Айбат » Альберт Эйнштейн – улуу немис физиги

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Альберт Эйнштейн – улуу немис физиги

Альберт ЭйнштейнАльберт Эйнштейн (Albert Einstein)  XX кылымдын эң эле улуу илимий жетишкендиктери, анын эң эле ири өкүлдөрү, жалпыга таанымал символдору тууралуу сөз кылганда эң биринчилерден болуп Альберт Эйнштейн эске келет. Залкар немис физиги, салыштырмалуулук теориясынын жана ошондой эле мейкиндик, мезгил, кыймыл, жарык, зат жана тартылуу жөнүндөгү түшүнүктөргө жаңы мазмун берип физикалык теорияларды ачкан. Ал ачкан физика илиминдеги маанилүү ачылыштар, окумуштуунун илимге эле эмес, жалпы маданияттуу адамзатка тийгизген зор таасири тууралуу айтып отурсак – бул бүтпөй турган чоң тема. Бүгүн силерге дүйнөнүн улуу окумуштуусу жөнүндө тартуулайбыз.

 

Өмүр таржымалы

Альберт Эйнштейн 1879-жылы 14-мартта Германия мамлекетинде Дунайдын сол жээгиндеги Улм жергесинде туулган.

9 жашка чыкканда ата-энеси аны Мюнхендеги католиктик даярдоо мектебинен, кийин гимназиядан окутушкан. Кийин Араудагы кантоналдык мектепти бүтүрүп келип, политехникалык институттун математика жана физика мугалимдерин даярдоочу педагогикалык бөлүмүнө экзаменсиз кабыл алынат. Студент болгондон кийин илимге болгон кызыгуусу артып, бир нече курстарга жазылып катыша баштайт.

Улуу философтордун, физиктердин илимий эмгектери менен кеңири таанышат, окуудан бүт убактысын химиялык кабинеттин лабораториясында өткөрөт. 1900-жылы ал институтту эң жакшы деген баалар менен бүтөт. Бирок, туруктуу иш таба албай көпкө кыйналат.

Германиядагы фашисттик террордун айынан А. Эйнштейн өз өлкесүнен кетүүгө мажбур болуп АКШдагы Пристонду мекендеп калат. Ал 1955-жылы дүйнөдөн кайткан.

 

Дүйнөнүн мактанычы жана трагедиясы

Чынында да дүйнө тарыхына Альберт Эйнштейн илимде революция жасаган улуу ойчул, Ньютон түзгөн физиканы кайра карап чыгууга мажбур кылган  залкар окумуштуу катары кирди. Ал ХХ кылымдын мактанычына да, трагедиясына да айланган атом бомбасын жасаганга түздөн-түз тиешеси болду. Ошону менен бирге Эйнштейн өз авторитетин пайдаланып, Палестинада еврейлердин мамлекетин, азыркы Израиль мамлекетин түзүүгө түздөн-түз таасирин тийгизди.

1948-жылы Израиль мамлекет катары жаңы эле түзүлгөндө жөөттөр аны президент болуп бериңиз деп суранып да көрүштү. Окумуштуу андан баш тартты. Деле Эйнштейн жана сионизм маселеси – азыр да тарыхчылардын арасында көп талкууланган, кызуу талаш туудурган маселе.

 

Эмгеги

Ошол убакта Берлинден чыгуучу «Физиканын анналдары» деген журналга анын теориялык физика боюнча макалалары жарыялана баштайт.

1902-жылдан баштап Берлиндеги патенттик бюродо референт болуп иштеп жүрүп, Европадагы физика жана математика боюнча жаңы эмгектер, ачылыштар менен “таанышат, бул ага жакшы таасир берет.

1905-жылы жазган «Броун кыймылдары» деген змгегинде молекулалардын жана алардын кыймылдарынын реалдуулугунун аныктыгын далилдеген. Электромагнетизм, Броун кыймылы сыяктуу тармактар менен бирге Эйнштейн бизди курчап турган ай-аалам, чексиз дүйнө, анын келип чыгышы, кандайча ушинтип жаралып калганы, башкача айтканда космология тууралуу бир катар маанилүү гипотезаларды калтырып кетти. Ошонун негизинде Чоң Жарылуу (англисче “Big Bang” деп аталат), жарыктын ылдамдыгы сыяктуу жаңы илимий тармактар пайда болду. Бул маселенин бир жагы. Бирок Эйнштейндин илимий мурастарынын бир кызык жери — анын ойлорун  жана гипотезаларын эксперимент түрүндө далилдеш же четке кагыш өтө татаал нерсе. Ошондуктан Эйнштейндин теориясы тууралуу талаш-тартыш ошол кезде кандай кызуу болсо, азыр да бүтпөй келет.

Албетте, Алберт Эйнштейндин ысмын ааламга таанымал кылган негизги эмгек – анын салыштырмалуулук теориясы деген илимий ачылышы болду. Бул теория дал ХХ кылымдын башында, тагыраак айтканда 1905-жылы жарыкка чыкты. Окумуштуулар арасында кызуу талаш-тартыштар пайда болгон кезде, атактуу физик Гейзенбергдин мындай деп айткан кызык сөзү бар. “Бул, албетте, көп нерселерди астын-үстүн кылган теория. Бирок эмки маселе – ошол теория кандай жаңы идеяларга жол ачат – кеп ушуну түшүнүүдө калды” деген экен окумуштуу. Ошол эле жылы фотондор теориясын жана салыштырмалуулуктун атайын теориясын иштеп чыгат жана аны 1916-жылы формулага салган.1933-40-жылдары окумуштуу талаанын гравитациялык жана башка физикалык талаалардын жаратылышын түшүндүрүүчү бирдиктүү теорияны иштеп чыгууга аракеттенген. Анын эмгектери азыркы физика менен техниканын ажырагыс бөлүгүн түзөт. Атомдук энергияны согуштук максатка пайдаланууга чечкиндүү каршы чыккан.

Альберт Эйнштейндин атын бүткүл адамзатка дайын кылган салыштырмалуулук теориясын жан дили менен жактагандар, жерге-сууга тийгизбей мактагандар өтө көп. Алардын арасында Стефен Хоукинг, Иоффе, Сахаров сыяктуу илимдин алптары бар. Бирок Эйнштейндин катардагы оппоненттери, анын ар бир тезисин сындагандар, катасын чукугандар физиктердин  жана математиктердин арасында огеле көп. Маселен, бир топ эле белгилүү орус окумуштуусу Н.А.Жук бир нече жылдан бери жалаң Эйнштейнди сындоо менен алек. Анын айрым эмгектери, атап айтканда “Жүз жыл адамзаттын башын айланткан Эйнштейн” деген эмгеги Интернетте да турат, китеп болуп басылып да чыккан. Ошол эле Интернеттен Эйнштейндин 12 маанилүү катасын чукуган катардагы бир физиктин да жазгандарын алып окууга болот. Ал эми таланттуу кыргыз физиги Самат Кадыровдун Эйнштейнди сындаган эмгеги 90-жылдары жарыкка чыгып, коомчулукта бир катар жандуу талаш-тартыштарды жаратканы, анын жазгандары натуура экендигин далилдеп академик Аскар Акаев атайын илимий доклад менен чыкканы жакшы белгилүү

 

Жубайлары

Эйнштейн эки жолу үйлөнгөн. Биринчи аялы Милева Марич өтө мыкты математик, Эйнштейнге көп нерседен жардам берген окумуштуу болгон деген кептер бар. Бекер жеринен Эйнштейн Нобель сыйлыгын алганда бүт акчасын эбак ажырашып кеткен биринчи аялы Маричке бербесе керек. Экинчи аялы Эльза болсо Эйнштейнге туушкандык жайы болуп, бир топ эле жакын эле жээни экендиги белгилүү. Биринчи аялы өзүнөн төрт жаш улуу болсо, экинчиси үч  жаш улуу болгон.

 

Өкүнүчү

Фашисттик Германия ядролук куралга ээ болсо адамзаттын тагдыры кандай болот деп кооптонгон Эйнштейн 1939-жылы АКШ Президенти Франклин Рузвельтке атайын кат менен кайрылып, Америка бул тармакта илимий иштерге кенен жол ачышын суранганы белгилүү. Бирок согуш аяктап, эң биринчи бомба Нагасаки менен Хиросимада жарылгандан кийин Эйнштейн өзүн аябагандай күнөөлүү сезип, өмүр бою кайгырганын, аябагандай азап чеккенин баары айтышат.

Бул чынында да Эйнштейн-физиктин, гуманисттин эң чоң трагедиясы эле. Ошондуктан Эйнштейн: “Эгер үчүнчү дүйнөлүк согуш атамдук согуш болсо, анда ал адамзат үчүн эң акыркы согуш болот” деп бекер айтпаса керек.

 

Сыйлыгы

Окумуштуу дүйнөнүн көптөгөн академиясынын жана илимий коомдорунун мүчөсү, Нобель сыйлыгынын лауреаты (1921), СССР Илимдер Академиясынын ардактуу мүчөсү (1927) болгон.

Өлүм алдында жана андан кийин

Альберт Эйнштейн адегенде Германияда туулуп, бирок фашисттер бийликке келгенден кийин Америкага кетип калган. Ошентсе да ал АКШнын атуулу катары эмес, өзүн жалпы адамзаттын уулу, планетанын атуулу катары караганы жакшы маалым. Ошондуктан ал эң акыркы керээзинде сөөгүн жерге көмбөй, кремация жасатып, анан абага чачып жибергиле дегени да бекеринен болбосо керек. Айткандай эле улуу окумуштуунун узатуу сапарына 12 гана эң жакын деген адамдары катышкан. Эч кандай расмий иш-чара болгон эмес. Кийинчерээк маркумдун бир ууч күлүн анын Принстондогу чакан дачасынын багына чачып жиберишкен.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №125




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru