Айбат » Уюлдук телефондун тарыхы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Уюлдук телефондун тарыхы

NokiaМындан кырк жыл мурун алгачкы уюлдук телефондон чалуулар болгон. Ал эми 20 жыл мурун эле уюлдук телефонду тандалгандар жана жумушуна байланыштуулар көтөрүп жүрүшчү. Ал эми көпчүлүк үчүн жапайыдай сезилчү. Азыр уюлдук телефону жок эч нерсени элестетүүгө мүмкүн эмес. Бирок уюлдук телефондун тарыхы 20-30 жыл мурун эмес 40 жыл мурун башталган.

Аны Motorola компаниясынын инженери Мартин Купер ойлоп чыгып, 40 жыл мурун 3-апрелде 1973-жылы алгачкы чалууларын жасаган. Уюлдук телефондун узундугу 22см , сүйлөшүүлөрдүн узундугу заряддалган бир аккумулятору 35 мүнөткө жетчү. Ал эми кайрадан заряддап отуруп 10 саатка чейин сүйлөшүүгө мумкүн болгон.

Азыр дүйнөдө 7 миллиарддан ашык уюлдук телефон колдонулат. Дүйнөнүн жалпы калкынын 87 пайызы колдонушат.

 

Телефондун пайдасы жана зыяны

Бүгүнкү күндө тили чыккан кичинекей баладан өйдө көтөрүп жүргөн уюлдук телефондун пайдасы менен зыяны жөнүндө маалыматыңыз барбы? Чынында ыңгайлуулугу, зарыл жумуштарды дароо бүтүргөнгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө көпчүлүгүбүз сүйүнүп, чөнтөк телефондун тийгизген зыяндарына кол шилтеп, көз жумуп келебиз.

 

Эң биринчи зыян

Компьютер, телевизорго салыштырмалуу уюлдук телефондон өзгөчө көп электромагнит чыккандыктан аны менен сүйлөшүп жатканда башты, көздү ысытып нерв системасына чоң зыянын тийгизет. Эгерде сиз уюлдук телефон менен өтө көп убактыңызды чектебей сүйлөшсөңүз иммунитетиңизге чоң коркунуч туулат. 1990-жылдары Американын окумуштууларынын изилдөөсүнө таянсак, мээсине шишик пайда болуп өлгөн аялдардын өлүмүнө дал ушул уюлдук телефон себеп болгон. Ал эми Норвегия менен Даниянын изилдөөлөрү уюлдук байланыш менен тыгыз мамиледе жүргөндөр баш оорусуна, уйкусу канбай, жиндери бат келээрин билдиришкен. Иштебей, жөн эле жаныңызда жаткан телефондун да зыяны бар экен.

 

Францияда

Францияда катуу жаан жаап, чагылган түшүп жатканда жашоочуларга уюлдук телефон менен сүйлөшүүгө катуу тыюу салынган. Анткени электромагнит менен чагылгандын мамилеси тууралуу айтпаса да белгилүү.

Швецияда кээ бир уюлдук телефондон адамдар аллергия болушат. Ушундай илдетке кабылгандарга мамлекеттик бюджеттен 250 миң доллар төлөнүп берилет. Ал акчаны алган Швециянын жараны борбордун четиндеги телефон тартпаган райондордун бирине көчүп кетүүгө акысы бар.

 

Дүйнөдө

Дүйнө жүзү боюнча 3,3 млрд телефон бар. Болжолдуу түрдө 100 адамга 158 телефон туура келет. Бир жылда 125 млн телефон таштандыга жөнөйт. Эскирип керектен чыккан үчүн эмес, колдонуп жүргөн телефону канааттандырбай, адам баласы улам жаңы чыккан моделге кызыккандыктан телефондорду таштандыга ыргытат. Бул жагынан өзгөчө Корея эли активдүү келишет экен. Анткени телефондун улам жаңы чыккан моделине ээ болушат.

 

Эстонияда

Кичи мамлекет Эстонияда шайлоо эми бюллетен менен эмес, уюлдук телефон менен өтөт. Тагыраак айтканда, эстониялыктар жактырган талапкерлерине үйдө отуруп эле смс жөнөтсө болот

Статистика боюнча кореялык өспүрүм телефондон бир жылда 20000 смс, бир күндө 60 смс жөнөтөт. Ал эми 30 бир күндө эле 100 смс жазып жөнөткөнгө үлгүрөт. Кайсыл учурда окуганга үлгүрөт деген суроо туулбай койбойт. Деги эле колундагы телефонду көпчүлүгү фонарик катары пайдаланышат. Ал эми Англияда телефон аркылуу коркутуп-үркүткөн көрүнүштөр модага айлангандай эле. Япониялыктар ойлоп тапкан мобилдик телефондон китеп окуганга да болот. Тагыраак айтканда, каалаган китебиңизди телефонуңузга жүктөп алып кайсы убакыт болбосун окуй аласыз.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №125




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru