Айбат » «Мыкты иштейт» – деген Саламаттыкты Сактоо Министринин басыгы…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » «Мыкты иштейт» – деген Саламаттыкты Сактоо Министринин басыгы…

Саламаттыкты Сактоо МинистрлигиИлгери, илгери кайсы бир элде падыша башкарып турган заманда чума деген оору чыгып, эл-журт кырылып, падыша журтчулукту сактап калуунун айласын таппай турган мезгилде адам аттунун арасынан эч бир жан ага жардам бере алган эмес экен. Ал тургай айланасындагы акыл айтып отургандар жардам бермек тургай, айрымдары бөлөк элге түндөп уурданып качып кеткен дешет. Падышанын айласы куруп турган мезгилде кайыптан келгендей бир адам эл арасына пайда болуп, шамалдай тез жайылган чуманын эмнеге мынчалык темп менен таралып жатканынын себебин аныктайт. Көрсө, шаардын ичинде чычкан аттуунун көбөйүшүнөн, анан тазалыктын сакталбаганынан чыгып жатканын аныктап, шаарды тез тазалатып, чычкандарды өрттөттүрүп жок кылдырат. Арадан аз күндөр өтүп-өтпөй, чума менен оругандардын саны азайып отуруп, бара-бара жоголгон экен. Мындан соң, падыша баягы табышкерге эмне сураганыңды ал деген экен. Шаарга тазалык башчысы бол, өмүрүңдүн акырына чейин жеткидей алтын берейин дептир. Бирок, баягы элдин арасында капыстан пайда болгон адам бардык сунуштардан баш тартып, жөн гана калк ичинде мурунку карапайым абалында эле жашап калуу мүмкүнчүлүгүн гана сураптыр.

Мындан улам, азыркы замандын адамдарын саясат менен коррупция деген «чумадан» жаман оору каптап турган мезгилде табышкер деп мактап алып келип, министр болгон Батыралиев андай алтын менен креслодон эч качан баш тартпайт болчу. Анткени, өз деңгээлине карабай, кызмат дегенде көзү кызарып, колунан келбегендин баарын парламентте убада кылыштын кереги бар беле? Улуу урматтуу Батыралиев Саламаттыкты Сактоо Министрлиги кызматына жаңыдан киришип жатып, Алмазбек Атамбаевге «эки чоң максатты ишке ашырам» деп сөз берген. Биринчиси, Түркиядагыдай даарылар боюнча маалыматтардын улуттук базасын уюштуруп, арзан дары-дармек алуу саясатын түзүп, өлкөгө инвестиция алып келип, заманбап ооруканаларды курмак. Бул жаатта берген убадалардын бири да аткарылган жок. Инвестиция жаатында баягы божураган көп уламыштын бири жок. Анча-мынча пайдасы жок чет элдиктер менен жолукканын кайнатасы «Аки пресске» чыгара калып, пиарлап жатып калат. Анткени, «Аки пресс» сайтын Батыралиевдин кайнатасы менен кайниси иштетет. Батыралиев инвестиция жаатында жадагалса, мамлекеттик жеке өнөктөштүк менен ижаранын айырмасын дагы билбейт. Жетекчилерин түрк инвесторлору менен иштегенге мүмкүнчүлүк бергиле деп мажбурлап шаштырууда.

Ал эми өзү мамлекеттик жеке өнөктөш механизмин ишке ашыруу иштерин тездетүү үчүн ордунан козголуп да койгон жок. Нормативдик документтер менен экономика министрлиги алектенээрин билбей, бардык милдеттерди өзүнүн орун басарларына жана бөлүм башчыларга ашыкча түйшүк кылып жүктөп салган. Алар саламаттыкты сактоо министрлигине гана тиешелүү ишти кылбастан, туура эмес берилген тапшырманын айынан, ашыкча түйшүктөр менен убакыт өткөзүп, бөлөк структуранын ишин жөнгө салып жүрүшөт.

Мындан үч ай мурун туристтик саякаттарынан келген соң, министрликтин аппаратында иштеген кызматкерлердин баардыгын коррупционерлердин уюгу деп атап, бул тууралуу эч бир факт жок эле укук коргоо органдарына, массалык маалымат каражаттарына, Жогорку Кеңешке кат жолдоп кайрылып, өзүн «пиарит» этем деп жалпы эмгек жамаатка жаман көрүнүп алган жайы бар. Президентке жана Жогорку Кеңештин депутаттарына берген экинчи убадасы тууралуу айта кетели, бул кадрдык маселе. Министр мырза кызматка киришип жатып, «мурдатан иштеп келген кызматкерлердин бирин да жумуштан албайм» деген. Муну чоң убада катары белгилеп айткан. Бул убадасын министр жумшак креслого жамбашы тийээри менен унутту. Тактап айтканда, министр болуп келгенден берки 5-6 айдын аралыгында белгилүү кызматтарды аркалаган кол алдындагы жыйырмадай кызматкерди ар түрдүү болоор-болбос себептерге таяп иштен айдады. Алардын ордуларына эч конкурссуз эле, суроо-сапкыты жок, өзүм кожоюнмун таризинде өз адамдарын алып келип ишке орноштурду. Бул жерде министр өзү да конкурссуз кызматка отурду.

Демек, Талантбек мырза эмгек жамааттын каалоосу, алардын макулдугу, конкурс деген нерсенин канчалык орду бар экенин өзү баалабайт жана билбейт. Кол алдындагыларды кызматтан алаарда алар менен болгон жеке мамилеге көңүл буруп, анан калса, анын жердигине көбүрөөк басым жасаарын жанында иштегендер эле каңкуулашты. Анткени, жакпай калган адамы өзү жактан болбой калса, кызматтан кетти дей бериңиз. Кызматка жаңы отурганда да, министрликти майлап, борбордогу ресторандардын биринде чоң той болду. Тойго баргандардын айтымында, ал жерде азыр учурда канатын чогуу каккылашып жүргөндөр менен айланасындагы жөөттөр болгон имиш.

Ал эми кечээ жакында кызматтан кеткендер ал жерде болгон эмес. Ал тойдо да кызымтал болгонгобу, айтор министр алды-аркасын карабай, жогору жакта колдой турган адамы бар экенин балп эттирип ачык айтып алган жайы бар. Анын аты-жөнүн ачык айтпаса да, колдоочусу Фарид Ниязов экенин Саламаттыкты Сактоо тармагында саймедиреп эле жүрүшөт. Кыскасы, жогорудагыдай жердешчил принципти тутунган министр шайлоого карата «Ата Мекен» партиясынын шилтемеси менен айланасына электорат топтогонго аракет жасап жаткан кези. Түштүктөгү Саламаттыкты Сактоо тармагынын өкүлдөрүнүн айтымдарында министр өзүнүн айланасындагылар менен бирдикте (Кара-Суулук мафиясы) «Ата Мекен» партиясындагы Ширин Айтматова, Ташболот Балтабаев сыяктуулардын кеңеши менен шайлоого даярданып жаткан имиш. Кадрдык алмашуулардын тез арада мынча болуп кетишинин себеби да ушул. Саламаттыкты Сактоо тармагынын басыгы Батыралиевдин темпи менен ушул калыбында дагы жарым жылга созула турган болсо, Кыргызстан эгемендигин алгандан берки өнөктөштөрдүн көмөгү менен эптеп телчигип бутуна туруп келаткан саламаттыкты сактоо тармагы тап-такыр талкаланып жок болоорунда шек жок. Андай көрүнүшкө кептеле турган болсо, Батыралиев эч нерсе болбогондой бир сумкесин асынып, Түркиясына кайра сапар алат, же Жалал-Абадка барып, бир клиника ачып алып, «ач кулактан – тынч кулак» жатып алат болуш керек. Кыскасы, башы да оорубайт…!

Толкун Акматов, Бишкек

Айбат гезити №125




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru