Айбат » Жанара Эсенова, “Сары-Өзөн СТВ” каналынын алып баруучусу: “Көп сезимдерге ээ болдум”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жанара Эсенова, “Сары-Өзөн СТВ” каналынын алып баруучусу: “Көп сезимдерге ээ болдум”

Жанара ЭсеноваАлып баруучу болуш үчүн биринчиден сөзгө чебер, экинчиден келбет, үчүнчүдөн тыңдык керек эмеспи. Мына ушул сапаттарды камтыган болсоңуз анда ал сиз толугу менен өзүңүздү алып баруучулук өнөрүңүздү байкап, сындап  көрсөңүз болот. Бүгүнкү биздин коногубуз ушул таланттардын барына ээ болгон жана көптөгөн жигиттердин жүрөгүнөн түнөк тапкан “Сары-Өзөн СТВ” каналынын таңкы ажары Жанара Эсенова бизде конокто болуп ал айым менен болгон маегибизди сизге тартуулайбыз.

- Саламатсызбы Жанара айым?

– Саламатсызбы!

- Сөздүн башын сиздин бала чагыңыздан баштасак. Кайсы жердин суусун ичип, абасынан дем алып чоңойдуңуз?

– Бала кезим борбор калабыз Бишкектин суусун ичип абасы менен дем алып чоңойдум, бала кезим абдан бактылуу өткөн, ар түркүм таттуулар, лянги, резинка оюну, классик оюну, кладыш, тизедеги жана чыканактагы жаракаттар кубалашмай оюнун кесепетинен пайда болуп алар картка айланып биздин балалыктын бактылуу көз ирмемдерди далили болчу. Ата энемдин айтуусу боюнча мен бала кезимде  абдан чыдамы, тынчы жок тентек кыз  болуптурмун.

Жанара Эсенова- Үй бүлөдө канча бир туугансыз?

– Мен алтындай болгон чакан мамлекетимде үч бир тууганмын, мен эң улуусу боломун. Менден кийин сиңдим Айжан, иним Сыргак бар. Албетте мен үйдүн улуусу болгондон кийин, ата-энемдин орун басары катары менден  кийинки сиңдиме жана иниме үлгүлүү, жоопту болуш керек жана алардын улуу экениңди тастыктап кыр көрсөтүп туруш керек эмеспи. Үйдө улуу болгондуктанбы бир туугандарыма кыр көрсөткөн мүнөзүмдү кээде курбуларыма да көрсөтүп алам, бул албетте байкабастыктан болуп кеткен учурларда. Негизинен мен шайыр адамдардын катарына кирет болушум керек.

 – Сизди бул дүйнөгө алып келген ата-энеңиз эмне кызматта эмгектенишет?

– Атам жана апам экөө тең  менин жашоомдогу эң мээримдүү, эң сулуу, эң кымбат адамдардан болуп эсептелет. Алар бизге татыктуу билим тарбия берип чоңойтушту. Ошол адамдардын артынан мен ушу даражага жетип отурам. Экөө тең өмүр бою мамлекеттик кызматта иш алып барышат.

- Мектепте окуп жүргөнүңүздө эле алып баруучулук шыгыңыз бар беле?

-Мен журналистика же дегеле алып баруучулук сапаттарымды көп деле байкабаптырмын, анткени мени ата-энем юрист болосуң дешчү, а мен кийимдердин дизайнери болуунун самачумун, бирок орус элинде бир сөз бар го «человек предлагает, а бог располагает » дегендей кокусунан журналистикага келип калдым , так айтсам  Ж.Баласагын атындагы улуттук университетинин Журналистика факультетинин «коомчулук менен байланыш» адистигине тапшырып калгам. Андан соң бул кесип мага абдан жакты жана мени өзүнө тарта баштады, ошондуктан бул кесип менин түбөлүк кесибим деп эсептеймин. Анткени мында баардык тармак камтылат. Көп эл менен баарлашасың, алгачкылардан болуп маалыматтарга да ээ болосуң.

Жанара Эсенова- СТВ каналына кандай болуп жана качан келип калдыңыз эле жана жумушуңуздагы болгон кызыктуу окуялардан айта кетесизби? 

– МТРК «Сары-Өзөн СТВ» каналында 2011-жылдан бери кызмат өтөймүн, СТВ телеканалынан көп сезимдерге ээ болдум. Көбү айтышат камеранын сүрү бар деп, бирок мен камерадан эмес мени карап отурган оператор режиссёрдон сүрдөгөм, коркком. Мен анан дагы орус тилдүү элем кыргызча сөздөрдү кичине туура эмес абалда сүйлөчүмүн. Башында өзгөчө  бизге келген мейман менен  маек курганда кыргызчадан  абдан кыйналгам арасына орусча сөздөрдү кошуп ийип, бирок өзүмдү колго алдым дагы үйдөн, курбуларымдын арасынан, жумуштан, колума тийген кыргызча китеп журнал гезит болобу үнүмдү катуу чыгарып окуп жүрдүм жыйынтыгында ачыгын айтсам азыр кээде орусча сөздөрдү таппай калам (күлүп)

- Келечекте сизди кайдан жана кандай образда көрө алабыз?

– “Ар бир аткарып жаткан ишти сүйсөң , ал сага берекесин берет” дейт эмеспи андыктан мен образымды өзгөртпөймүн, мен журналисттик кесибимен чыкпаймын деп өзүмө сөз бергем а мен сөзүмө турам! Албетте, келечекте өзүмдүн жеке ММК болсо деп кыялданам, ал эми кыялың терең болсо ал акыры максатка айланат, а максат иш жүзүнө ашат деп ишенем!!.

- Сүйүү адамга айттырбай келет дешет. Сиздин жүрөгүңүздүн ээси барбы?

– Балким  менин жүрөгүм айттырбай келген сүйүү сезимин учурунда байкабай калган окшойт. Азыркы кезде менин жүрөгүмдү багынткан жана ээлик кылган мырза жок, жүрөгүмдүн, өмүрүмдүн  жарымын толуктай турган  эр азаматты бул жашоодон  кездештире элекмин. Келечекте ыймандуу, өз ишин так билген жана сый урматка ээ болгон мырза мени күтүп жатса керек.

- Турмушка качан аттанайын деп жатасың?

– “Кедей жейм дейт куйрукту, кудай билет буйрукту” дегендей  бары кудайдын буйругу менен эмеспи, албетте кыздын бараар жери күйөө дейт , бирок  мен негизи карьерамды сүйүп иштеген адамдардын катарын толуктайм, кудайым буюрса  жеке турмуш үй бүлөө да өз убагында сөзсүз менде болот деп ишенем.

- Бизге курган маегиңиз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз, ойлогон ой-максаттарыңыз орундалсын.

– Айбат газетасы силерге да чоң рахмат.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №125



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru