Айбат » Башкасы бүтүп, эми Айтикеев жабышпаган улуу жеңиш калыптыр

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Башкасы бүтүп, эми Айтикеев жабышпаган улуу жеңиш калыптыр

Адилет АйтикеевАйрым журналисттер жазат десе эле оозуна келгенди «оттой» бергенди көнүмүш адатка айландырып алышты. Маселен, ашынган «өрдөкчү», сөлкөбайдын четин көрсөтүп койсоң «илибой» саясатчыны оңду-солду «бомбалап» жибергенден кайра тартпаган Адилет Айтикеев жазгы мелүүн желге «алдырып» жибергенби, айтор, улуу жеңиштин 70 жылдыгын сындап чыгыптыр. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына: «1941-жылдагы согуш эч кандай Улуу Ата-Мекендик согуш эмес! Биздин Ата-Мекенибиз Кыргызстан! Биздин ата-бабаларыбыз убагында орустун, белорустун, украиндин, литванын, латыштын, эстондун, поляктын, румындын, болгардын жана башка улуттардын, мамлекеттердин жерлерин бошотобуз деп барып курман болушкан. Орустар ушул үчүн бизге рахмат айтышы керек! Биздин аталарыбыз Улуу Ата-Мекендик согушка эмес, Экинчи Дүйнөлүк согушка катышкан” деген Адилеттин «ачылышын» окугандар жерге түкүрүп аткан кербези. Себеби ал убакта кыргыз эли, дүйнө коомчулугу жалпы фашизмге каршы күрөшүшкөн. Улуу жеңиш оңой менен колго тийген эмес, согуш оту миллиондогон адамдын өмүрүн алды. Мына ушундай улуу жеңишке сөз тийгизип, негизсиз доомат арткан Айтикеевге эмне дээриңди да билбейсиң. «Ит үрө берет…» дейин десең, ушуга окшогон «кумалактар» кырдаалга кедергисин тийгизип атышпайбы.

Айбат гезити №126




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru