Айбат » Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү райондорду кыдырып эт жегенден башканы билишпейт?, – Казыбек Чоротегин

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү райондорду кыдырып эт жегенден башканы билишпейт?, – Казыбек Чоротегин

11174856_636235489845276_8334219920653834646_n «Оозуна келгенин оттогон – укпаган сөздү угат» дегендей өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн аттары эле болбосо кылаарга жумуштары жок эле орган.

Сөз башынан болсун. Билбегениңден билгениң көп бул жарыкчылык заманда бийликти үстөмдүк кылгандар көбөйдү. Эттин мекени болгон Нарын облусу тууралуу кеп уралы.

Кар калың жаап ийгенсип же күн нөшөрлөп жаап жаткандай күндүн да бүркөгү бул бийликтин маанисинин жоктугунда. Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү шаардык бийлик менен райондордогу бийликтин канын соруп, битин сыгып эле келе жатат. Деги өздөрү бир алгалыктуу жумуш кылабы? качан? кайдан? … дагы канча күтөбүз. Кайда жүрбө Мамайдын көрү болуп эле райондорду ар бир ай сайын же квартал сайын өкүлчүлүктүн быжылдаган бөлүмдөрү ар тармактан барып текшерип эле жатып калышат.

Жакында эле Нарын облусунда өткөрүлгөн социалдык тармактар боюнча 2012-2013-жылдардагы калктын социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясы жөнүндөгү №755 токтомуна ылайык Нарын облусундагы бир дагы райондорунда толук кандуу иш аткарылган эмес экенин жарыяланды. Анда өкүлчүлүк тарабынан, шаардык мэрия, райондук бийликтер менен социалдык мекемелерде иштер такыр эле аткарылбай калганы айтылып бир катар райондордо жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы угузулган. Ошондой эле райондордогу администрациялардын социалдык тармактар боюнча жоопту кызматкерлери өздөрүнүн функционалдык кызматтарын так билбей турганы айтылган.

Жар-жар салды… болуп өкүлчүлүктүн кызматкерлери райондорду кыдырууда, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарын кыдырууда. Күндө майрам, күндө той дегендей эле иштерди аткарып калышканы айтпасаң да белгилүү. Себеби облустук бийликтин ар тармактуу кызматкерлери райондорду кыдырып текшергенден башка иштерди аткарбай калышкан. Бардык райондо эмне иштер аткарылып турганын жыйынтыктап эле өкмөткө отчет берип турушпаса калган кылаарга жумуштары деле жок.

Айылдарды, райондорду кыдырып барган облустагы өкүлдөр, баргандан кеткенге чейин күндө конокто, күндө эт-аштын үстүндө болуп, күндө чарт тепмей. Эгерде текшерип келген комиссияны коноктоп эт-ашыңды түйүп, түйүнчөгүнө салып бербесең балээсине калдың. Эртеси күнү облустук коллегияда ал райондо жакшы иштер аткарылбай калганы жазылган маалымкаттар окулат. Сый көрсөтүп, коноктой албагандын айынан сөгүштөр жаайт да кызматтык абалдар каралат.

Мына облустук өкүлчүлүктүн кылган кызматтары…

Болбосо өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүндө санасаң сан жеткис бөлүм менен кыбырап жүргөн кыркын толо кызматкерлер иштейт. Өкмөттүн өкүлүнүн өзүнүн жардамчысы, катчысы болсо, анын биринчи орун басарынын дагы жардамчысы, катчысы бар. Андан кийинки социалдык тармактар боюнча орун басарынын жанында да жардамчылары менен катчылары отурушат.

Андан тышкары бөлүм башчылары да кур эмес, бир канчалаган тармактар менен бирден бөлүмдөр ачылган. Алардын ар биринде кеминде 4-5тен кызматкерлер иш алып барат. Бир облусту көзөмөлдөгөнгө ушунча бөлүм менен ушунча кызматкерлердин кереги бар беле?. Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн эмне кереги бар?, санасаң сан жетпеген иштеген кызматкерлерди жойсо жоюп, же бөлүмдөрдү жапса жаап салышпайбы? Же өкүлчүлүк иш аткарбаса жоюп эле салбайбы, деген тунгуюк суроолор туулат.

«Өзү билбегендин оозуна караба» деген кыргызда жакшы кеп бар, кызмат абалдарын билбей облус районго чоң болсо, району барып айылына чоң болот. Балык башынан сасып жатса айылдагы келечек муун менен келечек жаштар кандай абалга келет. Андыктан азыртан бул кырдаалды алдын алып, алгылыктуу иштерди аткарса деген эле тилек. Болбосо мага эмне, келип түшкөн арыз даттануулар менен алардын жашыруун үнүн бийликке жеткиргенден башка эмнем бар.

Казыбек Чоротегин, Нарын облусу



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru