Айбат » Туристтик ишканалар Кыргызстан ЕАЭСке киргенден кийин туристтердин агылып келишин күтүүдө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Туристтик ишканалар Кыргызстан ЕАЭСке киргенден кийин туристтердин агылып келишин күтүүдө

ТуристТуристтик ишканалар Кыргызстан ЕАЭСке мүчө болуп кабыл алынгандан тартып туристтик кызматтар бир топ жакшы жолго түшөөрүн бүгүн “Ысык Көлдөгү эс алуу жайларынын өнүктүрүү жана көйгөйлөрү” аттуу тегерек стол жыйынында талкуулангандыгын аталган департаменттин жетекчиси Максат Чакиев билдирди.

Анын сөзүндө 2014-жылы Кыргызстан Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрү ортосунда туристтерди кабыл алууда биринчи орунга чыккандыгын маалымдады. Аны менен кошо ар бир орточо каражат сарптаган туристтин акчасы күнүнө 100 долларды түзүп, жумасына эсептегенде 2 ден киши катталганын айтты. Кыргызстанга келген туристтердин көпчүлүгүн Казакстандан жана Россиядан келген эс алуучулар түзөт. Бул жылдагы эс алууга карата Россиядан көп туристтер келиши күтүлүүдө. Анын жалгыз себеби Кыргызстандын ЕАЭС ке кошулуп жаткандыгы менен байланыштуу.  Андан сырткары биз келген туристтердин коопсуздугун камсыз кылуубуз негизги милдет, эгер биз алар үчүн жетиштүү шарттардын баарына учурдан баштап даярдык көрүп койбосок, туристтердин азайып кетүү коркунучу жаралат дейт “Ысык Көлдөгү эс алуу жайларын өнүктүрүү” департаментинин директору Марат Чакиев.

Экономика министрлиги 2012-жылы Республика боюнча 3,8 млн турист келген болсо, 2013-жылы 4,5 млн турист, бул көрсөткүч жылдан жылга өсүп жаткандыгын туристтик тармактар жакшы жолго коюлуп бара жаткандыгынан кабар берет. Бажы биримдигине кирсек визалык каттоо жоюлса Россиядан келген туристтердин саны мындан да кескин арбый турганын Туристтик компаниялар күтүп жатышат.

Айбат гезити №125



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru