Айбат » Нуркыз Кожонова, ырчы: “Менин байкелерим, туугандарым кеминде эле үч башка партияда”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Нуркыз Кожонова, ырчы: “Менин байкелерим, туугандарым кеминде эле үч башка партияда”

Нуркыз КожоноваБасса-турса позитив тогүлүп, жүзүнөн күлкү кетпеген таланттуу ырчы айым Нуркыз Кожонова биздин конокто.

- Жаңы жылдан бери канча ыр же клип тарттырып, жаздыра алдыңыз?

– 2015-жылдын башынан бери бир клип, үч ыр жаздырдым. “Мейли” атту акыркы чыгармама Култаев Канат байкенин жардамы менен клип тартып жатабыз.

- Чет өлкөдө клип тарттырган мода болуп кетти го, сиздин оюңуз кандай?

– Ушул жылдын июндарында, чет жака чыгып клип тарттырып келсем деген ойлорум бар, буйурганын көрөбүз да. Жакшы пландарыбыз көп, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болбой, барын ишке ашырганга аракет кылабыз.

- Азыркы учурда кайсы чыгармаңыздын үстүндө иштеп жатасыз?

– Өктөм байке менен Кыргызстан жөнүндө ыр жаздырып жаткам. Ата Мекенибизди даңазалап, кооздугун көргөзөлү деген клиби үстүндө иштеп жатабыз. Бул ырымдын сөзү Жолдошбек Исаевге таандык. Обону Гүлмира Рыспаева эжебизге таандык.

Нуркыз Кожонова- Ырларды сиз кандай тандайсыз, буйрутма менен жазылган ырларыңыз барбы?

– Жанакы айтып өткөн Кыргызстан, Мекенибиз жөнүндө ыр – Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин суранычы менен жазылып жатат. Кандайдыр бир гимн сымал болсо жакшы болот эле деп ойлоп жатабыз. Буйруса жакшы деңгээлде жазылып, клиби мыкты тартылат.

- Ырларыңыздын бир стили, нугу барбы?

– Көп ырчылардын ырларынын стилдери окшошуп кетет, бирок мен эксперимент сымал ырларды ар кандай жанрларда, ар кандай мотивдерде ырдаганды жактырам. Көбүнчө ырларым маанайга жараша, ичимдеги сезимдерге жараша жазылып, ырдалат.

- Жеке жашооңузда кандай жаңылык, жүрөгүңүздү жылытып, сезимиңизди козгогон инсан барбы?

– Ырчылардын арасынан, тааныш, күйөрман балдардын арасынан сөз айткандар бар, бирок азырынча менин көңүлүмө жакканы боло элек.

- Келечекте жолдошуңузду кандай элестетесиз?

– Эң негизкиси жолдошумдун ырчы болушун каалабайм. Миллион доллар берсе дагы күйөмдүн ырчы болушун элестетпейм. Бир үйдөн бир адам жетишет деген ойдомун. Анан албетте адамгерчиликтүү, токтоо мүнөз, чечкиндүү эр жигит болсо бактылуу болмокмун го. Нике кайып деп коет эмеспи, буйруганын көрөбүз да.

- Кыялыңыздагы мырзага жолугуп, “ырчылыкты ташта” деп калса кандай кыласыз?

– Ушундай суроо берип, мени тандоого койбосо экен деп да тиленем. Анткени кандай жооп кылаарымды да билбейм чынында.

- Чыгармачыл адамдар саясаттан алыс болушат эмеспи, бирок шайлоо убагында бирге иштешип, шайлоо компаниясын бирге жүргүзгөндөрүн байкап келебиз, сизге сунуштар түшүп жатабы?

– Менин байкелерим, туугандарым кеминде эле үч башка партияда. Алардын ынтымагы үчүн мен бир дагы партия үчүн иштебейм деп чечтим. Менеджериме дагы: “Кимден кандай сунуш келсе дагы, кабыл алба, шайдоо компаниясына катышпайм” – деп айтып жатам. Шайлоону күзүндө болот деп угуп жатам, бирок башка ырчы, бийчи коллегалар азыртадан эле контракт түзүп, келишип алгандары бар.

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №125



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru