Айбат » Темир Сариев: “Туристтик сезон башталганда туристтерди чочуткандар чыгат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Темир Сариев: “Туристтик сезон башталганда туристтерди чочуткандар чыгат”

Темир СариевЖыл сайын эле кимдир-бирөө чыга калып өзүнүн популисттик билдирүүлөрү менен Кыргызстанга келе турган туристтерди чочутуп, аларды качырууга шарт түзөт. Бул тууралуу Экономика министри Темир Сариев Бишкекте өткөн тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, туристтердин коопсуздугу толук сакталбаса эс алуучулар массалык түрдө агылып келет деп айтууга мүмкүн эмес. “Коопсуздук болбосо бизге эч ким келбейт. Биз Ысык-Көлгө чет өлкөлөрдөгү досторубузду чакырабыз. Бирок, алардын коопсуздугуна кепилдик керек. Муну үч багыт менен ишке ашырса болот. Биринчиден, жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары жана ошол жерде жашап жүргөн эл менен камсыздасак тыгыз иштешишибиз керек. Биз бара-бара эс алганы келгендер менен жергиликтүү элдин ортосундагы жакшы мамилени жоготуп бара жатабыз. Буга айрым адамдардын, аткаминерлердин жана депутаттардын популисттик билдирүүлөрү да себеп болууда”, – дейт Т.Сариев.

“Эс алуу мезгили башталганда кимдир-бирөө чыга калып эл бир нерсенин башын кылтыйта коюп баарын бүлдүргөнгө аракет кылат. Буларды зыянкечтер деп атаса да болот”, – деп кошумчалады ал.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №125




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru