Айбат » Хоккей: Кыргызстан Индияны ири эсеп менен жеңди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Спорт » Хоккей: Кыргызстан Индияны ири эсеп менен жеңди

Хоккей, Кыргызстан командасыУшул күндөрү Кувейтте өтүп жаткан хоккей боюнча “Азия чакырыгы” кубогунун оюндарында Кыргызстан Индия курамасын чоң айырма менен жеңип алды. Эл аралык хоккей федерациясынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак 22-апрель күнү болгон оюн 9:1 эсебинде кыргыз хоккейчилеринин пайдасына аяктаган.

Оюндун биринчи бөлүгүндө кыргызстандыктар 3:1 эсебинде алдыга чыгышкан. Кийинки эки айлампада үчтөн шайбаны атаандаштарынын дарбазасына узатып артыкчылыгын бекемдешкен.

“Азия чакырыгы” кубогунун оюндары 18-апрелде башталган. Буга чейин кыргыз хоккейчилери Малайзия курамасын 6:5 эсебинде утуп, Сингапур курамасына 4:2 эсебинде жеңилген. Кийинки беттешинде Оман оюнчуларын 7:3 эсебинде утуп алышкан. Эми алар 24-апрелде 5-турда Кувейт курамасы менен ойнойт. Бул турдагы оюндардан кийин финалда ойной турган командалар аныкталат.

Азырынча 12 упай менен Кувейт курамасы алдыда. Эсебинде 9 упайдан бар Сингапур менен Кыргызстан киргизилген шайбалардын эсеби боюнча экинчи жана үчүнчү катарда жайгашкан.

Айбат гезити №125



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru