Айбат » Демократиянын “атасы” саналган Америкада полиция адам өмүрү үчүн жооп бербейби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дүйнө кабары » Демократиянын “атасы” саналган Америкада полиция адам өмүрү үчүн жооп бербейби?

АКШАкыркы мезгилде Батыштан каржыланган түрдүү уюмдар атайылап эле “Кыргызстанда сөз эркиндиги кысымга учуроодо, демократия тебеленүүдө” дегендей тыянактарды чыгарып келет. Анан дагы өлкөбүздө удаасы менен эки жолу болуп өткөн революциядан улам шылдыңга алгысы келген аракеттери да бар. Кече жакында эле Американын Балтимор шаарында дүкөндөрдү тоноо жана автоунааларды өрттөө менен коштолгон башаламандык болуп өттү. Анда 20 полиция кызматкерлери жабыр тартса, 250 адам колго түшүрүлгөнү маалым болду. Мындай башаламандыктын болушуна полиция тарабынан 25 жаштагы афроамерикалыктын кармалып, каза тапканы себеп болгон. Мындай наадандыкка чыдабаган жаштардын тобу бийлик өкүлдөрүнө нааразычылыктарын билдирүү үчүн акцияга чыгышкан. Алардын катарына кошулуп алган 16 жаштагы Майкл аттуу баласын таанып калган энеси Тойя Грэм аны ур-токмокко алып атып, үйүнө кубалап кеткенин журналисттер видеого тартып алышкан. Ал айым жалгыз өзү алты баласын багып чоңойтуп атканы дагы белгилүү болду. Эненин корккону полиция кызматкерлери аны дагы Фредди Грейди өлтүргөндөй өлтүрүп коюшпасын деген чочулоо болгон. Мына ушундай демократиянын “атасы” атыккан Америкадагы көрүнүш. Америкада полиция колго түшкөн адамдарды өлтүрүп койсо деле өзү биле тургандыгын тастыктап аткан жокпу? Ал эми бизде болуп өткөн эки революциянын жөнү такыр бөлөк. Мекендештерибиз эки жолу тең үй-бүлөлүк авторитардык башкарууга каршы чыгышкан. Демократияны орнотобуз деп чыгышкан. Ал тилектери орундалды. Ал эми өзгөлөргө демократиядан “сабак” өткүсү келген АКШ өз жарандары нааразычылыгын билдирүүгө чыкса, ур-токмокко алып, ал гана эмес өлтүрүп деле коерун көрдүк…

Айбат гезити №126




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru