Айбат » Кыргызстан “Baltic Super Star” конкурсунда биринчи орунду алды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Кыргызстан “Baltic Super Star” конкурсунда биринчи орунду алды

Кыргызстан “Baltic Super Star” эстрада ырчыларынын IV эл аралык конкурсунда биринчи орунду алганын конкурстун калыстар тобунун мүчөсү, КРдин эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева билдирди.

Baltic Super Star

Конкурс Санкт-Петербург шаарында 17-апрелден 22-апрелге чейин “Балтийская феерия” эл аралык фестивалынын алкагында өткөн.

Иманалиеванын айтымында, бул конкурста Кыргызстандын намысын Адилет Азимов коргогон.

“Конкурстук эки күндүн жыйынтыгы менен Адилет 17 мамлекеттен келген конкурстанттардын алдына чыккан. Гран-приге болгону бир гана упай жетпей калды. Баш байгени Молдовадан келген катышуучу утуп алды”, — деди ал.

Экинчи орунду Өзбекстан менен Чехия алса, үчүнчү орунду Украина ээлеген.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо Санкт-Петербургдагы Жаштар үйүндө гала-концерт менен коштолду.

Айбат гезити №125




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru