эң башкы сапат болгон – адамгерчилик азырынча жок боло элек.

Филармония, фонтан

Яшиндер тууралуу материал жазганда, мен карапайым адамдар кайрылып жана бардык дүйнөдөн балдар үчүн керектүү нерселерди чогулта алабыз деп ишенгем. Бирок, макаланы АКИpressке жарыя кылганда мына ушунчалык резонанс боло тургандыгын ойлогон эмесмин. Бир жыл мурда алар тууралуу биринчилерден болуп эң жакшы журналист Галия Крючкова жазып «Чуйские Известия» гезитинин «Для Вас» деп аталган тиркемесине жарыялады. Жакшы жазды. Галияны ЮНЕСКОНУН Маалымат Борборунун журналисттер үчүн маалымат катчысы жана «Борбор Азиядагы ММКдагы аялдардын» Кыргызстан боюнча улуттук координатору болуп иштеп тургандан бери билем. Ал менин эсимде ачык-айрым, жарык маанайлуу жана ашкерек сулуу катары калган. Биз аны семинарларга катышууга бат-баттан чакырып турчубуз. Ал Кара-Балта шаарынан келчү. Ал бизди үйүнөн даярдаган укмуштуудай даамдуу тамак-аштары менен сыйлап турчу. Бардыгына жетишчү – жумушуна да, үйүндөгү чарба иштерине дагы. Мен бул таң каларлык эң сонун аял менен сыймыктанчумун. Жаш, гүлдөп турган, таланттуу. Анын кесиптештери, достору, тааныштары дендароо болуп турушту. Ал эми ал иштеген «Чуйские известия» гезити анын керектүү, пайдалуу акыркы макалаларын жарыялоону уланта берди. Анын макалаларында биздин республикабыздагы башкача адамдар тууралуу айтылган. Дал ушул Галия Крючкованын материалы Яшиндердин үй-бүлөсү менен таанышууга түрткү берди. Анын макаласын окуп чыккандан кийин бул үй-бүлө менен таанышуу идеясы күйүп-жанды. Галиянын макаласынан кийин башка ММК булактарында дагы маалыматтар чыга баштаган. Бул эки макала өткөн жылы эле жарык көргөн…

Ал эми бул жылы болсо, менин АКИпресске чыккан макаламан кийин, «МИР» ТРКсы бул үй-бүлө туурасында сюжет даярдады. Андан кийин Москвадан Биринчи канал чакырышты, республикабыздын Президенти да четте калбастан бул үй-бүлөгө 1 миллион сом бөлүп берүү туралуу буйрукка кол койду. «Ала-Тоо» маалымсат программасы Яшиндер тууралуу жаңылыктардан көрсөтүштү. Бешинчи канал дагы көрсөтүү даярдашууда. Башка көрсөтүүлөрдөн жана макалалардан жаңы журналисттер айтып да, жазып да жатышат. Эң сонун. Чынжырча уланууда.

Демек, эмненидир өзгөртсө болот. Болгону болуп жаткан окуяга катышпай, сыртта калбаш керек. Анткени мамлекетибизде дагы көптөгөн социалдык маселелер бар, дагы көп нерселерди жасаш керек. Бардыгын сынга алуу, кимдир-бирөөнү күнөөлөө, кимдир-бирөөнү каралоо – мунун баары жеңил. Сөз менен, аракет менен бардыгын бузуп салуу жеңил. Эмненидир жасоо, түзүү кыйын. Эмненидир өзгөртүү мүмкүн эместей сезилгенде да аракет кылуу керек. Мисалы – Яшиндердин үй-бүлөсү. Алар биздин өлкөдө жетимдердин болушун каалабайт. Анан алар өздөрү аны жашоодо ишке ашырууга киришти. Эч кимден эч нерсе сурашкан жок. Жөн гана аракет кылышты. Кароосуз калган, ташталган балдарды өздөрүнүн үй-бүлөсүнө алышты. Алар өздөрүнүн кыялын түзүштү. Өздөрү эмгектенди, акча табышты. Анткени мына ушунча көпчүлүктү багууга, тамактандырууга, шарт түзүүгө аракет кылуу керек. Алар балдар менен чогуу аракет кылышты… Алар журналисттерди чакырышкан жок, өздөрүн жарыя кылышкан жок, жөн гана өздөрүнүн ишин жасашты. Андан кийин алар тууралуу билишти. Жардам кылышты. Эң сонун.

Эмнеге мунун баарын жазып атам? Бардыгын өзгөртүүгө болорун билдирүү үчүн. Ой жүгүртүүнү, өзүбүз жайгашкан мейкиндикти, социумду… Бардыгын өзгөртүүгө болот. Заматта болбосо дагы… Көз ирмемде болбосо дагы… Акырындык менен баарын жасаса болот. Ар ким мына ушул өзгөрүү облусуна – биздин республиканын жашоосун өзгөртүүгө кошулса болот. Анткени ар ким кимдир-бирөө үчүн бир нерсе жасай алат. Аны сөзсүз түрдө ММК аркылуу айтып чыгуу кажет эмес. Ар ким өзү кандайдыр бир жол менен биздин жашообузду жакшырта аларын билет.

ТОКТО! Бардыгына пессимизм менен кароого болбойт, скептицизмге орун жок. Биздин республикада кайрымдуу, чынчыл, таза адамдардын көп экенине ишениңиз. Алар өздөрүнүн ишин жакшы билет. Күндөн-күнгө алар жөн гана жакшылык иштерди жасап келишет. Жумушунан, кызматтык абалынан жана тутунган дининен, топтолгон көйгөйлөрдөн, деги эле эч нерседен көз каранды болбостон жакшылык жасагандар бар… Аларды биз көрдүк – өздөрүнүн атын жашырып, карылар жана балдар үйүнө азык-түлүк ташыгандарды. Кимде бир сындырым наны да калбай калган болсо, аны менен өз оокатын бөлүшүүнү жөн гана карызы катары эсептегендерди билебиз. Ал үчүн алар ыраазычылыкты, же аттарын жарыя кылууну талап кылышпайт. Жөн гана ошондой кайрымдуулук кылышат. Андан башкача боло алышпайт.

Бул жашоодо пайдалуу жана кайрымдуулук иштерге орун бар. Балдар ошондой иштерден үлгү алышат. Эмненидир жасоого болот, көптөрдүн жашоосун азыраак болсо дагы жакшы жагына өзгөртүүгө болот. Ал үчүн эч кимден жардам күтүп отурууга болбойт. Ар ким өз колу менен… Биз кандай өлкөдө жашап атканыбыз үчүн жана биздин айланабызда эмне болуп атканына жоопкербиз. Ар ким бир нерсени өзгөртө алат…

Айбат гезити №125




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru