Айбат » Байсеркеев Кубатбек Асанакунович, элдик дарыгер: “Дарыгердин үч куралы бар”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Байсеркеев Кубатбек Асанакунович, элдик дарыгер: “Дарыгердин үч куралы бар”

Байсереков Кубатбек, элдик дарыгерТабыпчылык  өнөрдү аркалаганыма көп жылдын жүзү болгондуктан окурмандар менен бир аз болсо дагы ой бөлүшүнү чечтим. Дарыгердин үч куралы бар.

1) Сөз, адам менен баарлашуу.

2) Дары, дары чөптөрдүн ар кандай түрлөрү.

3) Бычак, хириргуряалык жол.

Мен чыгыштын табыпчылык өнөрүн окуп   үйрөнгөнүмдө алар көбүнчөсүн сөзгө өтө чоң маани берерин билдим.  Андан кийин, Аюрведа илимин Индиядан жана Тибеттен  окуп  үйрөнүп келген Жолдошбек  Султан байкеден дагы табыпчылык өнөрүн үйрөнгөнүмдө, ал киши сөз адамдын өтө чоң куралы экенин түшүндүрүп берди. Ар бир адамдын бул жашоого болгон өзүнүн көз карашы  жана ички философиясы бар, ал бардык адамдын ички жан дүйнөсүндө орун алган. Жан дүйнөсү таза адамдар  эч качан оорубайт жана көп жашка чыгышат. Жан дүйнөнү кантип таза кармаш керек деген суроо  келип чыгат. Ал суроого жооп сиздин оозуңузда, ал сиздин сөзүңүз.

Сиз бирөөгө жаман сөз айтасызбы же айтпайсызбы кеп анда эмес. Кеп сиз басып туруп ичиңизден сүйлөнүп  ойлоносуз. Кеп ошо сүйлөнүп ойлонгонуңузда болуп жатат. Сиз бир күндө эмне жөнүндө ичиңизден  сүйлөдүңүз, ким менен эмне жөнүндө сүйлөштүңүз байкап талдап көрүңүзчү. Эгерде, оору жөнүндө көп сүйлөсөңүз сиз анда көп ооруйсуз, карыз жөнүндө көп сүйлөсөңүз карыздан кутула албайсыз. Адам  кандайдыр бир сөздү көп  айтса өзүнүн башына ошону чыкырып алат. Биздин кыргыз элинин макалы  ушуга дал келет “Пенденин  оозунда, кудайдын кулагында” деп. Эгерде адам эртең менен тургандан баштап өзүн- өзү мактап кандай жолду,  жолу ачык экенин көп айтса жолу ачык болуп ишинде  көп ийгиликтер жаралат.  Эгер оорлуу адам оорусунан айыктым деп турса да, жатса да көбүрөөк айта берсе  оорусунан тезирек айыканга жардам болот. Мисалы сиз түтөп аткан  оттун,  түтүндүн жанынан тезирек өтүп кетсеңиз түтүн кийимиңизге сиңбейт,  ал эми оттун жанында жүрсөңүз түтүн  киймиңизге аябай сиңет.

Биз айтып аткан сөз дагы ушу сыяктуу. Бир нерсени көп  кайталап айта бериңиз сиз каалаган нерсени аласыз же ошого жетесиз.   “Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет” дейт элибизде.  Жакшы сөздү эң биринчи өзүңүздөн баштаңыз. Өзүңүзгө күзгүнү карап алып жакшы сөздөрдү каалоо-  тилектерди көбүрөөк айтыңыз. Андан кийин башкаларга айтканга жеңил болот. Мурун бир акылмандан жаш жигит акыл үйрөтүүнү сураптыр, анда акылман “эртең маймыл жөнүндө ойлонбо дептир. Эртеси жаш жигит кэчөө сиз  маймылды неге айттыңыз, мен кечке маймыл жөнүндө ойлоно бердим десе.

Анда акылман өзүңө жакпай калган сөздү унутуш бул акылмандыктын башаты” дептир.  Биз дагы жаш жигит сыяктуу бирөөнүн айткан сөзүн эч бир унута албайбыз. Ичибизге бекем сактап ичтен сызып жүрө беребиз. Сиздин көкүрөгүңүз кемпирдин сандыгындай эле. Сандыкка болбогон нерселерди сала берип бир убакыттан кийин ачып көрүңүзчү не болоорун. Ар бир сөз өзүнчө күчкө ээ. Эгерде сиз “эптеп-септеп” деген сөздү көп айта турган болсоңуз, жашооңузда эптеп-септеп болот. Мисалы “эптеп-септеп тигини кылып койсом болот эле же тиги карызды эптеп-септеп берсем болот эле, оорудан эптеп-септеп айыксам болот эле” деп көп  айтсаңыз. Анда сиз бул жашоодо көп ийгиликке жете албайсыз.

Анткени бардыгы сиздин сөзүңүздө жатат, сиз эптеп-септеп деп айтып атасыз ошого жараша жараткан дагы эптеп-септеп бирдемелерди бере берет. Экинчиси  “эле”  деген сөзүңүздө жатат. “Эле” деген сөз арсар сөз, бул  чексиз ишке ашпаган сөз. Биз ушунчалык сөзүбүзгө маани берсек ооруган адамдар аз  жана жашообуз жеңил болмок. Биз болоор болбос сөзгө таарынабыз андан кийин ушакты көп угабыз. Ушак бул өзү ооруу.

Сизди бирөө антип айтты, минтип айтты деп бирөө айтып келсе, сиз андан өч алуунун жолун издей баштайсыз. Тамак ичип отурасызбы же басып жүрөсүзбү уккан сөзүңүздү эч унуталбайсыз, бул сөз сиздин ичиңизге терс энергияны пайда кылат. Көп учурда сизди кыжаалат кылат, көп ойлонгондуктан нервдин чарчоосуна алып келет, түнкүсүн уйкуңуз качат, тынч уктай  албай, организмге жетиштүү тынчтык жетпей, эртең менен денеңиздин шалдыроосун пайда кылат. Акырындап ушу сыяктуулар чогула берип оорулар пайда болот. Оору  асмандан түшпөйт оору   жан  дүйнөбүздүн таза эместигинен пайда болот.  Оору бир жериңди өзгөрт деген белги. Оюңду же болбосо сүйлөгөн сөзүңдү. “Балык башынан сасыйт” деген макал сыяктуу биз да башыбызга толгон токой мусорлорду толтуруп алганбыз. Бул ыгы жок санаа.

Сиз ички сүйлөгөн сөзүңүздү иреттесеңиз оюңуз иреттелет, оюңуз иреттелсе, акылыңыз иреттелет андан кийин жашооңузда өзгөрүүлөр болот. Балдарыңыз тентек кылып же бир  ишти туура эмес жасап койсо жаман сөз менен урушпагыла өзүңүз өз тукумуңузга каргыш айтып жатасыз. Мисалы эшек, чочко, талаада калгыр, өлүп кеткир ж.б ушу сыяктуулар. Мунун баары жерде калбайт, бардыгы уул же кыздарыңыздын аң сезимине сиңип калып, акырындан  аларды уктура берет, бул өзү каргыш болуп эсептелет. Андан  көрө  уул, кыздарыңарды жакшы сөз менен урушуңуздар. Мурун ата-бабаларыбыз сөздүн күчүн билгендиктен балдарын жакшы сөз менен урушкан. Өркүнүн өскүр,  зоболоң көтөрүлгүр, бай болгур деп. Бардык айтылган сөздүн күчү  сиз эмнени гана тилебеңиз ошо ишке ашаарына ишениңиз. Бул жашоодо жыргап жашайсызбы же куурапбы бардыгы сиздин тилиңизде жатат. Эртеңки күнүңүз жакшы болсун  десеңиз, бүгүнкү күнүңүзүдү жакшы кылыңыз. Бүгүнкү күнүңүзгө ыраазычылыгыңызды айтыңыз. Башында айттык го дарыгердин биринчи куралы “сөз” деп сиз  канчалык ооруулу  болсоңуз дагы жакшы адамдар менен сүйлөшүңүз алар менен пикир алышаңыз сиздин айгышыңыз тез болот.

Сизге сөз жөлөк болот. Жакшы санаалаштарыңыз болсо алар менен сыр бөлүшүңүз же аккан суунун боюна барып шашпай отуруп алып ичиңизди эзип аткан ой санааларыңыздын баарын толук айтыңыз, ичиңиз бошоп бир топ жеңилдеп сергип каласыз. Адамдар менен  дос болом десеңиз алардын сөзүн бузбай уга билиңиз.  Урматтуу окурман  бул  газета аркылуу сиз менен ой бөлүшкөнүмө ыраазымын. Эми сизге чың ден-соолук каалайм. Ар бир сөзүңүз сизге албан ийгиликтерди алып келсин. Жашооңуз бакубат,  телегейиңиз тегиз, маңдайыңыз жарык, ууртуңуздан күлкү кетпесин. Бар болуңуз!

Айбат гезити №125




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru