Айбат » Премьер Темир Сариев 3 негиз менен элдин эсинде калгысы келет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Премьер Темир Сариев 3 негиз менен элдин эсинде калгысы келет

Темир СариевЖоомарт Оторбаевдин өкмөт башчылыгынан отставка бериши менен жаңы премьер-министрди шайлоо вазыйпасы парламент депутаттарынын алдында турду. Кечеээ 30-апрелде парламенттеги коалициялык көпчүлүк бул кызмат ордуна ылайыктуу деп Темир Сариевди тапты. Ал парламент элегинен өтүп, өкмөт башчылыгына барганда жасай турган иштери, пландары тууралуу 30-апрелде эл өкүлдөрүнүн алдында сүйлөп атып, үч негизги чечкиндүү кадамдары менен коомчулуктун көңүлүндө калуу ниети бар экендигин билдирди. Алардын биринчиси, бул темирдей катуу тартип. «Эгерде катуу тартипти орнотуп, бардыгын иштегенге мажбурласак, дисциплина болсо, кийин Сариевдин учурунда ушундай талап болгон деп айтышат деп ойлойм. Экинчиси, биздин тарыхый миссия – Евразиялык биримдикке кошулуу жана андан агып келүүчү таасирлер. үчүнчүсү, таза жана акыйкат шайлоону өткөрүү. Анын жыйынтыгын жалпы элибиз жана шайлоого катышкан бардык саясый партиялардын кабыл алышы» дейт Сариев. Ошондой эле ал өкмөт башчылык кызматта азыркы өкмөттүн толук курамы менен эле иштеше ала тургандыгын да айтты. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, вице-премьерлер Абдрахман Маматалиев, Валерий Диль, Дамира Ниязалиева жана учурдагы министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрү өз ордуларында каларын билдирди. Ал эми вакансиялык орундарга – финансы министрлигине – Адылбек Касымалиев, транспорт жана коммуникация министрлигине – Аргынбек Малабаев, экономика министрине – Олег Панкратовдордун сунушталып жатканы билинди. «Мен ушул команда менен иштегенге даярмын. Алар дагы мени менен иштегенге даяр, эгерде мен сунуштаган критерийлердин негизинде иштегенге даяр болушса» дейт Темир мырза. Мындан сырткары ал 2005-жылга чейин эч кандай мамлекеттик кызматтарда иштебегендигин, жеке бизнеси менен алектенип, эч кандай коррупциялык иштерге аралашпаганын билдирди. Бирок 2005-жылдан тарта ал ошол учурдагы бийликке каршы билдирүүлөр менен чыга баштаганда аны каралоо максатында «трайболист» деген атты жабууга аракет кылышкандарын да айтып өттү. Бирок, мунун эч кандай чындыгы жок. Себеби Темир Аргенбаевич көп балалуу үй-бүлөдө чоңоюп, мамлекетибиздин түрдүү региондорунан келген балдар менен чогуу интернатта чоңойгондугун эскерте кетти.

Айбат гезити №126




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru