Айбат » Айнура Сагынбаева, дерматолог-косметолог: “Клиникага келген кардарларымдын көбү мырзалар”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Айнура Сагынбаева, дерматолог-косметолог: “Клиникага келген кардарларымдын көбү мырзалар”

Айнура СагынбаеваАба-ырайынын кескин өзгөрүшү териге залакасын тийгизип, көпчүлүк адамдарды бушайман кылууда. Ошондой эле жаштарды безетки оорусу да тынчсыздандырып келет. Буга жооп издеп сулуулук клиникасын иштеткен дерматокосметолог, ажарлуу ишкер айым эле эмес, эки баланын бактылуу апасы, косметологияда 14, дерматологияда 8 жылдык стажы бар 1-категориядагы врач Айнура Сагынбаевага кайрылдык.

- Дерматолог, косметолог – бирин оору менен күрөшкөн врач, бирин сулуулук адиси көрөбүз, эми айкалышы кандай?

– Тери деген бөлбөйт да, муну дерматолог карайт, муну косметолог карайт деп. Тери менен иштеген киши дермокосметолог болушу керек. Мисалы, красная волчанка (кызыл бөрү жатыш) деген оору бар, аны косметолог пилинг кылып салат, ал туура эмес. Ага тийгенге болбойт, аны дерматолог билет. Дерматологдор проблемалуу терилерди дарылайт, кийинки кам көрүүнү, косметиканы ким түшүнөт? Косметологдор. Косметологияны бетке эле кам көрүү деп түшүнбөш керек, ал медицинанын сулуулук жөнүндө бөлүмү. Сулуулукка не кирет: буга чач, тери, тырмак, келбет, макияж ж.б.

- Биздин медицина косметология боюнча мыкты адистер менен камсыз кыла алгыдай абалдабы?

– Косметология – бул коммерциялык тармак, дүйнө капитализмде жашап жатат да, акча жасачу тармактын баары эле өнүккөн чынында. Косметологияда окуулар аябай кымбат, бир эле күндүк семинарың – 300 доллардан 500 долларга чейин. Бразилияга, Испанияга барып окуп келишет, ал жакка барышың – 6 миң, 7 миң евро. Бизде кудайга шүгүр өнүккөн. Орусиядан калбайбыз, кээ бир жерде ашып да кетебиз. Бирок бизде тармак, эконом-сегмент жок болуп жатат. 3-4 кыйын адис, калганы орточо деңгээл. Өлкөбүз кичинекей, менин оюмча, жөнөкөй элге тармак сыяктуу, мисалы, бул жерде баштаган процедураны, Нарынга кетип деле ала бергидей, сапаты менен баасы туура келгидей болсо дейм…

- Безетки оорусу эмнеден келип чыгат, андан кантип арылуу керек?

– Безетки оорусунун себеби көп. Биринчиден аталган оору тукум кууйт. Экинчиден организмдеги мите курттардын кесепетинен бул ооруга чалдыккандар көп. Үчүнчүдөн өзгөчө кыз кишиники гармондордун туура эмес иштешинен келип чыгат. 20-22 жашка чейинкилер өспүрүмдүк безеткилерге кирет. Бирок, аны дагы дарылоо кажет. Туура эмес косметикалык каражаттарды колдонуп, спирт сүйкөп, айтор өз билгендерин кылышат. Үйдөн туура эмес кам көрүү да безеткинин күчөп кетишине алып келет. Күчөп кеткен безеткиден бет терисинде ар кандай тактар пайда болот. Так калтырбоо үчүн алдын-ала адиске кайрылган оң. Безетки бир күндө айыгып кетчү оору эмес. Ал чоң схема. Биздин клиникага кайрылгандар үч ай бою адистин көзөмөлүндө болушат.

- Кандай көйгөйлөр менен көп кайрылышууда?

– Азиаттардын терисин төрт көйгөйгө бөлүп коем: безетки (угри), тереңдеп кеткен бырыштар – мисалы 28 жаштагы кыз келет, 38дегидей көрүнөт – бетине эч кам көрбөгөн, крем сүйкөгөн эмес, жадагалса кечинде бетин жуубай жатат; үчүнчү – пигменттик тактар, бул боюнча аябай көп келишет; төртүнчү – купирос – кан тамырлардын кеңейип кетиши. Биз тоолуу аймакпыз, ар дайым гипоксия – кычкылтектин жетишсиздигинде жашайбыз, кан тамырлар кеңейип кетет. Ушул проблемалар менен алышып атып бир нерсени байкадым же менталитет ушундайбы: жазылса келбейт, келип баштаса – таштап коет; анан бат, эффективдүү методдорду издешет.

- Мырзалар кайрылышабы?

– Кайрылат, жартысы эле мырзалар. Бизнесмен, саясатчы эмес, жөнөкөй эле жигиттер. Айымдарга караганда процедурага стабилдүү калтырбай келишет. Ботокс жасатышат, чач түшүү менен келишет, беттерин тазалатышат, дагы көп нерсени жасатышат.

- Ал эми айымдарга бере турган башкы кеңешиңер кандай?

– Мен бул жерге келип көздөрүн алайтып коркуп отурбай, косметологиядан түшүнүк алып калышсын деп “Сулуулук сырлары” деп кыргызча китеп чыгардым. Айтайын дегеним, азыр билебиз, көп түйшүктөнгөн – аялзаты, башта канча проблема жүрөт, бир күн эс алууга чыгып, сейилдеп, курбулары менен жолугушуп – түйшүктү унутсун. Сулуулуктун башаты – маанай, жылмаюу, жакшы мүнөз жана жакшы сөз.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №125




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru